Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргыз базарында украин товары азайды


Украинанын "Рошен" таттуулары Кыргызстанда өтүмдүү.
Украинанын "Рошен" таттуулары Кыргызстанда өтүмдүү.

Кыргызстанда өтүмдүү саналган Украинанын таттууларынын, азык-түлүктөрүнүн жана эмеректеринин келиши 15 пайызга кыскарды.

Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр бирикмесинин президенти Гүлнара Өскөнбаева анын себептери тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Украинадан Кыргызстанга келчү товарлар канча пайызга кыскарды? Бул ал жактагы коомдук-саясий абалга байланыштуу болуп жатабы?

Өскөнбаева: Биздин болжолдуу эсепте Украинадан келчү товарлардын саны 15 пайызга кыскарды. Бул анык көрсөткүч эмес. Себеби, так статистикалык маалыматтар азырынча жок. Балким бажы кызматында анык пайыздык көрсөткүч болушу мүмкүн. Бирок биздин бирикме Кыргызстанга келип жаткан азык-түлүккө анализ жүргүзгөн учурда украин товарлары азайганы даана байкалды. Украин ишкерлери менен макулдашууга ылайык, товарлардын акчасы дайыма алдын ала төлөнүп келген. Ал жактагы коомдук-саясий абалдын стабилдүү эместигине байланыштуу кыргыз ишкерлери тобокелчиликке барууну каалабай, сатып алчу товарлардын санын кыскартты. Анын ордуна Казакстандан жана Орусиядан алынчу товарлардын санын көбөйтүштү.

“Азаттык”: Кыргызстан Украинадан эмнелерди сатып алат?

Өскөнбаева: Негизинен кант азыктары, макарон, май келчү. Украин эмеректерине да талап күчтүү болчу. Ал жакта саясий абал олку-солку боло баштаганда эле товар алып келүү көрсөткүчү төмөндөгөн. Анын үстүнө Украинанын бажы бекеттери эки ай жабык болду.

“Азаттык”: Товарлардын 15 пайызга кыскарышы базар наркына эч кандай таасир этпейби?

Өскөнбаева: Жок, андай деле таасир этпейт. Анткени, украин товарларынын ордун башка мамлекеттин азыктары ээлеп жатат. Орусиядан, Казакстандан келчү товарлар көбөйүп жатканын айтпадымбы. Ошондуктан, таңкыстык байкалбайт. Ооба, азыр базарда азык-түлүккө баа өстү. Бирок ага товардын аз экенине эмес, сомдун кунунун түшүп кеткенине байланыштуу болууда. Украинадагы абал нарктардын өсүшүнө себеп болду деп кесе айтуу кыйын, бирок кандайдыр бир деңгээлде ал да таасир этиши мүмкүн.

“Азаттык”: Башка өлкөлөрдөн товар ташуу жараяны кандай болууда? Казакстан менен Орусиядан тышкары кайсыл мамлекеттердин продукцияларына талап өсүп жатат?

Өскөнбаева: Эң мыкты стратегиялык өнөктөштөрдүн бири – Түркиянын товарларына талап күчтүү. Ал жакта өндүрүлгөн азыктар жана башка буюмдар өтүмдүү. Кытай жөнүндө айтпасам деле белгилүү. Евробиримдикке кирген мамлекеттер менен да кызматташуу жакшы деңгээлде жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG