Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Чек арадагы атышуу боюнча кылмыш иш козголду


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир чек арачы набыт болуп, бир жаран жараат алды.

Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан тастыкташты. Чек арадагы атышуу жергиликтүү тургундардын өзбек чек арачылары менен болгон араздашуусунан тутанганы айтылууда.

УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын билдиришинче, окуя 17-июлда кечки саат бештер чамасында Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде орун алган. Анда кыргызстандык бир чек арачы окко учуп, дагы бир жергиликтүү тургун жараат алды.

Өзбек чек арачылары менен ок атышууда набыт болгон чек арачы - 20 жаштагы Кадырбек Абдрасул уулу. Ала-Бука райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Гүлжан Асанованын “Азаттыкка” кабарлашынча, кечээ түн жарымында анын сөөгү жакындарына жөнөтүлдү. Мындан тышкары ок атышууларда оң өпкөсүнө ок тийген Көк-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 31 жаштагы Кубан Адыловго операция жасалып, азыр анын абалы канааттандырарлык.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачылары ортосундагы араздашуудан чыккан. Анда өзбекстандык чек арачылар Көк-Таш – Булак-Башы унаа жолун оңдоп жаткан жергиликтүү тургундардан талаштуу аймактардан чыгып кетүүнү талап кылган. Бул тургундар райондогу кендердин бирин иштеткен “Казакмыс” компаниясына жалданып, иштеп жаткан экен. Бирок ортодон кайым айтышуу чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышкан:

- Бул тургундарга Кыргызстандын Булак-Башы чек ар бекетинин аскерлери талаштуу аймак экенин айтып, жолду оӊдоого уруксат берилбей турганын эскертишкен. Бирок алар ишин уланта беришкен. Андан соӊ өзбек чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышканда Булак-Башынын тургундары орой жооп кайтарган. Натыйжада Өзбекстандын чек арачылары ок чыгарышкан. Андан соӊ кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарган.

Мындан улам Өзбекстан тараптан да жабыр тарткандар бар экени айтылууда.

Бул айылда телефон байланышы болбогондуктан акыркы маалыматтарды алуу кыйын болуп турат. Райондук бийлик өкүлдөрү 17-июль күнү кечинде айылга сапар алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн Ала-Буканын акими Атантай Рыскулов төмөнкүчө билдирген:

- Бул айылда телефон жок. Азыр бизге ар кандай маалыматтар түшүп жатат. Баргандан кийин тактап маалымат беребиз.

Ал ортодо Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов Өзбекстандын чек ара кызматынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, окуяны тынч жол менен чечүү тууралуу макулдашканы белгилүү болду. Учурда атышуу болгон жерге Чек ара кызматынын оперативдүү тобу чыгып, окуяны иликтеп жатышат. Ошондой эле бүгүн эртеӊ менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жалал-Абадда окуя боюнча жыйын өткөрөрүн да “Азаттыкка” кабарлады.

Ушул айдын башында эле (4-июлда) Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өткөн. Сүйлөшүүлөргө катышкан кыргызстандык өкүлдөр чек араны тактоонун жаңы форматы тандалып алынганын, ага ылайык, мындан ары буга чейин эки тарап таптакыр карала элек тилкелерди аныктоого киришерин маалымдашкан.

Кыргызстан сырткы чек араларын Кытай жана Казакстан менен биротоло тактап, бекитип бүткөн. Коңшулар арасынан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара тактала элек.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы 1 жарым миң чакырымга тете чек ара сызыгынын 300дөй чакырымы талаштуу болсо, Тажикстан менен 970 чакырымдан ашык болгон аймактын жарымы гана такталган. Талаштуу аймактарда маал-маал менен ар кыл себептерден улам чатактар орун алып келет.

ИИМдин маалыматы боюнча жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда беш, кыргыз-өзбек чек арасында төрт жаңжал катталды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG