Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

“Манастагы табышмак”: жооп аз, суроо көп


"Манас" транзиттик борборунда токтоп турган америкалык учак.
"Манас" транзиттик борборунда токтоп турган америкалык учак.

АКШ Конгресси жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамада "Манас" транзиттик борборун май менен жабдыган эки компания көз боёмочулукка барганы айтылып, буга көңүл бурбаганы үчүн Пентагон жана АКШнын Мамлекеттик департаменти сынга алынды. Ал эми компаниялардын Бакиев режими менен каржылык байланышта турганы боюнча ишенимдүү далилдер табылган эмес.

АКШ Конгрессинин улуттук коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча кичи комитетинин башчысы Жон Тирни (John Tierney) жетектеген топтун жаңы жарыяланган баяндамасы “Манастагы табышмак: АКШнын Коргоо министрлигинин Кыргызстандагы отун келишимдеринин стратегиялык ак тактары” (Mystery at Manas: Strategic Blind Spots in the Department of Defense’s Fuel Contracts in Kyrgyzstan) деп аталат.

Баяндамада АКШнын Коргоо министрлиги – Пентагон менен “Манас” аэропортундагы мурдагы аба база, азыркы транзиттик борборду күйүүчү май менен жабдыган Mina Corp Inc жана Red Star деп аталган эки компания ортосунда акыркы алты жылдагы контракттардын аткарылуусу иликтенген. Ал контракттардын акчалай көлөмү 2 миллиард доллар деп эсептелген.

Пентагон менен департаменттин дарегине сын

Баяндама авторлору жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде айрымдары Кыргызстанда буга чейин эле айтылып келген он тыянагын чыгарышат.

Биринчиден, Mina жана Red Star АКШнын Кыргызстан менен Ооганстандагы армиясын авиациялык күйүүчү майдын эбегейсиз өлчөмү менен ийгиликтүү камсыздаган. Бирок компаниялар кээде АКШнын дипломатиялык кызыкчылыктарына каршы келүүчү жашыруун маанайда иштешкен.

Экинчиден, Mina жана Red Star компанияларына АКШ менен Кыргызстандын "Манасты" май менен камсыздоо тажрыйбасы бар эки жараны ээлик кылат. Кыргызстандык жарандын ысымы Эркин Бекболотов деп көрсөтүлгөн.

Үчүнчүдөн, 2003-2005-жылдардын аралыгында Red Star компаниясында президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү тарабынан көзмөлдөнгөн операторлор (фирмалар) менен субконтракттары болгон.

Төртүнчүдөн, Mina жана Red Star Бакиевдин режими менен байланышын жокко чыгарууда жана кичи комитеттин иликтөөсү аларга каржылык байланыш боюнча ишенимдүү далилдерди таба алган эмес.

Бешинчиден, Mina жана Red Star компанияларынын аткаруучу директору Орусия президент Курманбек Бакиевге "Манастагы" базаны жабууга кысым жасагандан кийин Максим Бакиев менен АКШнын Коргоо министрлигинин ортосунда ортомчу катары кызмат кылган.

Курманбек Бакиев 2009-жылы, 3-февралда Москвадагы маалымат жыйынында "Манас" базасы жабыларын айткан.
Баяндамада белгиленгендей, президент Бакиев база жабыларын жарыялагандан кийинки кризис учурунда компания ээлеринин бири Эркин Бекболотов сүйлөшүүнүн кошумча каналы катары АКШ Коргоо министрлиги менен Максим Бакиевдин ортосундагы ортомчунун жашыруун ролун аткарган. Mina үчүн америкалык базанын сакталып калышы каржылык жактан ири стимул болгон, ал эми “Максим Бакиевдин кийлигишүүсүнүн мотивдери белгисиз”,-деп айтылат баяндамада. Анда кошумчалангандай, Максим Бакиев иликтөө жүргүзгөн топтун маектешүү жөнүндөгү өтүнүчтөрүн четке каккан.

Докладдын адан кийинки тыянактарында АКШ Коргоо министрлигинин Тылдан камсыздоо боюнча агенттиги жана Кошмо Штарттардын Бишкектеги элчилиги май контракттарындагы коррупция боюнча айыптоолорго көз жумду мамиле жасагандыгы көрсөтүлгөн.

Талаштагы тараза ташы кай жакка ооду?

Mina жана Red Star компанияларынын Кыргызстандагы иши соңку жети-сегиз айдан бери Башкы прокуратура тарабынан иликтенип, бирок жыйынтык али чыга электигин эске алганда Конгресстин кичи комитетинин баяндамасы тараза ташын кайсы жакка оодарды? Биз бул суроону америкалык журналист, “Нью-Йорк Таймс” гезитинин Москвадагы кабарчысы Эндрю Крамерге (Andrew Kramer) жолдодук:

- Менимче бул баяндама америкалык салык төлөөчүлөр жана Кыргызстан үчүн да пайдалуу. Менде калган биринчи таасир бул Mina corporation компаниясы үчүн жаман. Компания Кыргызстандагы кайсы бир эрежелерди же мыйзамдарды бузганы үчүн тикелей айыпталбаганы менен Орусиядан отун сатып алуу максатында жалган документтерди колдонгону, кыргыз өкмөтүнөн да жалган документтерди алганы боюнча абдан олуттуу эскертүүлөр бар.

"Манас" транзиттик борбору.
Кыргызстандагы “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов Конгресстин кичи комитетинин баяндамасы менен таанышып чыккан. Ал “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, жогорудагы эки компания Кыргызстандын мурдагы эки президентинин үй-бүлөсүн паралаганы боюнча түз далилдерди учурда иликтөө жүргүзүп жаткан Башкы прокуратура деле таба албаса керек. Бирок Конгресс баяндамсынын Кыргызстан үчүн маанилүү жагы анда Mina жана Red Star Орусиядан күйүүчү майды Кыргызстандан алган жалган документтердин жардамы менен алып келгени далилденгендигинде:

- Негизги маанилүү факт – бул Mina жана Red Star Кыргызстанда, кыргыз бийлигин коррупциялап, ошолор аркылуу Орусияга туура эмес маалыматты берүү менен бизге абдан чоң экономикалык зыян алып келди деген нерсе далилденгендигинде. Биздин бийлик, Башкы прокуратура тарабынан ушул фактылар боюнча иликтөө жүрүп келген. Бирок ушул фактылар Америка конгресси тарабынан жарыялангандан кийин, менин оюмча, азыр тараза ташы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн ооп тургандай болуп жатат. Биз муну улантышыбыз керек.

Жасалма документтер жана Кыргызстан үчүн зыян

Баяндамада келтирилген маалыматка караганда, Mina Corp Inc жана Red Star акыркы беш жыл бою күйүүчү майды аскерий муктаждык үчүн экспортко тыюу салынганына карабай Орусиядан сатып алып келген. Орусиянын тыюусун буйтап өтүү үчүн отун аскерий максатта эмес, Кыргызстандын жарандык авиациясынын муктаждыгы үчүн колдонуларын күбөлөндүргөн жалган документтерди же сертификаттарды пайдаланып жүргөн. Бул иш Mina corp inc жана Red Star менен субконтракт түзгөн кыргызстандык фирмалар аркылуу жүргүзүлгөн.

"Газпром" компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер жана ошол маалдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов, 20-февраль, 2008-жыл
Баяндамада Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновдун 2009-жылдын июлунда Орусиянын “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллерге жазган каты келтирилет. Анда кыргыз өкмөт башчысы “Газпромдон” Кыргызстандын авиациясынын муктаждыгы үчүн Central Asian Fuel деген кыргыз компаниясына айына 40 миң тонна авиаотун берип турууну суранган. Утурумдук өкмөттө каржы министринин милдетин аткарган Темир Сариевдин айтымында, Орусиядан Кыргызстандын аты менен алынып келинип келинген күйүүчү май кайра Ооганстанга жөнөтүлүп турган:

- Менде болгон маалымат боюнча 2009-жылы Mina corporation Кыргызстанга 345 миң тонна күйүүчү май киргизген. Мындан башка 175 миң тонна керосинди реэкспорт үчүн Кыргызстанга киргизип, аны кайра Ооганстанга реэкспорт кылып жөнөткөн. Бул түздөн-түз коррупцияланышкан схема менен кеткен. Анткени Mina corporation Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге таянып, күйүүчү майды арзан баада сатып алган. Муну өздөрү кыла албайт эле. Буга мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев түздөн-түз катышкан.

Темир Сариев “Азаттыкка” курган мегинде кошумчалагандай, Орусия Кыргызстанга кетип жаткан күйүүчү май үчүн экспорттук салыкты быйыл апрелде жогорудагы коррупциялык схема билинип калгандан кийин киргизген:

- Кыргызстан канча зыян тартты деген суроого мен мындайча жооп берет элем. Ушул схеманы билгенден кийин Орусиянын өкмөтү апрелден баштап, Кыргызстанга күйүүчү майдын ар бир тоннасы үчүн 200 доллардан экспорттук пошлина киргизди. Кыргызстан орточо эсеп менен бир жылда 800 миң тонна күйүүчү май алат. Ошону 200 долларга көбөйтсөк бир жылда 160 миллион доллар кошумча салык катары Кыргызстандын атуулдарынын чөнтөгүнөн чыгып отурат. Коррупцияланышкан схеманын залакасын кыргыз эли, биздин өлкөнүн экономикасы тартып жатат. Расмий түрдө Mina corporation мыйзамды бузган жокпуз деп жатат. Ооба, анткени келишимде америкалык авиабаза майды салыксыз алат деп кол коюп алышкан.

Mina corporation өз жообун берди

Mina corporation компаниясынын иши боюнча Кыргызстандын өзүндө жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. АКШдагы Колумбия университетинин профессору Александр Кули “Америка добушу” радиосуна берген интервьюсунда, Конгресстеги иликтөөнүн жыйынтыгын жана кыргыз бийликтеринин компаниянын иштөөсүнө каршы маанайын эске алганда Mina corporationдин “саналуу эле күнү калды” деген пикирин билдирген.

Сын айтыла берет, кербен жүрө берет
Компания болсо Конгресстин кичи комитетинин иликтөөсүнүн “фундаменталдык жыйынтыктарын” кубаттайбыз деген билдирүү таратты. Компаниянын Лондондогу кеңсесинин басма сөз катчысы Жон Лав (John Lough) “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде алар Кыргызстандагы жумуш улана берет деген ишенимде турушканына токтолду:

- Менимче реалдуулук бул: Mina corporation 3-ноябрда "Манастагы" транзиттик борборду дагы бир жылга отун менен камсыздоо боюнча контракт алган. Ал АКШ армиясынын камсыздоочусу катары ишин абдан ишенимдүү жол менен улантууда. Компания бизнесте калат. Ошол эле учурда Кыргызстанда беделин сактоону жана ага тагылган жалган айыптарга жооп берүүнү көздөйт. Анткени компания Кыргызстанда анын беделине шек келтирип, каралоо боюнча атайы уюшулган өнөктүккө кириптер болду.

Президент Роза Отунбаева баштаган кыргыз бийликтери ноябрда Пентагон Mina corporation компаниясында дагы бир жылга 300 миллион доллардык контрактты ыйгарганы белгилүү болгондо, бул кадамды сындап чыгышкан.

Америкалык журналист, “Нью-Йорк Таймстын” Москвадагы кабарчысы Эндрю Крамердин пикиринде, Mina corporation компаниясынын ишине Конгресстин баяндамасында оң баа берилди деп айтыш кыйын. Пентангон аны менен келишимин дароо үзө албаган күндө деле, баяндамада келтирилген айрым айыптоолор келишимди кайра кароого негиз бериши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG