Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:42

Саясат

АКШ оогандарга Кыргызстандан товар ташууну сүйлөшүүдө

АКШ Ооганстандагы аскерий контингент муктаждыктары үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды, азык-түлүктөрдү сатып алууга ниеттенип жатат. Бул демилге транзиттик базаны калтыруу кызыкчылыгына да байланууда.

Текст көлөмү - +
“Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбордун коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, сунушту ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн байкоо максатында ушул аптада Вашингтондон Коргонуу логистикасы боюнча АКШ агенттигинин сатып алуулар бюросунун башчысы Рон МакЛарен келген. Эксперттер тобу бул маселени Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен 2-февралда талкуулады.

Палатанын вице-президенти Рима Апасованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, америкалыктар сунушун экономикалык кызыкчылыктар менен байланыштырышууда:

​​- Алар Ооганстандагы америкалык аскерлер үчүн бизден азык-түлүк, товар алгысы келип жатат. Алардын Дубайда сатып алуулар өкүлчүлүгү бар экен, бирок кымбат болуп жатат дешти. Ошондуктан бул кызматташтык бир жагынан силердин ишканага, экономикага, экинчиден, биздин аскерлерге пайдалуу болмок дешти.

Америкалык делегация ушул эле күнү Экономика жана антимонополия министрлигинин адистери менен да жолугушту. Министрликтин тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Рима Киселева кыргызстандык товарларды сатуу-сатып алуу америкалыктар менен көптөн бери талкууланып келатканын айтты. Америкалыктардын демилгеси менен эми бул маселе 24-26-апрель аралыгына болжолдонуп жаткан симпозиумда талкууланат:

- Алар Америкадан өздөрүнүн заказ бере турган ишкерлерин да  тартууну көздөшүүдө. Балким Бишкекке (симпозиумга) алар да келип, конкреттүү заказ берген тараптар менен жолугушат, шарттарды аныкташат. Кудай буйруп, контракт түзүп калышы да ажеп эмес.

Министрликтин сайтында илинип турган тизмеге караганда, Ооганстандагы муктаждыктар үчүн АКШ сатып алгысы келген товарлардын арасында Кыргызстанда кеңири өндүрүлгөн кирпич, цемент сыяктуу курулуш материалдары, жашылча-жемиш, буурчак, сүт, ун азыктары, ичүүгө ылайыкталган суу, пластикалык идиш-аяктар сыяктуу буюмдар бар. Анткен менен өз товарын сатууга ынтызар жергиликтүү ишкерлердин саны анча көп эмес. Мунун себебин Рима Киселева минтип түшүндүрдү:

- Мурда көп эле болчу. Азыр азайып калды. Алардын стандарттарына төп келбей калып, убактыбыз текке кетип калабы деп биздин ишкерлер коркуп атышат окшойт.

Экономикалык сунуштун артында эмне бар?

АКШнын аскерий базасы “Манаста” турган он жылдан ашык мезгил аралыгында жергиликтүүлөр америкалыктарды көп эле сындап келатышат. Тамак-ашынан, суусуна чейин чет өлкөлөрдөн ташып ичип-жешет, Кыргызстандын азыктарын чанышат деген да дооматтар жок эмес. Эми келишим аяктап калган кезде жаңы сунуштардын пайда боло башташын айрым адистер мамилелерди жумшартуу ишарасы катары сыпатташууда. Мындай пикирин “Азаттык” менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бөлүштү:

- Эми абал оңой эмес экенин булар түшүнүп атышат. Кетеби-кетпейби, эмне болсо да жумшагыраак натыйжа чыксын деген аракет болуп атса керек.

​​Ниязовдун болжолунда, АКШ транзиттик борборун калтыруу жаатында дагы кыйла аракеттер жасалышы мүмкүн, бирок аны кетирүү, же калтыруу маселесин Кыргызстан өзү улуттук кызыкчылыкты карап чечиши керек:

- Фергана өрөөнү өтө коркунучтуу болуп атат. Кыргызстан бүтүн бойдон калсын десек биз кылдат аракеттенишибиз керек.  Биздин ошого даярдыгыбыз барбы-жокпу, сырттан кайсы күчтөрдү пайдалана алабыз деген ойлор болуш керек. Жөн эле кетсин-калсын деген ой менен биз адашып калабыз.

АКШнын транзиттик борборунун Кыргызстанда туруу мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Борбор калбай тургандыгын президент Алмазбек Атамбаев акыркы айларда бир нече ирет билдирди.

Акыркы жолу ушул аптада АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памелла Спартлен менен жолугушууда макулдашуу мөөнөтү аяктап бараткандыгын дагы бир ирет эске салгандыгын президенттин маалымат кызматы жазды.

Буга чейин элчи транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры эки өкмөттүн акылдашканына жараша чечилерин билдирген. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордун жагдайы АКШ, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттердин катышуусунда талкууланыш ыктымалдыгын белгилеген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: chygysh каяктан: beijing
05.02.2012 19:02
emne ele ash ooturasinar....anchalik akilduu ekensiner anda kitaydin bazasin kirgizsek kantet. 3 derjavani kvartirant kilip 3nu teng koldonoluda. ech kim ech kachan bizge ech nerse deyalishpait....mumkun bolso el aralik bazalar olkosu kilali.shvetsarya banktardin olkosu bolgondoi Kyrgyzstanda Bazalar olkosu atansin. orto azyadagi eng kuchtuu olkogo aylanabiz bashinda...anan asiada..anan duynodo....kelgile ushinteli.

кимден: Студент каяктан: КГНУ
04.02.2012 18:58
Мен силерге бир жөнөкөй мисал келтирейин: Үйңөрдө квартирантарыңар бар дейли, анан бир квартирант акча жакшы төлөйт экинчиси сөкур тыйын бербейт экен.Анан үй бүлөңөрдө жакшы төлөгөн квартиранты кетириш керек деп жакшы түшүбөй бирө чыгат.Сиздерге сууро ушундай жакшы төлөгөн квартиранты силер реалдуу турмушта кетирет белеңер? Мен ойлойм реалдуу турмушта төлөбөгөн(орус) квартирант бир күн калбайт болучу, керек болсо уруш скандал менен кубаланып чыгарылмак! А биз азыркы жагдайда эмнени көрүп атабыз, билесиңерби? Жапжакшынакай(АКШ) квартиранты төлөбөгөн(орус) квартирант үйүңөрдөн кетирсин деп башты оорутуп атат, ушул кантип болсун ыйя айланайындар ушундайда болобу ыйя? Андай жакшы квартирантардан айланайын деп дагы кал баардык канфорту түзүш бериш керек эле! Дагы соода жагына тартып акча кылсын деп атса андай квартирантардан айланайын деп жакшылыкты аябаш керекда ! Ушу сөздү кичинекей окуучуга айтсаң ал силерден жакшы түшүнөт, ал эми кээбир жазган адамдардын кичине баладай акылыңар жетпейт экен.Кудай жетишпегендерге акыл бер жеген нанын көрбөй ыргыткан атат, кой жеген тамака ичкен сууга түкүрбөглө! Дөөлөт тоголок мейнет жалпак болот !
Пикирге жооп

кимден: Шыбырт каяктан: Ак-Өргө
05.02.2012 12:39
Эң эле түшүнүктүү, жөп-жөнөкөй, бирок таамай келтирилген салыштыруу экен. Дөөпөрөстөр ушундай мисалды түшүнбөсө, анда билбейм.
Америкага каршы чыгуу ооруусун негизинен Москванын телеканалдары (зомбоящиктери) таратып жатышпайбы. Экинчи жагынан мынабул кыргызды арапташтырабыз деген юбкачан-сакалчандар таратып жатышат.
Бул оорууменен көп мамлекеттер убагында ооруп, акыр аягында зыяны жок экендигин түшүнүп, айыгып алышкан.
Оорулууга айла жок да, бул оорууну убакыт кана айыктырат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 11:25
Америка базасы кетсин!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 18:01
Америка калып орус базасы кетсин!!!!

кимден: Кутман каяктан: Чыгыш
04.02.2012 09:38
Эмнеси болсо да АКШ базасы КГда калыш керек. Эгер аны чыгарып жиберсек, даана ошондо Орусияга көз каранды болуп калабыз. Орусия бизди такыр эле тоготпой калбышы учун, бул базаны колдон келишинче көпкө чейин кармашыбыз керек. Эгер Орусия менен уруша кетсек, ага альтернатива болот да. Бул базаны биз өз кызыкчылыгыбыз учуну колдонушубуз керек.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз
04.02.2012 18:05
Туппа туура айтасың !

кимден: Оштук каяктан: Санкт Петербург
04.02.2012 03:58
Ганси авиабазасын Акаев кремльдин уруксаты м/н ачкан. Россия өзү чыгарышы к/к биздин бошоң президентерди пайдаланбай.
Пикирге жооп

кимден: Кыке каяктан: Кыкестан
04.02.2012 18:11
Туура айтасың алар америкалыктар менен дос болсо өздөрү өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн киргизип алат.Эмнеге биз алардын туруксуз саясаты үчүн жакшылыктардан айрылышыбыз керек? Жок кечирип койгула жолдош орустар менен алардын кошоматчылары биз өз оозубуздагы нанды алдырбашыбыз керек! Тапкан экен оозун ачкан байкушту, керек болсо биз орустардын кулкусунан нанды сууруп чыкандай болуш керекпиз!

кимден: тентимиш каяктан: росия
04.02.2012 02:14
АКШ базасынын кетиш кетпешин кыргызстан б.а.бишкек чечпейт башынарды оорутабербегиле.аны МАСКВА менен ВАШИНГТОН келишип оздору чечет кааласа кыргыздарга 3-революся кылып берет.кааласша согуш уйуштурушат.каалашса акылы жок кыргыздарды мусулмандар жана куру намыс кыргыздар деп 2же 10го болуп биринин этин бирине жедирет.
Пикирге жооп

кимден: Азамат каяктан: Каладан
04.02.2012 18:24
Жок жаңылышасың Россиялык Тентимиш! Орустарың колунан пок келбейт алар өздөрү революция болгон атат, азыр айласы алты кетип отурган чагы! АКШ базасын калтырсак Вашингтон менен алыш бериштер көбөйөт так что сен кабатыр болбо.Карын катнаштар боло берсин достук соода байланыштар узай берсин! АКШ бай агабазды колдонуп окаат кылаберейли Кыргыздар! Акылыңар болсо атка минер чоңдор АКШ базаны кырк жылга узартыш керек!!!!!! Кудай бекер берген жакшылыкты эмнесин айамак элек!

кимден: куштар
04.02.2012 00:33
АКШ базасы 2020 жылга чейин узарыш керек

кимден: konokbai каяктан: At-Bashy
04.02.2012 00:27
Кнтип калып калсам,кимди ортого салсам,кайсы чиновнике акча берепкойсом бизди колдоп турат - деп ойлонуп турган кербези туугандар.Азык тулукту бизден сатып алганы менен Кыргызстандын экономикасы которулбойт. Мен ушуча нааразымын Акаеке , президент болбй еле койсо болмок екен ушул киши.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине