Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Жалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасы тосулууда


Ноокендин Таш-Төбө айылынын четиндеги чек араны тосуу иштеринен. Жалал-Абад, сентябрь, 2013.
Ноокендин Таш-Төбө айылынын четиндеги чек араны тосуу иштеринен. Жалал-Абад, сентябрь, 2013.

Ноокендин Сакалды айылынын дыйкандары болсо Кыргызстанга таандык Таштама каналы зым тосмонун ары жагында калып жатканына нааразы.

Жалал-Абад чек ара кошуунунун жоокерлери тосуу иштерин Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагында улантып жатат. Биз барганда алар мамлекеттик чек араны бойлой кеткен Таштама аттуу каналдын бир четине бетон устундарды орнотуп жаткан экен.

Ноокендик дыйкандардын бири Рустам Абдурасулов чек аранын бекемделишин жактаганы менен алар пайдаланчу канал тосмонун ары жагында калып жатканына ичи чыкпай турат. Анткени Майлуу-Суудан башталып, Сакалды айылына дейре келген Таштама каналы толугу менен Кыргызстанга караштуу.

Дыйкан канал азыркыдай берки бетинен тосулса, дыйкандардын эгин аянттарына суу буруу үчүн тосмонун ары жагында калган каналга өтүүсү кооптуу болуп калат деп эсептейт:

- Зым тосмолорун каналдын бери жагына орнотуп атат. Эгер ушул бойдон тосулуп калса өзүбүзгө тиешелүү сууну алышыбыз кыйын болуп калат. Себеби тосулган зымдан ары жакта калган сууга өтсөң, өзбек жоокерлери атат. “Сен чек араны бузуп, өзүңдүн Кыргызстаның “бул биздин чек ара” деп таанып тоскон чектен өтүп, каналдан суу алып атасың”, - деп айтаары турган иш. Кийинчерээк кошуналар бул каналга ээлик кылышы да ыктымал. Ушул жагы эң коркунучтуу. Андыктан убактылуу болсо да азыр зым тартууну токтотуп, мамлекеттик комиссия көзү менен көрүп, бир жыйынтыкка келгенден кийин тосууну улантса боло берет. Өткөндө Сакалды чек ара бекетинин башчысына канал Кыргызстандын жеринде, андан ары жол да турат. Тоссоңор каналдын наркы бетинен тоскула. Мындай бетондолуп курулган канал азыр эч жерде жок. Биз каналды тазалай турган болок, эксковатор,тракторлор жүрүүсүнө да мүмкүнчүлүк болуш керек ,- деген ойду айткам. Ал киши буга көнбөй: “Жок, бул канал ортодо кала берет. Дыйкандар суу алчу болсо, мен автомат менен коруп берем, сууну ала бересиңер”, - деп жооп берди. Ал чек ара бекетинин башчысы башка жакка которулуп кеткенде эмне болот? Анын ордуна келгени сууну коруп бере алабы?

Кышы-жазы суу үзүлбөгөн бул каналдын жүз элүү гектарга чейин жерди сугаруу мүмкүнчүлүгү бар экен.

Канал жээгинде пахта терген аялдардын бири Зулкумар Жураева да чек аранын бекемделишин кубаттаганы менен каналдын кийинки тагдырына тынчсызданып турат:

- Тосулган чек арабыз мындан ары бекем, тынч болот. Бирок дыйкандар суу алалбай кыйналчудай болуп турат, биз тарапка суу чыкпай калып. Бул суунун этеги Өзбекстанга өтүп кетет.

Кыргыз-өзбек чек арасынын ушул Сакалды айылындагы бөлүгүндө мындан үч-төрт жыл мурун жаңжал, ызы-чуу көп болор эле. Чек ара экенин капарына албай, ал жерден ары-бери өткөн адамдарга ок атылып, жараат алган, а түгүл каза тапкандар болгон. Элдин малы менен пахтасы да уурдалчу.

Жергиликтүү дыйкандардын дагы бири Закир Мамашев эми чек ара тосулса андай окуялар да токтооруна ишенет:

- Туура, чек ара болгондон кийин тосуу керек. Бирок мен чек арачылардын башчысы менен сүйлөшүп, биз суу алаарда кантебиз десем, ал: “Чек ара каналдын ортосу менен өтөт. Кийин дарбаза коюлат”, - деп жооп берди. Наркы беттен тосууга мүмкүн эмес экен. Мурда Өзбекстан өз чек арасын тосо электе, кошуна өлкө жарандары өтүп келип пахталарды уурдашат эле, мал уурулук болот эле. Азыр эми Кудайга шүгүр тынчып калды.

Чек араны тосуп жүргөн жоокерлер болсо бизге Таштама каналы эки ортодогу бейтарап аймак болуп калаарын түшүндүрүштү. Бирок эмне үчүн чек ара суунун ортосунан же аркы бетинен тосулбай жатат? - деген сурообузга мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат жоктугуна таяп, жооп айта алышпады. “Бизге микрофонго сүйлөгөнгө, бул жерди сүрөткө, же видеого тартканга мүмкүн эмес”, - деп сыпайы гана эскертишти.

Ошентип Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чек ара тилкелери мурда өзбек жактан терең аң менен бөлүнсө, эми Кыргызстан тикенек зым менен тосуп жатат. Буга чейин Ноокен районундагы Достук, Бүргөндү, Момбеков айыл өкмөттөрүнүн такталган чек араларына тикенек зымдар тартылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG