Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Атасы бычактаган Талант чарчап калды


Ысык-Көлдө дарыгерлер атасы бычактады делген эки жашар Таланттын өмүрүн сактай албай калышты.

Өз баласынын өмүрүнө кол салды деген шек менен Барскоон айылынын тургуну камакка алынды.

Барскоон айылындагы Раматовдордун үй-бүлөсүндө бул кайгылуу окуя 5-ноябрда болду. Жаңы конуштун тургуну Автандил Раматов эки жаштагы баласын сабап, ичине бычак матырган экен.

Жети-Өгүз райондук оорукананын дарыгерлери анын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жасап, бирок майнап чыгара албай калышты.

“Азаттыктын” кабарчысы дарыгерлердин бири Тикибаев Темирбек менен Талант эсине келе албай жаткан кезде сүйлөшүп, мындай маалымат алган:

- Баланын абалы чын эле оор. Бир нече жаракат алган: башында, өпкөсүндө, жүрөгүндө бар. Бычак менен башын да сайгылаган экен. Бизге ичеги-карыны чыккан абалда алып келишти. Учурда операция жасалып, ашказанынан эки тешик табылды, аны хирургдар тигишти. Эми убакыт керек, себеби бул баланы травматикалык шок дегенден чыгарышыбыз керек.

Учурда баланын атасы Автандил Раматов Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгында камакта отурат. Ишти тергеп жаткан ага тергөөчү Талантбек Ашымалиев буларды айтты:

- Барскоон айылынын Көгөй жаңы конушунун тургуну, 1974-жылы туулган Раматов Автандил Карыбаевич спирт ичимдигин ичип, мас абалда өз баласын - Карыбаев Талант Автандиловичти бычак менен сайып, сабап, денесине залал келтирген. Учурда кылмыш Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул иш боюнча 104-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголот.

Ага тергөөчүнүн айтымында, кылмыш иши денеге өтө мыкаачылык менен залал келтирилген деген берене менен козголот жана бул берененин негизинде Автандил Раматов 8 жылдан 14 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Таланттын апасы Аида "Азаттык" менен жолугууну каалаган жок. Кайгылуу окуя болгон күнү ал курсактагы баласынын жана өзүнүн саламаттыгын текшертүү үчүн ооруканага кетип, үйүндө беш жана эки жаштагы балдары күйөөсүнүн кароосунда калыптыр.

Автандилдин чоң энесимин деп өзүн тааныштырган Аяткан Сейдекматова буларды айтты:

- Бирөөлөр менен урушуп, ошого жини келип, анан баласы ошол болуп көрүнсө керек. Баласын мастыгы менен сайып салыптыр. Жүрүм-туруму жакшы эле болчу. Азыр жаштардын көбү эле ичип кетпедиби, ошонун арасында болуп калды. Бирок чындап эле төрт-беш күндөн бери ичпей жүргөн экен. Аялы баласын ала кетейин десе, "кете бер, карап турам" деген экен. Аялы доктурда көпкө кармалып калып, келсе эле эч нерсе билбей үйүндө жатыптыр. Эки-үч күндөн бери биздин үйдө тынчтык деле жок.

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алгандыгын белгилеп жатышат. Буларга себеп болгон жагдайлардын негизгиси катары социалдык теңсиздик аталууда. Өз баласын жашоо укугунан ажыраткан Автандилге ушундай жагдай түрткү болгонбу же башка себептер барбы аны кийинки иликтөөлөр аныктаар.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG