Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Украинадагы окуялардын Кыргызстандагы жаңырыгы


Украин элчилигинин алдындагы акция, Бишкек, 18-июнь, 2014.
Украин элчилигинин алдындагы акция, Бишкек, 18-июнь, 2014.

18-июнда Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында бул өлкөнүн жаңы бийлигине каршы акция өттү.

Ага удаа эле орусиялык эксперттер Бишкекте тегерек үстөл талкуусун уюштуруп, Украинадагы окуялар Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүндүгүн эскертишти. Байкоочулар Украинадагы окуялардан соң Кыргызстанда да орусиячыл маанайдагы мындай иш-чаралар жанданганын айтышууда.

Киевге жолдонгон салам

18-июнда Украинанын түштүк-чыгышындагы ок атууларды токтотууну талап кылып жана Киевдин жаңы бийлигин сындап, Бишкектеги украин элчилигинин алдына жыйырмадай адам чыкты. Нааразылыкка чыккандардын бири, Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова буларга токтолду:

- Украинанын төңкөрүш жасап келген легитимсиз бийлиги канча айдан бери өзүнүн элин өлтүрүүдө. Ал жакта фашизм, неофашизм, улутчулдукка чакырган иштер жасалып, эми болсо журналисттерди да өлтүрүп жатышат.
Аталган акцияга удаа эле “Вечерний Бишкек” гезитинин маалымат борборунда орусиялык жана жергиликтүү эксперттердин, саясат таануучулардын катышуусунда тегерек үстөл талкуусу өттү. "Интернеттеги тармактык согуш шартында Евразиянын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери" деген темадагы жыйынды Орусиядагы «Евразийцы - Новая волна» фонду уюштурду. Аталган фонддун жетекчиси Юрий Ануфриевдин сунушу менен тегерек үстөл 17-июнда Украинада каза тапкан орусиялык ВГТРК каналынын кабарчыларын бир мүнөт аза күтүп эскерүү менен башталды.

Кыргызстан - Украина: кимиси алдыда?

Талкууда Украинада “түстүү ыңкылаптын” классикалык үлгүсү ишке ашканы, анын Кыргызстанда кайталанышына АКШ жана Батыш мамлекеттери кызыкдар экени айтылды.

Саясат таануучу жана журналист, Москвадагы “Однако, Евразия” басылмасынын редактору Семен Уралов Украинадагы жана Кыргызстандагы окшоштуктарды салыштырып өттү:

- Украинада кырдаалды кантип курчутушту? Мисалы, Евросоюз менен ассоциация түзүүгө чакырышты, экономиканы олигархтар, Виктор Януковичтин үй-бүлөсү башкарып жатканын айтып чыгышты. Ошондой эле коомчулукта антиорусиялык маанайды күчөтүштү. Мен Кыргызстандын да маалымат каражаттарын карап, барактап турам. Бул жакта эмне менен дүрбөтүп жатышат? Социалдык жактан албетте, Кумтөр маселеси. Саясий жактан алганда, Кыргызстан Евразиялык интеграцияга кошулуусу керекпи, ал пайдалуубу же жокпу деген маселени көтөрүшүүдө. Ошондой эле Орусиянын таасирин айтып, чайкоочулук кылышууда. Ал эми маданий жактан болсо 1916-жылдагы Үркүндү көтөрүп чыгып, дүрбөтүшүүдө. Украинада болсо 1930-жылдардагы ачкачылыкты айтып чыгышкан болчу.

Семен Уралов түстүү ыңкылаптарды ишке ашырууда оппозиция, бейөкмөт уюмдар, эксперттер, блоггерлер жана интернет активдүү колдонулат деп эсептейт. Бирок ага элдин жакырлыгы, коррупция сыяктуу иштер да себеп болоорун кошумчалады. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Украинадагы окуяларга баа берип, Кыргызстан аны төрт жыл мурда басып өткөнүн белгилеген болчу.

Орусиялык эксперттер КМШ мамлекеттери, анын ичинде Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр түстүү ыңкылаптардан коргонушу керектигин айтышууда. Талкууга катышкан саясат таануучу Марс Сариевдин божомолунда, Кыргызстан, анын ичинде Борбор Азия чоң саясий чыңалуунун алдында турат. Ал Бажы биримдиги Кыргызстандын коопсуздугу үчүн абдан маанилүү, бирок демократиялык баалуулуктар, сөз эркиндиги жагынан артка кетүү болот деген ойдо:

- Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин көбү авторитардык режимдер. Бирок биздин азыр тандап ала турган учурубуз. Анткени кырдаал чоң чыңалууга жакындап келе жатат. Аймактык согуштар чыгат. Эгер либералдык жол менен кетсек, либералдардын куралы болуп калабыз. Ал эми кошуналар менен бирге Бирдиктүү евразиялык экономикалык аймакка кирсек, Казакстан, Орусия бизди коргоп калат. Бирок либералдык баалуулуктар, сөз эркиндигинин деңгээли түшүп кетет.

"Күнөөнү батыштан эмес, өзүңдөн изде"

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков авторитардык мамлекеттер өздөрүндөгү кемчиликтерди көрбөй, батыш мамлекеттерин айыптаган көз караш калыптанып калган деп эсептейт:

- Авторитардык мамлекеттер дайыма өздөрүнүн мамлекетиндеги революциялык кырдаалды өздөрүнөн көрбөйт. Тескерисинче, кыйынчылыктарга, ыңкылаптарга башка бир Батыш мамлекеттери түртүп жатат деп айтуу аларга пайдалуу. Адатта Батыш мамлекеттери, АКШ күнөөлүү деп айтышат. Менин көз карашымда, бир да Батыш мамлекети, же АКШ Кыргызстанда ыңкылап болушун жактабайт.

2010-жылы апрель ыңкылабынын ишке ашышына орус маалымат каражаттары чоң ролду ойногону айтылып келет. Депутат Равшан Жээнбеков Орусиянын маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы таасирине да токтолду:

- Биздин мамлекетибиз үчүн коркунуч блогерлерден, же жеке көз карашы жана баалуулуктары бар адамдардан эмес, Кремлдин гана көзүн караган, ошолордун гана пропагандасын жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынан болуп жатат. Бул биздин эгемендигибизге жана улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбеген саясат. Бизде көрсөтүлүп жаткан ОРТ,РТР, НТВ телеканалдарын эске албаганда да, Кыргызстандын өзүндө алардын саясатын жүргүзгөн жеке менчик маалымат каражаттары бар.

“Реформа” саясий партиясынын төрагасы Мирбек Асангариев болсо, Украинадагы окуялардан соң Кыргызстанда орусиялык маанайдагы акциялар жана иш-чаралар арбыганын байкаган:

- Жөн гана маалымат каражаттары аркылуу кампания жүргүзүлбөстөн, акциялар аркылуу, ар кандай талкууларга катышып, өздөрүнүн анализдерин сунуштап, кыскасы бардык аянтчаларда ушундай иш-аракеттер өткөрүлүп жатат. Украинадагы окуялардан кийин алар активдүүлүгүн күчөтүп жатканын баарыбыз эле байкап жатабыз.

Украин элчилигинин алдында Орусияны колдогон дагы бир акция 11-июнда өткөн болчу. Ал эми Бишкекте тегерек үстөл уюштурган Орусиядагы «Евразийцы - Новая волна» фонду буга чейин Бажы биримдигине кирүүгө үгүттөп, эксперттердин деңгээлинде жолугушууларды уюштурган.
Украин элчилигинин алдындагы акция, Бишкек, 18-июнь
Украин элчилигинин алдында пикет өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

XS
SM
MD
LG