Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Блейктин сапары: башкы тема базабы?


16-17-январда Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк эки күндүк иш сапары менен келип, Кыргызстан жетекчилиги менен кездешет.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк баштаган делегация Бишкекте Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушкандан тышкары, америка-кыргыз алакаларын талкуулаган кеңешменин экинчи жыйынына да катышмакчы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

- 16-январда Роберт Блейк мырза мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушмакчы. Ал эми кеңешме 17-январда өтөт. Бул кеңешүүнүн алкагында эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири тармагы талкууланат. Маселен, анда экономикалык алакалар, коопсуздук жаатындагы кызматташуу, маданий-гуманитардык тармактагы иш-аракеттер, саясий-дипломатиялык алакаларды мындан ары бекемдөө бар.

Эки тараптуу алакаларды талкуулаган биринчи кеңешме 2011-жылдын июнь айында Вашингтондо өткөн. Кадырбеков бул жолугушууда “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борбордун мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болоор-болбосун ырастаган жок. Бирок “Америка добушу” радиосунун жазганына караганда, Роберт Блейк Борбор Азия сапарына аттанып жатып, Кыргызстан менен АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборунун мөөнөтүн узартуу боюнча да сүйлөшөрүн билдирген.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, бул жолугушууда негизги тема транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу болот. Бирок Сариев ал Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүсүнөн көз каранды дейт:

- Менимче, Алмазбек Атамбаев өз позициясын ачык айткан. Ал ошондон тайбайт. Бирок АКШнын дипломаттары транзиттик борборду калтырганга аракет кылат. Транзиттик борбор боюнча Орусия менен АКШ эле калсын деп чечпесе, Кыргызстан бир жаңсыл эле аны чыгаруу боюнча позицияны кармайт. Транзиттик борбор башка бир макам менен калышы мүмкүн. Ал АКШнын Орусия менен сүйлөшкөнүнө, тил табышканына жараша болот.

Ар ким өз көмөчүнө күл тартат

Транзиттик борбордун мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аяктайт. Атамбаев анын мөөнөтү узарбай турганын бир канча ирет кайталаган. Ал эми эл аралык маселелер боюнча талдоочу Эмил Жураев Кыргызстан АКШнын транзиттик борбору боюнча чечим кабыл алууда аймактагы коопсуздукка да жоопкер экенин эске алышы керек дейт.

- Акча же экономикалык кызыкчылыгыбызга, же Орусия менен жүргүзгөн кызыкчылыгыбызга дал келеби деп эмес, коопсуздук, ошол эле Ооганстандагы туруктуулукка, Орто Азиядагы туруктуулуктун суроолоруна жооп береби деп, ошолордун нугунан карашыбыз керек. Кыргызстанга кандайдыр бир база, мейли аны кандай атабайлы, ал Кыргызстандын аймактагы деңгээлине таасири кандай болот деп, ошого жараша чечилгени оң.

Кантсе да, америка-кыргыз жолугушуусу Кыргызстан менен Орусия ири экономикалык жана аскерий долбоорлорду баштаган мезгилге туш келүүдө. Маселен, буга чейин “Манастагы” транзиттик борбордун ордуна логистикалык борбор куруу боюнча Орусия менен Кыргызстан ортосунда сүйлөшүүлөр башталган.

26-27-декабрда “Россавиациянын” жана бир топ орусиялык авиакомпаниялардын өкүлдөрү Бишкекке келип, “Манас” аба майданынын абалы менен таанышып кетишти. Андан тышкары Орусиянын миллиондогон долларлык энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, аскерий куралдарды берүү максаттары да бар.

“Манастагы” транзиттик борбор америка-кыргыз алкасындагы негизги орунду ээлейт. Маселен, ТИМдин билдиргенине караганда, АКШнын Кыргызстандын соода жүгүртүүдөгү үлүшү болгону 3,2 пайызды гана түзөт. Ал эми эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2011-жылы 211 млн. долларды түзсө, өткөн жылдын биринчи алты айында 127 млн. доллар болуп, 9 пайызга жогорулаган.

XS
SM
MD
LG