Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:43

Коопсуздук

Баткен: Өзбекстан чек ара тосотун жылдырып алды

Өзбекстан Сох анклавындагы бир чек ара бекетин Кыргызстандын Таян айылына карай үч чакырымдай жылдырып алды.

Кыргыз-өзбек чегиндеги Өзбекстандын бир чек ара бекети, Баткен. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн)
Текст көлөмү - +
Өзбек чек арачыларынын мындай аракети тууралуу облустук бийлик да маалымдар экенин билдирип, буга кыргыз чек арачыларынын мажирөөлүгү да себеп болгонун айтууда.


Чек ара бекети эмне үчүн жылды?


Баткендин Кыштут жана Дара айыл өкмөттөрүндөгү он чакты айылдын тургундары райборборго, дегеле дүйнөгө чыгуу үчүн Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүгө аргасыз. Эгемендик жылдарында бул жерге чек ара, бажы бекеттери жайгашып, баткендиктер эми бул аймакка кирип-чыккан сайын өзбек чек арачыларынын текшерүүсүнө кабылып келет.
 Өзбек чек арачылары үч чакырым  кирип келгени боюнча Чек ара кызматынын башчысы, генерал Тиленовго кайрылганбыз. Эч кыймыл жок. Ошону жай-жайында урматтуу чек арачыларыбыз чечиш керек да. Минтип отура берсек  3 чакырым эмес 10 чакырым да кирип келишет да...
Саитжан Эратов

Бирок бир жумадан бери аймак тургундары өзбек чек арачыларын мурдакы жерден эмес, үч чакырымдай бери, кыргыз айылынан чыга бериште жолуктуруп калды. Кошуна чек арачылар Баткендин Кыштут айыл округуна кире бериштеги  “Кош келиңиздер” деген жазуудан да ичкериге кирип келген. 

Кыштуттук Тазагүл аттуу келин чек арачылардын кыйла бери жылып калганын бийликтегилер билсе да эч кандай чара көрбөй жатканына даттанды:

- Өзбекстандын чек арачылары мурда “Алинин тамы” деген жерге жакын турушчу. Азыр болсо биздин Таян айылынын четине келип алышты. Кыштут айыл өкмөтү деген жазуудан да кирип кетишкен. Өтө эле катуу текшерип жатышат. Ар кишини такып сурап текшерип жатышат. Мындай болгонун баары билип турушса да эч нерсе кылбай жатышат.


Бийликтегилер кабардар, бирок...


Кошуналардын чек арачылары Кыргызстан аймагына карай жылып алганы тууралуу облустук бийлик маалымдар экен. Губернатордун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов  Кыргызстанда  чек араны коргоо чек арачыларга жүктөлгөнүн, чек арачылар өз милдеттерин так аткарганда мындай суроолор туулмак эместигин айтат:

- Мен өзүм деле көрүп келдим. Айыл өкмөт деген жазуудан 400 метрдей ичкериге кирип алышыптыр. Мурдакы жайынан 3 чакырым дегенге мен кошулам. Негизинен бул суроону чек арачыларга бериш керек. Өзүңүздөргө маалым, Өзбекстан жарандары бир тараптуу биз тарапка кирип жатышат. А биздин бир жаран алар тарапка кирип жатабы? Жок. Ошол маселелерди толугу менен көтөрүп, биз чек арачыларга айтканбыз. Эмнегедир ал иштер алга жылган жок. Мына 3 чакырым  кирип келгени боюнча да жазуу түрүндө Чек ара кызматынын башчысы, генерал Тиленовго жеткиргенбиз. Ага да эч кыймыл жок. Ошону жай-жайында урматтуу чек арачыларыбыз чечиш керек да. Мен деле чек арачы болгом. Анан эле мындай бир ушундай багытты кармап коркуп отура берсек  3 чакырым эмес 10 чакырым да кирип келишет да. Бүгүнкү күндө биздин атуулдарды машинадан түшүрүп, бирден текшерип өткөрүп жатышат. Качан ушундай болду эле?

Аймак чек арасын өз көзөмөлүнө алган 2022 Баткен чек ара бөлүгүнүн кол башчысы Нурбек Турганбаевдин кошуна чек арачылардын бери карай жылып алышыканы тууралуу маалыматы деле жоктой. Ал бул аймакта чек ара тактала элек, демек, өзбек чек арачылары жылаарда бир нерсеге таянышса керек деп эсептейт:

- Мындай бир атайын жерлер бар да. Аны мамлекеттик каттоо кызматы билет. Бизди айыл кире беришиндеги жазуулар алдап койот. Чагымчылдыкка түртөт мындай жазуулар. Жазуудан кирип кетишти деп эле айта бергенге болбойт. Ал жер тактала элек. Бул жерге комиссия түзүп барып көрүш керек да, ошол жерде чечиш керек.

Демек облустук акимчиликтен билдиришкендей чын эле чек арадагы абалды чек арачылар эмес, жергиликтүү тургундар, же акимчилик көзөмөлдөп калгандай. Анткени, буга чейин Өзбекстан Сох анклавындагы “Девайран” деген дагы бир чек ара көзөмөл өтмө бекетин бир тараптуу жаап салган.

Макала даярдалып калганда облустук бийликтен бул маселе боюнча 25-ноябрда өзбек тарап менен сүйлөшүү болоорун кабарлашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Темирчын каяктан: Ош
01.12.2011 20:27
Коншулар ар тараптан кысып отуруп, чек ара Ак уйго жетип калат го жакында. Же ошондо да биздин чондор, Ак уйдун ичинде отура беришеби папке болуштуруп? Кызык, бир дагы СМИ же ТВ бул маселени которуп чыккан жок.Жерибизди тарттырып жатсак, Атамбаедин ант бергени, Атай Омурзаковдун бийлегени бир тыйын!!!!

кимден: кант каяктан: Канттан
30.11.2011 14:35
Ушунча макала жазылсада Ак уй мейли алар азыр алардын убакыты жок, ойлору отургуча. Орус туугандардын эн негизги душманы Саакашвилини кутуу менен алек. Бирок губернатор деген барго, КТРден чыгып орусча эмес кыйналса кыргызча суйлоп маалымат берип койсо болмок.
Ошол эле убакытты КТРдин кызматкерлери Отунбаева м-н Атамбаевдин озулору эмес эски тамдарына чейин корсотуп баштадынар. Элге ал кишлерди корсотуп элдин кыжырын кучотуп жатасынар. Ошонун ордуна ушундай оор маселелерди койсонор элдин потеттук сезими куч алып. эски тамын корсоткондун ордуна чек арада турган салдаттардын эски муздак казармаларын озу келип кормок.

кимден: Алмаз каяктан: Баткен ш.
30.11.2011 11:51
Бардык дунуйо жузундо анклавда жашаган элдердин жашоосу проблемалуу болот, ал эми бизде тескерисинче анклавдар ар дайым бизге проблемаларды жаратып келет. Бул деген биздин бийликтин чабал, кайдыгер, коркок, эрки жок, намысы жок экендигинен, элибиздин "силер, биз"деп болунуп, ынтымагы жок, ары жок пас экендигинен болуп жатат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.11.2011 03:32
uwul Eratovdu 4ek araga baw4i kilganda uwul bala 4e4mek elpek ari beri 4urkap jatip ele ozbegin dagi,tajigin dagi toygozup jerdi alip kalat ele

кимден: PATRIOT BATKEN!
30.11.2011 02:55
aybalaevden ar bir maselege ozgocho chek ara maselesine bek turgan insan qatary baalaybyz,
batken eli jalpysynan aybalaevdin gubernator bolup keluusun kaalaybyz!

кимден: kg каяктан: moskva
29.11.2011 20:48
Нурбек Турганбаев degen kim al ozunun eline kizmat kilbagan.eg ara taktala elek dep otura berebi. Erten uyundu basip kirse da taktala elek dep otura beresinbi.Eyy oigongula4i kirgizdar Sen ULUU KIRGIZ DEGEN ULUTTUN BALASISIN

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.11.2011 19:12
просто уят..
Пикирге жооп

кимден: kytai каяктан: kytai
29.11.2011 22:51
Uyatghana emes shermendechilik, prezidenttin bashky mildeti eli-jerin korghoo,a bul mildettin otoosunon chyghalbasa,anda bunday prezidentti ketirish kerek, bul miyzamgha tuurakelet. 3 chakyrym beri jyldy degendik, 50-60km² jerdi basyp aldy degenge barabar. prezidentinger uktap jataby? bundai ishge MAMdenggelde tezjoop kaytaruu kerek. siler kyrghyzdar oto shumduktuu elsinger, birer bay akcha berse anyn talamyn talashyp kiykyryp mitingke chygha koyosungar, a emne uchun bul maseleni kotorup mitingke chygha albaysyngar! tangkalyshtuu. Kana bayaghy akcha-biylik uchun kochogo chyghyp kiykyrghandar?! Kana bayaghy mekenchil bolumush atkaMinerler?! Kana bayaghy kalpele kiykyryp jurgon piketchiler jana oppozttorlor?!

кимден: Балбан каяктан: Азия
29.11.2011 19:10
1999-2000ж-ры да ушундай маселе бопгон. 100 метр кирип кеткен озбек границасын, 2 капитан,1л-нт,1 прапоршик +16солдат+10 чакты гражданский ордуна под дулою автомата койдурганбыз.Акаев,жана коргоо мин-три укса дагы ундой алышкан эмес.Губернатор Айбалаев биэге дем болуп команда берген.Айлап чечилбеген маселе 2саатта буткон.Бирок жыйынтыгы 2002 жылы мени ж-а дагы беш кадровый офицерлерди иштен бошотушкан(Акаевдин системасын ото жек корор элек). Айбалаевдин тагдырын билесинер.Офицерлердин колунан келет границаны ордуна коюп коюу. Бишкек как всегда жолтоо болот. Губернатор команда бергенге акысы жок. .Же бир кайраттуураак министр жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.11.2011 16:20
Атамбаев келип элин сатпаса эле болду.Эл кимге ишенсе болот айткылачы.
Пикирге жооп

кимден: Тоо каяктан: Зоо
29.11.2011 22:04
Эчак эле сатып жиберген.

кимден: Калдарали каяктан: Баткен
29.11.2011 09:11
Чек араны чечуу биздин атка минерлерге өтө оор болуп турат. Мына шайлоо да болду эми шайланган жаңы президент чек ара маселесин кантип чечет. Бул табышмак болуп олтурат. Биздин кыргызда бийликке келгенче ар түрдүү обещалканы айтып , иш жүзүнө келгенде аткарылбайт. Бул чек ара маселесин тез аранын ичинде чечбесе элдин миграциялык агымы өсүп жерин таштап үйүн таштап эл кете баштайт.Ал эми Роза Отунбаева президент болгондон бери бир да чек ара жөнүндө маселе козголгон жок.Сөз да кылып койгон жок. Дагы бир атка минер бар бул өзүнүн эмне кылып жатканын билбеген Токтонасыров деген бир эле көрсөң ачкачылык жарыялай коет. бир эле көрсөң сыналгыдан чыгып Отунбаевага Кыргыз Эл баатырын сунуштай коет ...
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине