Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Түркиялык Pegasus кыргыз рыногуна кирди


Кыргызстан менен Түркия ортосунда жаңы аба каттам ачылганы жатат. Март айынан тарта “Эйр Манас Эйр” компаниясы Бишкек – Стамбул багыты боюнча аптасына жети ирет каттай баштайт.

“Эйр Манас Эйр” авиакомпаниясы 21-марттан тарта Бишкек-Стамбул багытындагы жаңы аба каттамы ачып, жүргүнчүлөрдү ташыганы жатат. Бул компаниянын башкы директору Ылгар Алптекиндин айтымында, каттамды ачууга Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинен уруксат алынып, билеттер сатыкка чыгарылды:

- Кудай буйруса, 21-марттан тарта каттамды ачканы турабыз. Учактар аптада жети күн учуп турушат. Бул үчүн бардык уруксаттарды колго алып, билеттерди да сатыкка чыгардык. Азырынча Бишкек-Стамбул каттамын ачып жатабыз. Биздин жүргүнчүлөр бул каттам менен Стамбулга жеткен соң Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө кете алышат. Андан соң биз Бишкек-Москва, Бишкек-Үрүмчү каттамдарын ачалы деген максатыбыз бар.

Алптегиндин айтымында, “Эйр Манас Эйр” компаниясын түркиялык Pegasus Airlines жана жергиликтүү “Эйр Манас” компаниялары биргелешип түздү. Каттамдагы учактар түркиялык компанияга таандык.

Негизинен түркиялык Pegasus Airlines компаниясы 2009-жылдан бери эле Кыргызстанга каттам ачууга аракет кылып келген. Бирок ар кыл себептер менен бул аракеттер ишке ашкан эмес.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинин директору Акылбек Жумабаев бул ирет түркиялык компания кыргыз мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык талаптарга, анын ичинде коопсуздук шарттарына жооп бергени үчүн каттам ачууга уруксат берилгенин маалымдады:

- Бул компания биздин талапка шайкеш келет деген сертификаттарды алышты. Эми башка компаниялар деле жаңы каттам ачабыз дешсе, биз аларды карап көрүп уруксат берүүгө даярбыз. Анткени канчалык атаандаштык көп болсо, ошончолук арзан болот.

“Эйр Манас Эйр” компаниясынын өкүлдөрү жаңы каттамдын ачылышы менен бул тармакта атаандаштыкка жол ачылып, учак билеттери арзандайт деп ишендиришүүдө. Себеби соңку беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан-Түркия ортосунда жалгыз “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы гана каттап келген.

Аталган компания бааны өзү билгендей аныктап, билет баасы 400-500 доллардан арзандаган эмес. Ылган Алптегиндин айтымында, жаңы каттамдын ачылышы менен билет баасы эки эсеге арзандаары күтүлүүдө:

- Биздин компания Кыргызстанга жаңы системаны киргизүү менен учак билетинин баасы абдан эле арзандатып, Бишкектен Стамбулга билеттин баасы 190 доллар деп белгиледик. Биздин системага ылайык, жүргүнчүлөр учакка түшкөнү үчүн гана төлөшөт. Эгер тамак же башка нерсе сатып алгысы келсе, анда каалоосуна жараша кошумча акча төлөп, сатып алса болот. Башка компанияларда мына ушундай кошумча кызматтарды баарын кааласа-каалабаса да жүргүнчүгө таңуулап, билеттин баасы көтөрүлүп кетчү.
Булар бир-эки айдан кийин өз жүргүнчүлөрүн тапкан соң билеттин баасын сөзсүз көтөрүшөт деп ойлойм.

Билеттин баасынын кымбат болгону Түркияда окуган кыргыз жаштарынын нааразылыгын туудуруп келген эле. Алар билеттин кымбаттыгынан Түркиядан Кыргызстанга келип-кете албай жылдап кыйналганын айтып, бул маселени жөндөө үчүн бийликтерге да кайрылышкан эле.

“Эми студенттердин капчыгына туура келген жаңы каттамдын ачылганы биз үчүн жакшы жаңылык болду”- дейт Түркиядагы Сакария университетинин магистранты Зуура Ашымова:

- Жаңы каттам ачылат дегенде абдан кубандык. Себеби мурда аябай эле кымбат болуп, бул жактагылар жылдап үйлөрүнө бара алышпай калчу. Эми мен 21-марттан кийин үйгө барып келейин деп жатам.

Анткен менен билеттин арзандатылышы жүргүнчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруу үчүн жасалган убактылуу айла катары баалагандар жок эмес. Маселен, кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу Туран Беркер Акдевелиоглу “Эйр Манас” ички базарга кирип алган соң билеттердин баасын көтөрүшү мүмкүн деп чочулайт:

- Албетте жаңы компаниянын кирип, билет баасын арзандатканы жакшы нерсе. Бирок муну утурумдук эле жарнамалык акция катары карасак болот. Анткени булар бир-эки айдан кийин өз жүргүнчүлөрүн тапкан соң билеттин баасын сөзсүз көтөрүшөт деп ойлойм.

Буга чейин Бишкек-Стамбул багытында жергиликтүү “Бишкек Эйр” деп аталган компания каттам ачкан. Бирок ири “Түрк аба жолдору” компаниясынын атаандаштыгына туруштук бере албай, 2-3 ай өтпөй жабылууга аргасыз болгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG