Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Блейк: Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк Транзиттик борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Кыргыз бийлиги болсо борбор 2014-жылдан кийин жабыларын айтып келатат. Айрым саясий партиялар Транзиттик борборду чыгаруу боюнча чечимди президент жана парламент ушул күндөрү кабыл алышы керек дейт. Ал эми "Манас" аба майданы Транзиттик борбор чыккандан кийинки чыгашасын эсептөөдө.

Роберт Блейк өткөн жумада Казакстан жана Өзбекстанда жумуш сапар менен болуп кетти.

Сапардын максаты: эки тараптуу кызматташуулар жана Ооганстандагы кырдаал, бул өлкөдөн курал-жарактарды чыгаруу маселеси болгонун маалымат каражаттары жазып чыкты. Мына ошол маалыматтарга караганда, казак президенти Нурсултан Назарбаев Каспий деңизиндеги Актау портун НАТОнун жүктөрүн ташууга берүүгө даярдыгын билдирген.

Өзбекстан да бул жагынан абдан маанилүү ролду ойнойт. Анткени Ооганстандын түндүк тарабы менен туташкан темир жолу бар өлкө Өзбекстан гана. Бул боюнча Ташкент менен Вашингтондун ортосунда акыркы мезгилдерде активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым.

Ташкентте студенттердин суроолоруна жооп берип жатып Роберт Блейк "Манастагы" Транзиттик борбордун келечеги боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген. Бул сүйлөшүүлөр кандай форматта жана мазмунда жүрүп жатканы белгисиз. Болгону президент Алмазбек Атамбаев 17-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айымды кабыл алып, кыргыз-америка кызматташуусун талкуулаганы маалым.

Кыргызстан бийлиги 2014-жылы Транзиттик борбор чыгарылып, "Манаста" аскердик компонент калбаш керектигин билдирген. Бул позиция өзгөргөнү байкала элек. Ал эмес, Транзиттик борборду чыгаруу боюнча билдирүү жашыруун түрдө макулдашылып жатканы тууралуу сөздөр бар болгонун депутаттар да белгилөөдө.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев андай сөздөр чыгып жатканын ырастап, бирок комитетке расмий документтер түшө электигин билдирди:

- Бизге өкмөт тарабынан сунуш берилет. А бизге расмий эч нерсе бериле элек. Эки тараптуу ратификация болгондон кийин парламенттен каралыш керек. Бирок ар кандай ушак-айыңдар жүрүп жатат, аны так айтуу кыйын.

Президенттик аппараттын жогорку даражалуу кызматкери да бул маселе боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.

Ал эми “Манас” аба майданы учуулардын азайганына байланыштуу кирешеси азайганын айтып чыкты. Аба майдандын биринчи вице-президенти Нурлан Мамыровдун билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылдын биринчи үч айында коалициялык күчтөрдүн чартердик каттамдары 31% кыскарды. Жыл ичинде каттамдардын кыскаруусу 40% жетип, аба майданына 655 млн. сом киреше түшпөй калат.

“Манас” аба майданы бул абалдан чыгуунун жолун эл аралык аба түйүнүнө айлануудан көрүп жатат. Бирок ал үчүн 280 млн. доллар инвестиция, эң башкысы авиакомпаниялардын кызыгуусу керек. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Манас” аба майданынын жетекчилиги билдирүүдө.

Коомчулукта болсо Транзиттик борборду чыгаруу талабы улам-улам коюлуп келатат. Маселен, 30-апрелде “Элдик фронт” жана “Жөн эле” аттуу жаштар уюму Транзиттик борборду чыгаруу талабын коюшту.

Ага чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы билдирүү менен чыккан эле. Партиянын лидери Адахан Мадумаров:

- Алмазбек Атамбаев мырза 2014-жылга чейин чыгарам деп айткан. Демек, 3-июлда 2013-жылдын акыркы мөөнөтү бүтөт. Келишим боюнча 180 күн калганда бир тарап экинчи тарапка кат жүзүндө кабарлап коюш керек. 3-июль болгондо Жогорку Кеңеш күзгө чейин эс алууга кетет. Маселе кийинки жылга чейин калып калат.

Президент Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор Кыргызстандан 2014-жылдын июнь айына карай чыгыш керектигин билдирген. Бул жагынан алганда өкмөт жана парламентте дагы убакыт бар. Бирок америкалыктар сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенине караганда, анын натыйжасы кандай болоорун мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG