Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

АКШда билим алгысы келгендер көп


АКШдагы кыргызстандыктар, 19-май, 2012-жыл
АКШдагы кыргызстандыктар, 19-май, 2012-жыл

Кыргызстанда эл аралык билим берүү жумалыгы башталды. Анын алкагында 13-ноябрда Бишкекте "Кантип АКШда билим алса болот" деген иш-чара өттү.

Анда Американын элчилигинен, билим алууга көмөктөшкөн программалардан өкүлдөр, АКШда окуп келген студенттер тажрыйбаларын ортого салды.

Кыргызстандагы “Америка Кошмо Штаттарында билим алуу” программасынын эсебинче, дүйнө жүзүнөн келген студенттерди эң көп окуткан АКШ болуп эсептелет. Дегеле төгөрөктүн төрт бурчунан бул өлкөгө келип окугусу келгендердин саны арбын. АКШда 4 миңден ашуун жогорку окуу жайында чет элдик жүз миңдеген студент билим алат.

Ар кандай программалар аркылуу саналуу гана орундар акысыз билим алууга берилет. Бул мамлекетте акыркы жылдары билим алуунун баасы өскөн. Мисалы, Гарвардда билим алуунун наркы бир жылда 5 миңден 40 миң долларга чейин турат.

Кыргызстандыктар үчүн АКШда билим алууга жол ачкан программалар тууралуу “Америка Кошмо Штаттарында билим алуу” программасынын жетекчиси Анара Жамашева буларды айтты:

- Быйыл окуучулар үчүн Флекс” деген программа иштеп жатат. “Югард” деген студенттердин программасы эми башталат, ага 1-4-курстун студенттери катышса болот. “Сорос-Кыргызстан” фондунун үч магистратура үчүн жана бир магистратура менен докторантура үчүн аралаш программасы бар. Андан сырткары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин программалары бар.

АКШга “Югард” программасы боюнча барып келген Асел Палванова жыйында студенттерге көргөн-билгенин ортого салды. Журналистика бөлүмүндө окуп жаткан Аселдин айтымында, АКШда билим алыш үчүн негизгиси лидер экениңди далилдеп, ал өлкөдө калуу максатың болбош керек.

- АКШга бир окуу жылына барасың, ал 10 ай. Студенттерге белгилүү шарттар коюлган. Экинчи семестрде милдеттүү түрдө практикадан өтүш керек. Мекениң жөнүндө тааныштыруу иш-чарасын эки жолу уюштурушуң керек. Сөзсүз түрдө 20 саат ыктыярчы болуп иштешиң керек. Ал жакта жол билеттериңен тарта баарын төлөп беришет. Стипендия берилет.

“Сорос-Кыргызстан” фонду да кыргызстандык студенттерди, окуучуларды жана мугалимдерди АКШга билим алууга, тажрыйба алмашууга жөнөтүп келет. Бул фонддун стипендиялык программаларынын администратору Миргүл Иминованын айтымында, чет өлкөнүн программалары туруктуу болбойт. Алар жылда өзгөрүп, жаңы стипендиялык программалар ачылып турат.

- Быйыл студенттер үчүн 4 программа бар. Дагы бирөө келет деп күтүп жатабыз. Алар көбүнчө күзүндө башталат. Анан мугалимдерге тажрыйба алуу программалары кышында ачылат. Алардын баарын эсептегенде ондой программа иштейт.

Мындай программалар менен акысыз кеткен жарандарга негизги коюлган шарт – ал жакта алган билим, тажрыйбасын кайтып келип, Кыргызстанда колдонуу болуп саналат. Бирок АКШда калып калууга аракеттенген жаштар абдан эле көп экен. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кристиан Райт АКШга барган студенттердин негизги маселеси каражат дейт.

- АКШдагы студенттердин баары эле акчага муктаж. Бирок ал кыргызстандык болгон үчүн эмес. Ошондуктан акысыз билим алуу программаларын таап, маалымат жагынан көмөктөшөбүз. Биздин элчилик негизинен жол көрсөтүү, АКШнын окуу жайларына тапшыруу процесси менен тааныштырат. Американын системасын билбеген, болгондо да тилди жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн бул процесс өтө эле оор.

2010-2011-окуу жылында Кыргызстандан АКШга билим алууга 279, 2011-2012-окуу жылында 254 студент кеткен. Алар ар багыттагы кесипке даярданып жаткандар.
XS
SM
MD
LG