Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

“Карион ЗиЛ”: талаштын төркүнү эмнеде?


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Ысык Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жайгашкан “Карион ЗиЛ” лыжа базасынын аткаруучу деректири Акбар Рыскулов реанимацияга жатып калды.

Ал өзүнүн саламаттыгынын начарлашына жергиликтүү жаштардын опузасы себеп болгондугун айтууда. Акбар Рыскулов реанимацияда жаткандыктан өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин “Вечерний Бишкек” гезити Рыскуловдун айткандарына шилтеме берип жазганына караганда, айыл жаштары жолду оңдоо, базадагы орус улутундагы жумушчуларды кызматтан кетирүү, жыл сайын ар бир үй-бүлөгө миң доллардан төлөп берүү сыяктуу бир катар талаптарды коюп, аны опузалашкан.

Ушундай басымдардан кийин директордун жүрөгү кармап, ооруканага түшүп калгандыгын Рыскуловдун уулу Руслан “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, база чуусу тууралуу Рыскуловдон башка эч ким комментарий бере албайт.


Эки тарапты жоолаштырган жол

Лыжа базасы жайгашкан Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарынын башчысы Тилек Кыдыралиев база жетекчилигине жолду оңдоодон башка бир да талап коюлбаганын айтып, Акбар Рыскуловго карата эч кандай коркутуу-үркүтүү болгон эмес деп ишендирүүдө. Анын айтымында, айыл жаштары 13-октябрда улак тартыштан кийин базага барып, убада кылынган жол эмнеге оңдолбой жатканын сурашкан.

- Айыл элинин бир эле талабы бар: 4 жылдан бери айыл аркылуу базага кеткен жолдун тамтыгы чыкты. Ошону оңдоп берсин деп жатабыз. Акбар Рыскулов былтыр эле оңдойбуз деп убада кылган. Аны эч ким опузалаган эмес. Рыскулов атайын эле ушак таратып жатат. Жолтандабастар тынбай өтө берип жол ойдуң болуп калды. Ошонун айынан жол кырсыктары да катталып жатат. Рыскуловдон миң доллар эмес, бир сом да сураган эмеспиз.

Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Эстебес Сатылганов элдин талаптары туура деп эсептейт. Анын ырасташынча, лыжа базасына генерал-майор Курманбек Кубатбеков жана ЖК депутаты Турсунтай Салимов кожоюндук кылышат. Бирок элге пайда келтирерлик иш жасабай, түшкөн пайданы жеке кызыкчылыктарына гана бурууда.

- Негизи Үч-Эмчектин эли абдан ынтымактуу. Талап-тоноого жол бербейт. Эми базага мындай күндөрү 500, дем алыш күндөрү 2 миңге чейин киши келет. Бир билеттин баасы 800 сом. База ээлери ызылдата бербей, 2 чакырымга жетпеген жолду жөн эле оңдоп коюшса болмок. Эл асфальт төшөгүлө деген жок, болгону шагыл төгүп бергиле деп жатат.

Мыйзам иштебесе, инвестор качат

Ал ортодо укук коргоочулар жана бизнес өкүлдөрү жергиликтүү эл ишкерлерди талап-тоноп, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып чыгышты.

Ишкерлердин айтымында, Кумтөр баштаган кендердин, “Радуга”, “Карион ЗиЛ” сыяктуу эс алуу жайларынын айланасындагы ызы-чуулар, элдин жапайы талаптары жергиликтүү ишкерлерге бут тосуп, чет элдик инвесторлорду качырат.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу деректири Актилек Түнкатаров “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Көптөгөн инвесторлор Кыргызстандан кетип жатышат. Акыркы 3 жылда бизге бир эле ири инвестор келди. Азыр көптөгөн ишкерлер лицензия алып коюп күтүп турушат. Алар өлкөдө туруктуулук болмоюн тобокелчиликке баргылары келбейт. Инвесторлор инвестициянын келечеги кандай болот деп чочулап жатышат. Жергиликтүү элдин опузасынан чочулаган инвесторлор Монголия сыяктуу өлкөлөрдү тандап жатышат.

Экономикалык талдоочу Азамат Акелеевдин айтымында, эл менен ишкерлер ортосундагы мамиленин курчушуна мыйзамдардын иштебей жатышы жана тартип коргоо кызматтарынын алсыздыгы себеп болууда.

- Акыркы учурда ишкерлердин мүлкүнө жана өмүрүнө коркунуч келип жатат. Айрым учурларда ишкерлер колдоруна курал кармап, өз мүлкүн коргоп калууга мажбур болуп жатышат. Жергиликтүү эл Кумтөрдөн баштап, туристтик базаларга чейин кол сала баштады.

Талдоочунун айтымында, ишкерлер менен жергиликтүү калктын мамилесин жөнгө салуу үчүн бийлик элдин социалдык муктаждыктарын жөнгө салуу жаатында ырааттуу саясат жүргүзүшү керек.

XS
SM
MD
LG