Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Искандаров: Өзбекстан кепке келбей жатат


Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" чек ара бекети. Ош облусу, 20-июль, 2012.
Кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" чек ара бекети. Ош облусу, 20-июль, 2012.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоо иштеринин жүрүшү тууралуу суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Курбанбай мырза, буга чейин июнь айында чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын жолугушуусу өтөөрү айтылды эле. Бул жолугушуу өттүбү?

Искандаров: Бул боюнча эки жак макулдашып, өзбек тарап 24-июнда Ош шаарында боло турган жолугушууга келмек болгон. Анда эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарга чыгып, сүйлөшүүдө каралчу маселелерди бекитип, талкууламакпыз. Бирок 19-июнда Кадамжайдагы Гүпиян деген айылда өзбек чек арачыларынын огунан Баткендин тургуну каза болбодубу. Ошол окуядан соң өзбек тарап, “бул жолугушууга бара албайбыз, кийинки жолугушуунун мөөнөтүн кийин айтабыз” деп жолугушууга келбей койду.

"Азаттык": Демек, учурда өзбек тарап менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калдыбы?

Искандаров: Ооба, токтоп калды. Алар жолугушууга келбей койгон соң, биз кайра байланышып, Ошко келе бергиле, коопсуздукту толугу менен сактап беребиз деп сунуштадык. Бирок алар башка учурда эле жолугалы деп, себебин айтпай эле баш тартып коюшту. Өзбекстан менен биздин жолугушууларды өткөрүү графиги бекитилген болчу. Эми ошонун негизинде кийинки жолугушуу өтөт деп жатабыз.

"Азаттык": Ал эми тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Буга чейин июнь айында өтөөрү кабарланды эле?

Искандаров: Тажик тарап менен макулдашуу бар. Алар жакында эле 8-июлда Дүйшөмбү шаарында жолугалы деп чакыруу нотасын жөнөтүшкөн экен, биз бул мөөнөттө комиссиянын курамын бекитүүгө жетишпейбиз деп, 12-июлдан 16-июлга чейинки мөөнөттө Кожент шаарында жолугууну сунуштаганы жатабыз. Анткени биз карай турган Кулунду-Максат жолу, Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу боюнча жеринен барып көрүп, маселени чечүү үчүн сүйлөшүүнү аталган жерлерге жакыныраак Кожент шаарында өткөрөлү деген демилге көтөрдүк. Бул жолугушуу вице-премьер-министрлердин деңгээлинде болот.

"Азаттык": Буга чейин Казакстан менен чек ара такталды деп келген элек. Бирок жакындан тарта Таластын Көк-Сай айылынын тургундары Казакстанга алмашылган жерди кайтарып алууну талап кылууда. Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасыздарбы?

Искандаров: Көк-Сай боюнча Алматы шаарында жолугушуу болуп өттү. Анда биздин жарандардын суранычы боюнча 2001-жылы такталган чек ара боюнча калтырууну сүйлөшүп жатабыз. Азыр эми жергиликтүү бийлик жеринде чогулуштарды өткөзүп, бизге керектүү болгон бардык материалдарды берди. Эми биз жакын арада эки өлкөнүн комиссияларынын жыйынында талкуулап, маселени чечүүгө аракет кылабыз.

"Азаттык": Сиз чек ара боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, маселелер чечилип жатат деп айтып жатасыз. Бирок чек арада улам-улам чыр катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар катталып жатат. Мындан улам коомчулукта сиздердин ишиңиздерге нааразы болгон, чек араны тактоодо бекем позицияны кармай албай жатат деген сын-пикирлер арбын. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары деле байма-бай айтып келатышат...

Искандаров: Биздин позициябыз бекем. Эгер биздин позициябыз алсыз болсо чек араны тактоо маселеси мынчалык созулбайт эле. Бизде жүйөөлүү документтер үстөмдүк кылат алардыкына караганда. Ошол себептен, өзбек тарап да, тажик тарап да жүйөөлүү документтери жетишсиз болгондуктан, сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат. Биздин позиция өтө так, салмагы боюнча да маанилүү документтер толугу менен бизде бар. Сүйлөшүүнү акырындап жүргүзүп, маселени чечүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG