Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Транзиттик борбор кыргыз армиясына мураска калды


Ачкычты АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.
Ачкычты АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.

3-июнда Улуттук гвардиянын жоокерлери “Манастагы” Транзиттик борбордун ачкычын АКШ аскерлеринен символикалуу түрдө өткөрүп алды.

Аскердик базаны гвардиячылар ээлешет

3-июнда “Манастагы” Транзиттик борбордун жабылуу салтанаты болду. Эми анын имараттарына Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрү жайгашат. Улуттук гвардиянын аскерлери 3-июнда америкалык жоокерлерден базадагы имараттардын ачкычын өткөрүп алышты. Коргоо министринин биринчи орун басары Замир Суеркулов:

- Бул имараттарды ушул жерге жайгаша турган бөлүктөр колдонот. Башкача айтканда, бул жерге Улуттук гвардиянын бөлүктөрү жайгашмакчы. Азыр Улуттук Гвардиянын аскерлери америкалык аскерлер менен бирге алар чыгып кеткенге чейин бул аймакты чогуу кайтарышат. Качан Транзиттик борбордун акыркы жоокери чыгып кеткенден кийин Улуттук гвардиянын аскерлери бул жерге жайгаша баштайт. Келишим боюнча Транзиттик борбор 10-июлга чейин кетиши керек. Бирок андан эрте кетет деп ойлойм.

АКШ жоокерлери бир жумада кетиши мүмкүн

Буга чейин имараттарды өткөрүп алуу боюнча Замир Суеркулов башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Кыргыз тарапка баасы 30 млн. доллар турган темир жана чатыр имараттар, кампалар, транпорт техникалары, үй жана кеңсе эмеректери калып жатат. Транзиттик борбордон билдиришкендей, учурда базада 300-400дөй америкалык аскер калды. База туруктуу иштеп турган кезде аскерлердин саны 1,5 миңге чейин жетчү. Америкалык акыркы аскер бир жуманын ичинде чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен журналисттерге маалымдады.

- Биз “Манастагы” Транзиттик борборду жабуу боюнча кыргыз өкмөтү кабыл алган чечимди түшүнүү менен кабыл алабыз жана урматтайбыз.Транзиттик борбор жабылганга чейин биздин жасала турган аскердик багытта бир канча иштерибиз калды. Бүгүн Транзиттик борборду расмий жабуу боюнча иш чарасы болду. Менимче, бир жумадан кийин бардык аскерлер чыгып кетет.

Кызматташтык солгундабайбы?

Памела Спратлендин
айтымында, Транзиттик борбор Кыргыз-Америка алакасынын негизги бир бөлүгү болду. Бирок ал жабылып жатканына карабай, эки тараптуу кызматташтык мындан ары да улантылат.

- Бүгүн айтылган сөздөрдөн Транзиттик борбордун канчалык маанилүү болгондугун уктуңуздар. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен кыргыз өкмөтүнө жана башка бардык адамдарга 12 жыл аралыгында алар көрсөткөн колдоо үчүн өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Биз да кыргыз өкмөтүнө абдан чоң жардам көрсөттүк жана Кыргызстанды экономикалык жана демократиялык жаткан өнүктүрүү боюнча жардамыбызды уланта беребиз. Бишкекте элчиликтин жаңы имаратынын салынып жатышы биздин кызматташтыгыбыздын жаңы символу болуп калмакчы.
“Манастагы” транзиттик борбор жабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00


АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард ачкычты кыргыз тарапка тапшыруу салтанатында Транзиттик борбордун Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу миссиясындагы маанисин сыймыктануу менен белгиледи.:

- Биздин Транзиттик борборду Ооганстандын аба дарбазасы катары билишет. Биз бул 12 жыл аралыгында өтө зарыл жана кайталангыс төрт башкы максатты аткардык. Алар: абадан май куюу, жүктөрдү жана жоокерлерди ташуу, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү. 12 жыл ичинде биз май куюучу учактар менен Ооганстандын аба мейкиндигинде 33 миң жолу май куйдук. Биз ошондой эле 5 млн. 300 миңдей жоокерди ташыдык. Мындайча айтканда, Ооганстанда кызмат кылган коалициялык күчтөрдөгү жоокерлердин 98 пайызы биз аркылуу өткөндүгүн сыймыктануу менен белгилесек болот.


“Манастагы” АКШнын аскердик базасы алгач 2001-жылы декабрда ачылган. 2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жаңы келишим түзүлүп, анын аты Транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктайт. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан келишимди узартпай тургандыгын жана Транзиттик борбор өз мөөнөтүндө чыгарыла тургандыгын билдирген. Ошол эле кезде Транзиттик борбор кыргыз-америка алкасындагы негизги багыт экендигин айтып, келишимдин узартылбаганын сындагандар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG