Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Бишкектеги жол тыгындын азабы


Баш калаанын көчөлөрүндө үймөлөшкөн унаа, расмий жетекчилерди коштогон автокербендер шаардыктарды жол "туткунуна" айлантууда.

Бишкек көчөлөрүндөгү унаа тыгыны шаардыктардын башын ооруткан көйгөйгө айланды.

Шаар бийлиги жол тыгындары жөнгө салынаарын убада кылганы менен аны чечүүнүн конкреттүү планын иштеп чыга элек.

Ал ортодо Neo Net Communication аттуу чет өлкөлүк компания тыгындарды жоюу боюнча өз долбоорун сунуштап чыкты.

Токтогула, Президент өтөт!

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү унаалардын ар күнү кулак тундурган ызы-чуусу адатка айланып бараткандай. Айрыкча жумуш күндөрү таң эртеден шаардыктар ишке агылган учурда президентти коштогон кортеж үчүн негизги жолдордун буулушу унаалардын тыгынын күчөтүүдө. Мындай тыгындардын “туткунуна” айланып, жумуштан кеч калган шаардыктар абдан эле көп.

Алардын бири Мирлан Болотбеков автотыгындын азабын төмөнкүчө айтып берди:

- Эртең менен жумушка чыккан учурда Тынчтык проспектисинде МАИ кызматкерлери 1 саат эрте келип, бул көчөдөгү унааларды өткөрөт да, капталдагы көчөлөрдөгү унааларды узак убакытка бууп калган болот. Мунун айынан жумушка кечиккен күндөр көп эле болот. Ошондуктан муну жөнгө салса абдан жакшы болоор эле.

Шаар бийлиги бул көйгөйдүн себебин унаалардын көбөйүшү жана айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы менен түшүндүрөт. Ырасмий маалыматтарга ылайык, акыркы эки жылда шаардагы унаалар 3,5 эсеге көбөйгөн.

Учурда Бишкекте эле 180 миңден ашуун унаа катталган. Ал эми дубандардан келип-кеткен машинелерди эсептегенде, борборго жарым миллионго жакын унаа туура келет. Адистер Бишкектин жолдору мынча сандагы унааны тейлей албагандыгын айтышат.

Бул кырдаалдан чыгуу үчүн Бишкек мэриясы бир катар чаралар көрүлүп жатканын билдирип келет. Бишкек мэриясына караштуу транспорт департаментинин башчысы Зайытбек Насырынбековдун айтымында, жолдогу тыгындарды көбүнесе эл ташуучу кичи автобустар пайда кылат. Андыктан аларды автобус-троллейбустарга алмаштыруу аракеттери көрүлүүдө:

- Транспорттук түйүндөрдү ыңгайлаштыруу үчүн кичи автобустардын ордуна Бишкектин борбордук бөлүгү болгон Тынчтык проспектисинен Алматы көчөсүнө чейин чарчыга чоң автобустарды, троллейбустарды жүргүзүү боюнча иштеп жатабыз. Азырынча автобустарды алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Күзгө чейин 70-80 троллейбус ала турган болсок, жаңы маршурттарды ачып, кичи автобустарды алып салабыз.

Көйгөйдү чечүү жолдору

Муну менен катар шаар бийлигинин өкүлдөрү көпчүлүк айдоочулар жол эрежесин элес албай, көчө жээгине каршы-терши токтотулган унаалар тыгындарды жаратып жатканын айтышат. Бишкектин жол көзөмөлдөө кызматы мындай иретсиздикке каршы талаптар күчөтүлөөрүн жар салууда. Бул тууралуу Бишкек МАИсинин башчысы Рустам Бекитаев төмөнкүлөрдү билдирди:

- Көпчүлүк учурда туура эмес токтотушат. Аны атайын машине менен жүктөп кетебиз. Бирок ал унаанын номерин чечип ала албайбыз. Буга кошумча болуп, туура эмес токтотулган унаалардын дөңгөлөгүнө атайын бекитип, анан ага каршы айып пул салууну көздөп жатабыз.

Ошондой эле шаар бийлик өкүлдөрү Бишкектин чеке-белинен эл ташыган кичи автобустарды шаарды аралатпай, Чыгыш жана Батыш автобекеттерде токтотуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалашты.

Анткен менен шаар мэриясы тыгындарды толугу менен чечүүгө каражат жетишпестигин белгилейт.

Бирок адистер анча көп акчаны жумшабай деле маселени колго алууга болоорун айтышууда. Маселен, КГУСТАнын Жол кыймылын уюштуруу кафедрасынын башчысы Куттубек Исаковдун айтымында, шаар бийлиги анча элес албаган бир катар маселелер чечилгенде, тыгындардын көйгөйү кыйла жеңилдемек:

- Көчөлөрдөгү кесилиште жол чырактардын иштешине көңүл бурулса, бир топ көйгөйлөр чечилмек. Буга көп акча коротуунун кажети жок. Муну менен катар жолдордун оң жээгинде “кармашка” (жол кесилиштериндеги кошумча тилкелер) деген нерсени курулушу керек эле. Буга да көңүл бурулбай келет.

Бардыгы үчүн бир унаа

Ал ортодо чет өлкөлүк уюмдар Бишкектеги жол тыгындарды жоюу боюнча өз сунуштарын айта баштады. Франциялык Neo Net Communication аттуу компания “Жеткирем” ("Довезу") аттуу долбоордун алкагында бишкектиктерди жеке автоунааларды максаттуу пайдаланууга үйрөтөт.

Долбоорго ылайык, атайын интернет сайт иштелип чыгат. Сайтка баш багып, бир багытка бара турган жүргүнчүлөр өз ара ымалашып, бир эле унааны пайдалана алышат. Долбоордун демилгечилеринин бири, франциялык адис Давид Бунионун айтымында, мындай долбоор Европанын бир катар өлкөлөрүндө, Орусияда ийгиликтүү иштеп жатат:

- Биз байкагандай, Бишкекте шаар тургундарына караганда унаалардын саны өтө тездик менен өсүп бара жатат. Бул экологияны булгап, тыгындарды да пайда кылууда. Мындан улам биз бир жарандын жеке автоунаасын бир нече адам пайдалануусуна шарт түзчү долбоорду ишке киргизгени жатабыз. Бул долбоор авто тыгындарды жөнгө салууга жардам берет.

Кыргызстандын шартында европалык компаниянын тыгындарды азайтуу аракетинен канчалык майнап чыгаары белгисиз. Ошентсе да шаардыктардын баш оорусуна айланып жаткан шаардагы тыгындарды кандай жол менен болсо да чечүүгө чара көрүү керектей.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG