Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Отунбаева: БУУдан биздин да үн жаңырат


Роза Отунбаева, БУУнун жыйынында, 22-сентябрь, 2010-жыл
Роза Отунбаева, БУУнун жыйынында, 22-сентябрь, 2010-жыл

Мурдагы президент Роза Отунбаева Кыргызстандын БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчөлүккө шайланышынын мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Роза айым, Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине (ECOSOC) мүчө болуп шайланды. Мындай чечим 8-ноябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды. Сиз Улуттар уюмунун ички түзүлүш саясатын билген адам катары айтсаңыз, бул жаңылык Кыргызстанга, кыргыз элине кандай артыкчылык берет?

- Кыргызстан мындай жогорку позицияга БУУнун Башкы ассемблеясында, башкача айтканда 200дөн ашуун өлкөнүн добушу менен өттү. Бул абдан кубанычтуу жаңылык.

20 жылдан бери Кыргызстан биринчи жолу БУУнун эң кадыр-барктуу бөлүгүнө мүчө болуп отурат. Ал жерден биз “Миң жылдыктын максаттары” деп аталган эң маанилүү максаттарга кантип жетебиз деген суроолорду анализдөөгө катышып, аны башка өлкөлөрдөн үйрөнөбүз.

Биздин өлкөдө энелердин жана балдардын өлүмү, жугуштуу оорулар көп болуп жатат. Биз ошол кеңеште болуп, мына ушул маселелерди чечүүдө жакшы тажрыйбага ээ болобуз.

Ошол эле учурда биз былтыр БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүккө өтө албай калдык. Бирок бул биз үчүн чоң даярдык, тажрыйба, сабак болду. Анда 189 өлкө менен иштеп, аларды ынандырууга аракет кылганбыз. Мындай чечимдер жөн эле, автоматтык түрдө кабыл алынбайт. Алар менен сүйлөшүп, көндүрүү зарыл.

Буга кошумча болуп эле быйыл Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде төрагага орун басар катары өз ишин аяктап жатат. Биздин элчилер дал ушундай татаал иштерди аткарууга деңгээли жетип калды. Маселен, бир жыл ичинде эмне жасадык, кандай жасадык деп биздин Швейцариядагы элчибиз Гүлнара Искакова дүйнөлүк коомчулукка айтып берди.

Азыр болсо Нью-Йорктогу элчи Таалай Кыдыровдун зор аракети менен мына ушундай жыйынтыкка жетип отурабыз. Мен биздин элчилердин деңгээли кыйла өсүп, Кыргызстандs кадыр-барктуу уюмдарга мүчө кылып, бизди сүйүндүрүп жатканын белгилегим келет.

- Сиз ушул аптада Австриянын Грац шаарындагы Борбор Азиядагы аялдардын учурдагы укуктарына, абалына арналган эл аралык жыйынга катыштыңыз. Жыйындын демилгечиси экениңизди да айтсак болот. Ал жыйында Борбор Азиядагы аялдардын орду кандай бааланды?

- Бул жыйынга Борбор Азиядагы беш өлкөдөн тең аялдар, кыз-келиндер келишкен экен. Мени сүйүнткөнү - Кыргызстандан эле Грац университетинде 15 кыз-келин окуйт экен. Немис, англис тилдерин билген, сабаттуу, татынакай кыз-келиндер экен. Катышкан өлкөлөр арасынан эң көп биздин докладдар окулду.

Европа кеңешинин Борбор Азиядагы элчиси Патриция Флор экөөбүз да 45 мүнөттөн аялдардын абалы - азыркы экономикалык өнүгүүнүн күзгүсү деген мааниде доклад окудук. Бизде болгон көйгөйлөрдү айтып берип, аларды кантип чечүү керек, эл аралык коомчулуктун кызыгуусу жана жардамы кайсы жерде болушу керек деген маселелерди талкууладык.

- Учурда Кыргызстанда аял саясатчылар аз эмес. Бирок үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан, кулчулукка сатылып кеткен аялдар андан көп. Сизге окшогон аял лидерлер жалпы эле Борбор Азиядагы аялдардын абалын, укуктарын жакшыртууга кандай салым кошо аласыңар?

- Биринчиден, бизде мыйзамдар туура болуш керек. Мына Жогорку Кеңеште каралып жаткан ала качууга каршы мыйзамды биз баарыбыз, жалпы эле кыргыз коомчулугу туура деп эсептейт. Мына бизде парламенттин 25 пайызын аялдар түзүп жатат. Жакында шайлана турган жергиликтүү кеңештерде да аялдар өтөт деп үмүт кылып жатабыз. Аялдар көбүрөөк шайланса, алардын маселелерин чечүүгө аракет кылат деп ишенебиз.

- Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болгон соң, ушул жаатта көбүрөөк долбоорлор ишке ашат деп ишенсек болобу?

- Сөзсүз. Биздин муунтуп жаткан жумушсуздук, миграция, жакырчылык көйгөйлөрү, аялдарга болгон зомбулук, жугуштуу оорулар, экологиялык деградация боюнча дүйнө жүзүндөгү беш континенттен ар кандай кызыктуу, эффективдүү тажрыйбалар келет. Биз ал борборго жакын турабыз. Биздин да үнүбүз угулат. Керектүү тажрыйбаларды чогултабыз. Ошол жерде сабаттуу, түшүнө турган адамдар иштесе, бизге пайдасы абдан эле чоң болот.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG