Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Бала асыроо кайрадан күн тартибинде


АКШ -- Америкалык үй-бүлө асырап алган кыргызстандык кыз, 22-июль, 2012.
АКШ -- Америкалык үй-бүлө асырап алган кыргызстандык кыз, 22-июль, 2012.

АКШ Мамлекеттик департаменти менен Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү бала асыроо жолдорун талкуулады.

Анда АКШ Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси Сьюзан Жейкобс Кыргызстанды эл аралык бала асыроого уруксат берүүнү тездетүүгө үндөдү.

АКШга бара албай жаткан балдар

Бишкектеги жолугушууда АКШнын Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси Сьюзан Жейкобс америкалык жарандарга асыроого берүү үчүн бардык документтер бүткөрүлүп, бирок АКШга кете албаган балдар маселесин көтөрдү. Анын айтымында, мындай тагдырга туш болгон 14 баланын асырап алууну каалаган жарандар маселенин оңунан чечилишин 3 жылдан бери күтүп жүрүшөт. Мындан улам атайын кеңешчи бул балдардын маселесин тезинен чечип берүүнү өтүндү:

- Биз асырып алуу үчүн бардык документтери бүткөрүлүп, бирок бул ишке ашпаган 14 баланын маселеси оңунан чечилет деп үмүттөнөбүз. Бул балдардын маселесин өзүнчө бөлүп карап, чечип берүүнү суранабыз. Анткени бул балдар бир топ жылдан чечимди күтүп жүрүшөт.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, акыркы үч жыл ичинде 9 баланы америкалык жарандар асырап алган. Ал эми сөз болуп жаткан 14 баланы асырап алууга керек документтер даярдалып, АКШга кетээр алдында аталган министрликтеги коррупциялык жаңжалдан улам бул иш токтоп калган.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, эми бул балдардын маселеси эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жобо кабыл алынган соң гана чечилиши мүмкүн. Учурда бул жобо даярдалып бүттү:

- Биздин министрлик эл аралык бала асыроо боюнча жаңы жобо иштеп чыкты. Ага ылайык, бир катар эрежелер жөнөкөйлөштүрүлдү. Учурда бул жобону тиешелүү органдар карап, өз бүтүмүн берип жатат. Бул иштер бүтсө эле биз эл аралык бала асыроону жандандырабыз.

Жаңы жобо коррупцияны жоёбу?

Бала асыроо боюнча жаңы жобо кабыл алуу демилгеси былтыр жайда Социалдык өнүктүрүү министрлигинде кыргызстандык балдарды чет өлкөгө асыроого берүү ишинде кыңыр иштер ашкереленген соң көтөрүлгөн. Анда чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен мурдагы министр Равшан Сабиров, анын орун басары Гүлнара Дербишева камакка алынган. Андан соң чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарды асыроосу убактылуу токтотулуп, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы жетекчилиги жаңы жобону даярдоого киришкен. Бул жобо даярдалып, бирок жарандык коом өкүлдөрү коррупциялык тобокелчилик чоң деп каршы чыкканы үчүн артка кайтарылган болчу.

Учурда жаңы жобо канчалык деңгээлде жемкордукка бөгөт коёт деген суроо кабыргасынан коюлууда. Бул суроого аталган жобону иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Татьяна Левина төмөнкүчө жооп берди:

- Мыйзамдык жактан алганда коррупциялык иштерге бөгөт болчу жетиштүү механизмдер камтылды. Бул бала асырап алууда көзөмөлдү күчөтүүгө жакшы эле жардам берет. Тилекке каршы, бизде адамдык фактор деген бар да. Ошол жагынан кепилдик берүү кыйын болуп турат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы үч жылда асыроого 3607 бала берилген. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алышса, чет элдик жарандар 9 гана баланы алып кетишти. Учурда асыроо үчүн кезекте 200дөн ашык бала бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG