Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:40

Маданият

Дубайдагы кыргыз боз үйү

Бул күндөрү Дубайда өтүп жаткан эл аралык “Global Village” ("Аалам айылы") көргөзмөсүндө кыргыздын боз үйү тигилип, кыргызстандык уз-чеберлер да катышууда. Бул көргөзмө тууралуу Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугунун консулу Учкун Эралиевди кепке тарттык.

Көргөзмөдөн бир учур.
Текст көлөмү - +

- Учкун мырза, Дубайдагы «Global Village» көргөзмөсүнө кыргызстандыктар да катышып, кыргыздын боз үйү тигилген экен. Сөздү ушул көргөзмө тууралуу баштасак.

- «Global Village» көргөзмөсү былтыр ноябрь айында ачылган. Ал быйылкы жылдын март айына чейин иштейт. Муну Дубайда жыл сайын өтчү эл аралык фестивалдык кыштакча деп койсок болот. Фестивалдын  администрациясынын маалыматы боюнча, көргөзмөгө бул жолу жалпысынан 4,5 миллиондон ашуун адам келиши күтүлүп атыптыр. Быйыл ага 25тен ашуун өлкө катышып жатат. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен көргөзмөдөгү жалгыз мамлекет. Акыркы жолу кыргыз боз үйү бул фестивалдык кыштакчага 2006-жылы тигилген экен. Ошондон бери Араб Эмираттарында кыргыз көргөзмөсү ачылган эмес.

Көргөзмөдөгү кыргызстандыктар: ортодо консул Учкун Эралиев (солдо) менен ишкер Кубанычбек Төрөбаев (оңдо).
​​
Былтыр күзүндө Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу, Дубайдагы кыргыздын ишкер жигиттери чуркап жүрүп, ушул көргөзмөнү ачууга жетиштик. Көргөзмөнү уюштуруу иштерин Бишкектеги сооданы өнүктүрүү палатасы колго алып, биз менен бирге иш алып барды. Көргөзмөнү ачууда өзгөчө Дубайдагы кыргыздын ишкер жигиттеринин бири, Кыргызстандын экономика министрлигинин БАЭдеги өкүлү Кубанычбек Төрөбаевдин эмгеги зор болду. Анын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Эмират өкмөтү тарабынан кыргызстандыктарга боз үй үчүн бекер жер бөлүнүп берилди.

- Көргөзмөгө кимдер катышууда, боз үй менен кошо дагы кандай буюмдар коюлду?

- Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча CACSARK.KG коомдук уюмунун алдында түзүлгөн ресурстук борборунан уз-чеберлер катышып, жибек, кийизден колго жасалган кийим-кечеден баштап, үй тиричилигинде колдоно турган буюм-тайымдарды көргөзмөгө коюп жатышат.
 Эмиратта иштеген дизайнерлер кызыгып, кыргыздын оймо-чиймелери, этникалык сүрөттөрү менен үй жасалгасын жасоо демилгесин көтөрүп атышат... 

Бул буюмдарда кыргыздын салттык оймо-чиймелери, ошондой эле архаикалык, этникалык элементттери камтылган. Эң негизгиси - материалдары да жалаң колго жасалган. Кыргыз көргөзмөсү Эмиратка келген туристтердин да, жергиликтүү калктын да чоң кызыгуусун жаратып атат. Чындыгында бул сүрөт, оймо-чиймелер кыргыздын бай тарыхындагы маданиятын, кулк-мүнөзүн түшүндүрүп тургандай эле таасир берет.

Ошондой эле Кыргызстандан бал алып келишти. Бул жакта балдын консистенциясына, накталыгына, ар кандай түрүнө чоң баа берип жатышат.

- Кызыгуу кандай болуп жатат, көргөзмөгө кимдер келип жатат?

Көргөзмөдөн бир көрүнүш.
​​
- Бириккен Араб Эмираттары – туризм, бизнес, рээкспорт менен экономикасы гүлдөп өсүп жаткан мамлекет. Андыктан бул жерге туристтер да, бизнес чөйрөсүндөгү адамдар да, жергиликтүү калк да көп келет. Кыргызстандын продукциясына ар тармактан кызыгуулар көп эле болуп атат. Туристтер сувенир, кийим-кечени өздөрү үчүн алышса, бизнес чөйрөсүндөгүлөр тарабынан кээ бир буюмдарга абдан чоң кызыгуу болуп атат.

Дегеним Эмиратта иштеген дизайнерлер кызыгып, кыргыздын оймо-чиймелери, этникалык сүрөттөрү менен үй жасалгасын жасоо демилгесин көтөрүп атышат. Буюрса жакын арада айрым чет өлкөлүктөрдүн үйлөрү, кеңсе жасалгасы кыргыз маданиятын камтышы толук мүмкүн.

Кыскасы биздин боз үйгө кирип, буюмдарды, сүрөттөрдү көрүп, балыбызды ооз тийген ар бир көрүүчү суктануу менен эле кетип атышат. Алар Кыргызстан жана анын жаратылышы тууралуу көп суроолорду берүүдө. Турист катары барабыз дегендер абдан эле көп. Айрыкча Кыргызстандын жеринин кооздугуна суктанып жатышат. Боз үйдүн жанына Кыргызстандын жаратылышын көрсөткөн техникалык каражаттар да (TV, DVD, плакаттар) коюлган.

Кыргыздын улуттук кийимдерин кийген, араб, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн кыздарыбыз боз үйгө келгендерди боорсок менен тосуп алып жатышат. Жалпысынан бул көргөзмөгө Кыргызстандан отуздан ашуун адам катышууда.


Дубайдагы көргөзмөдөн сүрөт баян

​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: mrskg каяктан: saud arabia
09.01.2012 03:08
Былтыр Дубайда жашаган бир тууганым экообуз барган элек. Ал 5 жыл мурда Глобал Виллиж башталганда боз уй жана кыргыздын буюм-тайымдарын алып чыгам деп чуркап журуп, бирок биздин консульство жардам бербей койгон экен.
Азаматсынар!!! ЧОн-чон ийгиликтерди каалайм, фестиваль буткучокту кудай буюрса барсам, созсуз турдо бардып келем.

кимден: эдигей каяктан: россия
07.01.2012 03:27
башка элде,башка жерде жургондо озуңдун журтташтардын Кыргыздын атын чыгарган уюштуруучуларга чон рахмат айткым келет.ишинерге албан-албан ийгилик каалайм.

кимден: Altynay каяктан: Qatar
06.01.2012 11:52
Chon iygilikterdi kaalaym,choon rahmat uyushtruuchularga

кимден: Kyraaky каяктан: Alystan
05.01.2012 18:55
'Global' - Глобал деген сөз англис тилинен которгондо "Дүйнолук" дегенди түшүндүрөт. 'Village' - дегени 'айыл' же 'кыштак' билдирет. Бирок азыркы учурда 'кыштак' деген соз эскирген создордун катарына кирип, сейрек колдонулуп жатат. Лингвистика илиминде эскирген сөздөрдү "Архаизм" деп айтат. Ошондуктан, 'Global Village' - "Глобалдык Айыл" же "Дуйнөлүк Айыл" деп айтса туура болот.
Пикирге жооп

кимден: Kyraaky каяктан: Akystan
06.01.2012 08:37
Аалам деген сөз Галактика (Galaxy) дeп которулат

кимден: aziret каяктан: egypt
05.01.2012 18:19
azmatsynar kyrgyzdardyn dankyn dagy kotoro bergile

кимден: Tumar каяктан: Korea
05.01.2012 17:01
Azamattar dese ushundai Kyrgyzdyn saltyn jana Kyrgyzdy duinogo taanytkanyngar uchun allax koldosun ishingerge iygilik dubaidagy elchilikke jana ishkerleribizge ishenim artkandai sezilet ishingerge iygilik aman bolgula!

кимден: Акбалбан каяктан: ОАЭ (Дубай)
05.01.2012 11:02
Жакшы жанылык, атайын барып кордум боз уйду, Кыргызстанда жургондой сездим озумду: боз уй, боорсок, комуз менен коштолгон кыргызча ыр (козумдон жаш тегеренип кетти), ал жерде иштешкен кыргызстандыктар менен маектештим, боорсок жедим, балдан даам тийгизишти, укмуш экен бал, арабтар тамшаным кетип жатышат, кыргыздын балын жегендер, рахмат уюштургандарга (консулдука, бишкек соода палатасына, соода окулдоруно ж.б.), каалоом - ушуга окшогон иштерди кобойто бергиле, кыргызстанды дуйного таанытып.

кимден: Жоомарт каяктан: Москва
04.01.2012 14:47
Азаматтар, жакшы иш болуп жаткан турбайбы. Ошентип кыргызды тааныта бергиле, албетте жакшы жагынан.

кимден: Асан каяктан: Бишкек
04.01.2012 11:41
Жакшы жанылык экен. Дубайдагы биздин консулдук иштей баштаган го. Болт экен го ушундай иш кылса.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)