Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Депутаттардын соту болбой калды


16-июлда Жогорку Сот парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатынын ишин карап, 23-июлга жылдырды.

Буга айыпталуучулардын үч жаңы адвокатынын иш менен толук тааныша электиги негиз болду.

Сот процесси башталбай жатып эле чуу чыкты. Жогорку Соттун имаратын курчап турган милиция кызматкерлери менен акыйлашып жаткандарды чагылдырууга аракет кылган vof.kg сайтынын журналисти Рыспек Токтоналиевди эки аял жулмалап, футболкасын айрып салды. Аларды милиция кызматкерлери кармап кетти.

Журналист айрылган футболкасын көрсөтүүдө
Журналист айрылган футболкасын көрсөтүүдө
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов соттун алдында чуу салган аялдарга тартип бузуу боюнча административдик иш козголгонун маалымдады:

- Өткөндө Бишкек шаардык сотунда дарбазаларга, кызматкерлерге асылгандар болгон. Ал боюнча “бейбаштык” деген берене боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мында да ошондой провокация болуп кетпесин, кимдир бирөөлөр тартип бузбасын, атайлап чыр чыгарбасын деген максатта биздин кызматкерлер чыкты. Ал эми vof.kg “Голос Азии” фондунун журналисти Рыспек Токтоналиев ошол жерге келген аялдардын милициялар менен талаш-тартышын тартып атканда аялдар көйнөгүн айрып салган. Бул факт боюнча биз материалдарды топтодук. Бул административдик тартип бузууга кирет. Учурда кармалгандар Биринчи Май ички иштер бөлүмүндө отурат.

Айыпталган депутаттар кошумча үч адвокат алган экен. Алар иш менен толук тааныша электигин айтып, сот процессти кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Соттук коллегия өтүнүчтү канааттандырып, ишти кароону 23-июлга белгиледи.

Айыпталган депутаттардын бири - Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов бул мөөнөт аздык кылаарын айтууда:

- Алар кылмыш иштин материалдары менен таанышабыз деп эки күндөн бери сотко өтүнүч менен келген. Эки күндөн бери тааныштырбай, кылмыш ишти Башкы прокуратура алып кеткен деп айтып жатат. Кылмыш иштин материалдары 15 томдон, 30дан ашык дисктен турат. Ар бир томго, ар бир дискке бир күндөн убакыт кеткенде деле кеминде эле элүү күн убакыт керек. Ансыз алар сотко катышып, объективдүү пикирин айта албайт.

Айыпталып жаткан депутаттардын өздөрү сотко катышкан жок. Талант Мамытовдун адвокаты сотто ар кандай шектүү адамдар кирип алды деген имиштерден улам алар коопсуздугуна кооптонуп жатканын айтты. Сотко коопсуздуктарын камсыздоо тууралуу өтүнүч келтирди.

Жогорку Сот кандай чечим чыгарышы ыктымалдыгы тууралуу ар кандай божомолдор айтылууда. Cаясат таануу илиминин доктору, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Эмил Жураевдин баамында, Жогорку Сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырышы мүмкүн:

- Ал депутаттарды бошотуу тууралуу Ак үйдөн айтылды, соттор акчага сатылды дегендей ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бирок объективдүү караганда бир гана чоң факт бар – бул мыйзамдын чегинде ошондой чечимге келишти. Эгер талдап көрсөк, чындыгында Бишкек шаардык сотунун жүйөлөрү негиздүү. Буга чейинки райондук соттун ишиндеги катачылыктарды айгинелеп турган чечим болду. Менимче иш Жогорку Сотко барганда шаардык соттун чечиминин негизинде каралат. Башынан кайра териштирүү баары бир болбойт. Шаардык соттун чечими өз күчүндө калат го деп ойлойм. Анткени саясий жагынан да, башка жагынан да терс көрүнүш, же бирөөгө катуу тийген чечим болду дегенге болбойт. Шаардык соттун чечимине териккендер ар кандай саясий эмоцияга алдырган топтор болду. Бирок негизи мамлекет башчыларга деле, ар кандай саясий партиялардын кызыкчылыгына туура келген чечим болду.

Антсе да саясий илимдеринин доктору Аалыбек Акунов сотторго кысым болду деп эсептейт:

- Сотко ылдый жактан да, өйдө жактан да кысым болбошу керек эле. Биз бийлик сот ишине кийлигишпесин деп айтып жатабыз. Бирок ошол эле учурда ким тараптан болбосун сот ишине басым жасалбашы керек. Анткени сот кандай чечим чыгарса деле бир тарабы баары бир нааразы болот экен. Анан нааразы болгон тарап ошентип эле бөтөлкө ыргытып, эшигин талкалап, судьялардын коопсуздугуна коркунуч туудура берсе, соттор кантип эркин болмок эле?

Депутаттар баштаган алты адам былтыр октябрда Бишкекте Ак үйдүн жанында Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган.
17-июнда Бишкек шаардык соту депутаттарды актаган өкүм чыгарган. Прокуратура болсо жүйөлөргө ынабай, депутаттарды 10 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.

XS
SM
MD
LG