Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Абайлачы, айдоочу, сенин да балаң бар!


Жол кыймылынын коопсуздугу, жол кырсыктарынан балдардын жабыркап жатканы, анын кесепеттери "Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды.

Талкууга Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиев жана “Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери” биримдигинин жетекчиси Тамара Жумабекова катышты.

“Азаттык”: Мектептерде окуу башталган 1-сентябрдан 21-сентябрга чейинки 20 күн ичинде эле Кыргызстанда 142 жол кырсыгында балдар жабыркап, 21 бала каза тапкан экен. Кылыч мырза, жол кырсыгынын өтө эле көбөйүп баратышына эмне себеп?

Мурзалиев: Эгерде статистикалык маалыматтарга таянсак, көп учурда жол кырсыгынын келип чыгышына айдоочулардын да, жөө жүрүүчүлөрдүн да жол эрежесин бузганы себеп болот. Күнүмдүк турмушта жолуктуруп эле жүрөбүз: айдоочулар жогорку ылдамдыкта айдашат, туура эмес жерден бурулат, жол чырактардын талабына баш ийбейт, кызыл жарыкка өтүп кетишет.

Жумабекова: Балдардын жол кырсыгына көп учурап жатышына айдоочулар күнөөлүү, алардан жол эрежесин сактоону тиешелүү деңгээлде талап кылбай, бардык маселени акча менен чечкен МАИ кызматкерлери күнөөлүү деп айта алам.

Мен жетектеген ассоциацияда балдары эсен-соо төрөлүп, бирок кыска убакыттын ичинде жол кырсыгынан улам майып болуп калгандар бар. Эгер бала майып болуп калса, бардык кыйынчылык анын ата-энесине түшөт. Мамлекетке да анчалык зыян келбейт, ал эми ата-эне үчүн бул биринчиден, психологиялык жактан, экинчиден, материалдык жактан өтө оор болот. Анткени үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелүү бала болсо, аны багып, каралашып, жылдыра турган бирөө сөзсүз керек. Бул үчүн ата-энелердин бири иштебей үйдө отурууга аргасыз.

Эң башкысы баланын келечегине балта чабылып жатат. Ошондуктан айдоочулар да ата-эне, алардын да балдары бар, унаа айдаганда жол эрежесин сактап айдоого тийиш.



“Азаттык”: Балдардын жол кырсыгына көп учурап жатышына ата-энелердин, мугалимдердин да кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар деген да пикирлер айтылып жатат. Тамара айым, сиздин жообуңуз кандай?

Жумабекова: Албетте ата-энелердин да таасири болуш керек. Алар үйдө, көчөдө балдары менен жүргөндө жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшылап үйрөтүүгө тийиш. Ошондой эле мектептерде деле бул боюнча иштер жүрүп жатат, ар бир балага үйүнөн мектепке чейинки жол багыты жакшылап түшүндүрүлүп, атайын чийилип берет. Бирок ошого карабай эле балдардын жол кырсыгынан набыт болуп же жаракат алышы өсүп эле баратат. Бул жерде мен жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди башкы айыпкер катары эсептейм. Тармактагы коррупция бардыгына күнөөлүү. Айдоочуларга күбөлүктү сатуудан башталып жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG