Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:36

Эркиндик

Пахлавадан чыккан чыр

Жаш укук коргоочулар Жогорку Соттун алдында “Түрк жаранынын зомбулугуна кабылган кыргыз кызынын укугун тебелетпейбиз” деген ураан алдында акция өткөрүштү.

Текст көлөмү - +
Ал арада Жогорку Сот Чолпон Орузбаевага кол көтөргөн Гүнеш Йылмаздын иши боюнча өкүм чыгарып, Йылмазды соттук териштирүү бүткүчө эки ай убактылуу тергөө абагында калтыруу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми Бишкек шаардык соту түрк жаранын камактан чыгарып, азыр Гүнештин кайда экени дайынсыз.


Жаштар Кеңеши деп аталган уюмдун мүчөлөрү Жогорку Сот алдына чыгып, колдоруна “Акыйкаттык кайда?”,  “Абийирибизди акчага сатпайбыз!”, “ Сатылма сотторду сотко!” деген ураандарды кармап турушту.

Уюмдун мүчөлөрү кыргыз кызы Чолпон Орузбаевага кол көтөргөн Гүнеш Йылмаздын иши боюнча адилет чечим чыгарууну Жогорку Соттон талап кылып жатышат.

Кеңеш жетекчиси Мавлян Аскаров Кыргызстанда “чет элдиктердин кыргыз жарандарына зомбулук көрсөткөн учурлар арбын” экендигин белгилеп, бирок көбү жазасыз калып жатат деп, ал үчүн сотторду күнөөлөп өттү
   Гюнеш Йылмаз мени тепкенде ичегим айрылып кеткен экен. Күндүз шок абалында жүрө берипмин. Сызылып чыга берип кечкиге бир жерге чогулуп кан уюп калыптыр. 

- Ички иштер министрлигинин, сот системасынын шалаакылыгынан жана сатылуу принциптери менен иштешинин негизинде башка мамлекеттин жарандары биздин мыйзамды, жаранарды сыйлабай ушундай кордук, зомбулуктарды көрсөтүп, мыйзамсыз иштерге барып атат.
 
Түрк жараны Гүнештин колунан запкы жеген Чолпон Орузбаеванын окуясын кыргыз журтуна "Азаттык" айтып чыккан. Эмесе окуянын таржымалын эсиңиздерге сала кетсек.
 
Ооруканадан ооруканага  

16-апрелде Бишкектеги “Бета-Сторес-3” соода борборунда иштеген 36 жаштагы Гүнеш Йылмаз кол алдындагы Чолпон Орузбаеваны урганы тууралуу кабар келип түшкөн. Чолпондун айтымында, Йылмаз ага “эскиси сатылбай турса жаңы пахлаваны сатасың” деп ачууланыптыр.

- Мурда тийишип мейманкана, кафелерге чыкырып жүргөн. Эки-үч жолу кагып койгом. Катуу сөздөр менен эле айтып койгом, оюмда эч нерсе жок. Анан эле чыкты, "эскирип кеткен пахлаваны сатпай, жаңысын сатасың" деп себеп тапты да, ошондон уруп-согуп кирди.

Гүнеш Йылмаз мени тепкенде ичегим айрылып кеткен экен. Күндүз шок абалында жүрө берипмин. Сызылып чыга берип кечкиге бир жерге чогулуп кан уюп калыптыр.


Кийин Чолпон милиция чакырып, арызын жазып берген. Үйүнө кайтып, бирок кечке маал саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилип, эки күн реанимацияда жаткан. Ошентип кыз баш-аягы 17 күн ооруканада болгон. Соттук-медициналык экспертиза “Орузбаеванын денесине оор жаракаттар келтирилген” деген корутундусун чыгарып берген.

Ал арада Биринчи май райондук соту Йылмазга карата Кылмыш кодексинин 104-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга ылайык түрк жараны кеминде 5-8-жылга чейин эркинен ажырамак. 

Бирок Гүнеш Йылмаз Бишкек шаардык сотуна даттанып, экинчи инстанциядагы сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылган.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Людмила Нарынбаева Гүнеш Йылмаздын иши боюнча сот мыйзамдык негизде чечим чыгарганын “Азаттыкка” билдирди:

- Баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап жаткан сот эки маселеге көңүл бурат: баш коргоо чарасы өзгөтүлүп жаткан адам тергөө иштерине жолтоо боло алабы же качып кетүү коркунучу барбы? Бул иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан адам бардык териштирүү иштери соңуна чыкканын айтып, “бул адам эч кимге жолтоо кыла албайт, ал качып кетет дегенге негиз жок”- деп айтты.

Анда Гүнеш Йылмаз кайда?

Бул чечимге канааттанбай калган Чолпон Орузбаеванын туугандары жана адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышкан. 7-июнда Жогорку Сот баштапкы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, Гүнеш Йылмаз эки ай бою алдын ала тергөө камагында – СИЗОдо кармалууга тийиш. Бирок түрк жараны сотко келбеди. Анын адвокаты келип, Гүнеш тууралуу маалымат айтпастан кетип калды. Ал иштеген “Бета-Сторес” соода борборунан Гүнеш Йылмаз 1-июндан тарта иштен бошотулганын билдиришти.

Йылмаздын кайда экени тууралуу Бишкектеги Түркия элчилиги комментарий берүүдөн баш тартууда. Ал эми андан зомбулук көргөн Орзубаеванын жакындары “Йылмаз өлкөдөн чыгып кетти” деп чочулап жатышат. Чолпондун агасы Курманбек мындай божомолун ортого салды:

- Биз адвокаттарды жалдап атканда айтышты, буга чейин ушундай эки окуя болгон деп. Паспорту бул жерде алынган күндө деле булар Казакстан аркылуу чек арада 300 доллар берип өтүп кетет дейт. Анан тигил жерге барганда элчилик аркылуу “паспорт жоголду” деп эле жаңысын алып кетип калат экен. Ошондон улам биз да чочулап атабыз, бул да чыгып кетпейби деп.

Кыргызстанда жергиликтүү көптөгөн жаштар чет элдик компанияларга жалданып иштешет. Иш берүүчү менен жалданма жумушчулар ортосунда буга чейин ушул өңдүү окуялар катталган.

Серепчилер жалданмалар өз укуктарын билбегендигин жана эмгек тартибин буза тургандарын, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн ээн баштыгынан ушул сыяктуу окуялар катталат деп эсептешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Caira каяктан: ош
03.07.2011 12:45
Адилетсиз чечим чыгарган соттор жоголсун!Намысы жок акчага сатылган чиновниктерге,күнөлүү түрктү кое бергендерге наалат.

кимден: апа каяктан: бишкек
12.06.2011 13:30
Турк кылмышкерди актап чыгарып ийген Сотту жоготуу крек!!! Ал соттун кызы жок болуш керек!!! А бета сторести тим эле кыргыздын центринде эн жакшы жерди 7 микрорайондогу Паркты берип килтейтип соода борбор курдуруп туркторду тайрандаткан Усон Сыдыковго данияр усеновго дагы бир жолу НААЛАТ!!!! Эмне Кыргыз бизнесмендери жок беле ушу жерди алып оздору курганга!! Пайданы алар коруп атат да!!! Эми мын конокторубуз эркелеткен оз кыздарыбызды сабап кордоп атат!!! НАМЫС КАЙДА ЖИГИТТЕР??????

кимден: O'SHLIK O'ZBEK каяктан: KYRGYZSTANYM VATANIM
11.06.2011 11:22
Kyrgyzcha: Myndai problemalardyn baary adamdardin biri birin oiloboi tolko ozum bolsom dep kalganyndan 4ykvatat... Oy elim kelgile biri biribizdi jakwylykka 4akyryp jamandyktyn aldyn alayly 4y.. Ka4anga4eyin kordolup, bawy aylanyp, iymanibizdi unutup jurobyuz??? Iyman bolso Adam Rossiyada da Amerikada da ozun ozu karmap jurot.
O'zbekcha: Bunaka problemalarni hammasi odamlar biri birini oylamasdan fakat ozim bolsam dep kolganlari u4un 4ikmokda... Ey halqim bir birimizni yaxshilikka chawirib yomonliki oldini olaylik...
Ka4onga4a xo'rlaniib, boshi aylanib, iymonimizni unutub yuramiz???
Iymon bolsa odam Rossiyada ham Amerikada ham ozini ozi tiyip yuradi..

кимден: Antiseparatist каяктан: Bishkek
10.06.2011 05:12
Turk albette kunooluu! Birok kyzda da kunoo bolso kerek..., bilebizgo Bishkekte kyzdarybyz turktordun chontogu uchun emnege kana barbait...korup ele jurboibuzbu.
Al emi Moskvada, Rossiyada jurgon Kyrgyz kyzdaryn kordum. Korungon tajikpi, azeribi, ozbegibi...korungonu menen jurushot. Ata-enelerge kairylam. Ailanaiyndar! Boigo jetken kyzdarynardy Rossiyaga jonotpogulochu! Buzulup buttugo alar! Akcha tapsyn dep ele kyzdarynardyn tagdyryna balta chaapberesinerbi???!!!
Пикирге жооп

кимден: Nurbek каяктан: Bishkek
21.06.2011 10:34
Bul jakta kyzdardyn jyryshy turushy jonyndo soz bolgon jok. Sen janagy satylyp ketken SOT menen Tergoochydoi soz syilop jatasyngda. Saga okshogon aa dese BB degender Kyrgyzstanda kop, oshon ychyn jogorudagydai korynyshtor bolup jatat.
Пикирге жооп

кимден: кыргыз бала каяктан: москва
10.06.2011 22:40
ооба мен да айтканынызга толук кошулам. кыздарыбызды четке чыгарбайлы. бузулуп кетип атышат

кимден: ыя?
09.06.2011 23:28
Адилетсиз Сот системасын жоюп Адилеттууроок криминал системасын орчутсок...

кимден: Jypar каяктан: USA
09.06.2011 11:37
Ar bir maselenin eki jagy bar. Kyrgyzdyn kyzynyn ushul abalga kelishine emne sebep boldu? jon jaidan ele urup tepkilei ketpese kerek, anda emnege kollegalary un katpait? demek al kyzdyn ozundo da aiyp bar. bizdin satylma sottordu sottosh kerek, buga soz jok! birok maseleni bashka taraptan karaganda bul kyz bir misal, men al kyz jonundo da al turk jonundo da ech nerse bilbegendigime bailanyshtuu, eki tarapty birdei ukmaiyn jyiyntyk chygara albaibyz, Kyrgyzymdyn KYZDARY, altynga bergis JIGITTERIBIZ bar, namysyngarga bekem tursangyzdar, silerdi bashka eldin jigitteri ech kachan alarchalyk syilai alyshpait!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.06.2011 07:37
ооба, кур кыйкырыкты коюп, кичине териштириш керек да. ар кимге асылганга эле кыйыбыз. кыргыздын канча кыздарын кыргыздын эле эркек сөрөйлөрү сабап, зордоп жатат, причем күнүгө. травматалогияга баргылачы, почти баары токмок жеген кыргыздын кыз-келиндери! кичине сабыр кылгылачы.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.06.2011 23:22
Айланайын элим! Турмушка чыга элек кыздарынарды шаарга жонотпогуло. Чет олкого чыгарбагыла. Ото коп ыплас иштер болууда. Озунор билесинер германиядан бир кызыбыз олуп келди го. россияда канчасы турк фирмаларында кор болууда
Пикирге жооп

кимден: Nurgul каяктан: Bishkek
21.06.2011 10:35
Kyrgyzstanda dele kanchalagan kyzdar kyrgyz ele kyioolorynon tepki kanchasy zapky jep, kanchasy olyp jatat.

кимден: Канат каяктан: Европа
08.06.2011 20:06
Биздин МИЛИЦИЯ менен СОТко даңк жана дүңк !!!

кимден: Ernur каяктан: Korea
08.06.2011 20:05
Bulardyn jazasyn sot pot milisia jana ushul siyaktuular ech ubakta bere albayt .

кимден: Агент 996
08.06.2011 18:59
Кыргыз кайсыл жерде болбосун кордолуп журоберебизби акыйкат керек, мындай сотторду жоготуш керек. Баардык Кыргыздар эмне колдоп чыкпайсынар, Жее эмне акча берселе бироону жумушка коюш учун эле митинке чыгабызбы, Кыргыздын намысы учун, келечеги учун, оз ыктыярыбыз менен эмне чыкпайбыз, биримдик жок!
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)