Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Учак кулашынан жаратылыш жабыркады


Кулаган учактын калдыктары күйүп жатат, Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.
Кулаган учактын калдыктары күйүп жатат, Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Транзиттик борбордун учагы кулаган жерге жакын Чолок-Арык айылынын эли компенсация талап кылууда.

Алар талабын күйүүчү майдан жер кыртышы жабыркап, иче турган суу булганды деп негиздешүүдө. Муну тиешелүү органдар да тастыкташты. Ал эми транзиттик борбор компенсация маселеси иликтөөлөргө жараша чечилерин билдирди.

Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын тургундары жана “Жашылдар” партиясы кулаган учак айынан жер-суу жабыркаганын билдирип чыгышты. Алардын маалыматында, 90 тонна керосин 100 гектардан ашык жерге чачыраган.

Ал эми "Манастагы" Транзиттик жүк ташуучу борбордун КС-130 маркасындагы кара май ташуучу учагы кулаган учурда, ичинде 60 тонна күйүүчү май болгону кабарланган.

Чолок-Арыктын тургуну, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Айдарбек Алыбаев булактар булганып, эл суусуз калганын айтат:

- Ал жерден бир райондун эли суу алат. Жарака кеткен да үйлөр бар, менде ушул тапта арыздар турат. Жети киши сыркоолоп, тамагы ооруду. Демек экологиялык жактан бирдемеси бар да. Учак кулап жарылган жердин эки метрине чейин керосин сиңген. Аны бирдеме менен үстүртөн сээп коюп эле кетип калышты.

Ушундай эле пикирди “Жашылдар” партиясы билдирип, өкмөттү жергиликтүү тургундарга көңүл бурууга чакырды. Айыл эли болсо АКШнын транзиттик борборунан экологияга келтирилген зыяндар үчүн компенсация талап кылууда. Бирок чыгымдын өлчөмү так эсептелген эмес.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттиги да авиакырсык экологияны кирдеткенин тастыктады. Агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, жер кыртышы жана суу лабораторияда анализден өттү.

- Суу жана жер кыртышынан үлгү алып, биздин лаборатория өз анализдерин жасап бүттү. Анын жыйынтыгына ылайык, ошол жердеги булгануу авиакеросинден болду деп айта алабыз. Суудагы жана топурактагы керосиндин өлчөмү нормадан жогору чыккан.

Ушуга байланыштуу агенттик жергиликтүү элди учак кулаган жерге мал жайбоого чакырды. Бирок кайсы жер кандай деңгээлде ууланганы тууралуу адистердин так маалыматы жок. Бул маалыматты жана келтирилген чыгымдын көлөмүн кулаган учак боюнча түзүлгөн комиссия гана аныктайт. Алар азырынча жыйынтык даяр эмес экенин билдиришти.

Ал арада кулаган учактын калдыктарын тазалоо, издөө иштери жыйынтыкталып, кара кутунун табылганы маалым болду. Кара куту иликтөө үчүн АКШ тарапка өткөрүлүп берилген. Ал эми мурда болжолдуу эки учкучтуку делген дене калдыктарынын арасында үчүнчү учкучтун ДНКсы бар экенин унаа жана байланыш министрлиги билдирди.

Транзиттик борбордун медиа адиси Акжибек Бейшебаева болсо бул иштердин баары бүткөн соң эми компенсация маселеси эрежеге жараша чечилээрин айтат:

- Кулаган учактын калдыктарын тазалоо жана калыбына келтирүү операциясынын негизги бөлүгү жыйынтыкталды. Эми анын жер менен сууга болгон таасирин аныктоо үчүн Кыргызстандын бийлиги жана жергиликтүү калк менен тыгыз иштеп жатабыз. Кыргызстан менен АКШ мүмкүн болгон бардык зыяндарды илимий жактан иликтеп, документтештирүү үчүн кызматташууда керектүү чараларды көрөбүз.

Учак кулаган жерден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан Чолок-Арык айылында 360тай адам жашайт. Бул айылдын эли мурда да транзиттик борбордун учактарынан улам мөмө-жемиштери жакшы өспөй, малдары үркүп жатканын айтып бир нече жолу жол торошкон. Азырынча өкмөттөн мыйзамдуу жол менен суранып жатканын билдирген айыл тургундары 24-майда башка райондордун жана оппозициянын катышуусунда транзиттик борборго каршы акцияга чыгышарын кошумчалашты.

АКШнын күйүүчү май ташуучу КС-135 үлгүсүндөгү учагы 3-майда Чүйдүн Панфилов районуна кулап түшкөн эле.

Тасмада: Учак кулаган учур, 3-май, 2013.

Учак кырсыкка учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

XS
SM
MD
LG