Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Ээнсиреген жээк ишкерлерди кооптонтууда


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Жайкы сезондун расмий ачылганына бир айга жакын убакыт болсо да, Көлгө келген эс алуучулардын саны аз.

Көлгө келгендердин аздыгы ириде конок үй, кичи пансионаттарды ижарага алып иштетип жаткандарды бушайман кылууда. Туристтердин агымы чоң Чолпон-Ата, Бостериде да көпчүлүк конок үй, эс алуучу жайлар бош турат. Жергиликтүү тургундар туристтик маал өткөн жылга салыштырмалуу жарым айга кеч башталганын айтышууда.

Бишкек шаарынын тургуну Наргиза Жумабаева беш жылдан бери Чолпон-Атада конок үйдү ижарага алып иштетет. Быйыл сезон жакшы болот дегенди угуп, июндун башында эле келген. Азыр отуз орундук конок үйүндө беш эле киши эс алып жаткан экен. Июнда болсо бир ай бою эс алуучуларды күтүп күн өткөрүшкөнүн айтты:

- Быйыл 30 орундук коттеджди 7 миң долларга ижарага алганбыз. Актай албайбыз го деп атабыз, ушул күнгө чейин киши жок. Эки-үч күн мурун катуу ысыкта беш-алты эле киши келди. Калган орундарыбыздын баары бош турат. 30-июндан баштап эле кичине иштебесек, ага чейин кыймылдаган жокпуз.

Бир айдан бери ишсиз отургандардын катарын бул тегеректеги дагы онго жакын конок үйлөр толуктайт. 2 миң долларга бааланган конок үйлөрдөн тартып, 30 миң долларга чейинки кичи пансионаттарды ижарага алгандар бар. Эс алуучулардын аздыгын айрым жергиликтүү тургундар чек арадагы маселелерге байланыштырууда. Алардын айтымында, коңшу өлкөлөрдөн келгендер чек арадан өтүүдө, укук коргоочуларга жолукканда бир топ азап чегишет.

- Баягыдай жайнаган турист жок, киши аз. Алматыдан, Астанадан автобус менен келгендердин да саны аз. Анткени биздин бажы бекеттеринде ар кандай тоскоолдуктар болуп жатыптыр. Кээ бирлери жеңил машинелерин чек арага таштап коюп эле кичи автобустар менен келип жатат. Өткөндө Бажы биримдигине кирдик баары жакшы болот, киши көп келет деп айтып атышты эле. Эс алууга жолдомолор сатылыптыр, бирок келгендер аз. Андыктан биз Бажы биримдигине киргенибизге бир чети өкүнүп, бир чети түшүнө албай турабыз, - деди Чолпон-Ата шаарынын тургуну Анара Сыдыкова.

Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев чек арада көйгөйлөр болуп жатканынан кабары бар. Өлкө Бажы биримдигине расмий киргени менен, анын техникалык талаптарын аткарууга дагы убакыт керек дейт. Имангазиев эс алуучулардын көп келбей жатышын орозого да байланыштырды.

- Орозо кармагандар көбөйдү десек болот. Мына жакында эле Бишкекке барып көп фирмаларда жумуш коллективдери менен сүйлөшсөм, орозо бүткөндөн кийин барабыз дешти. Себебин былтыр жакшы билип калдык, былтыр августтун төрттөрүндө орозо бүткөн. Ошол күндөн тартып киши көп келе баштаган. Мен ойлоп атам быйыл да жыйырмаларынан баштап эс алуучулар көбөйөт деп.

Андыктан жергиликтүү бийлик июлдун ортосунан ары карай туристтер көбөйсө, буга чейинки чыгашаны бир ай ичинде эле толтуруп алса болот деген ишеничте. Сезондун башында Туризм департаменти былтыр Ысык-Көлго 2 миллионго жакын турист келгенин, быйыл өсүш дагы 10 пайыздан ашарын жарыя кылган эле. Түшө турган кирешенин көлөмүн да 10 пайызга жогорулатышкан. Бирок ишкерлер эгер дагы 15 күн ушундай абал орун алса, бизнеске салган акчаларын актай албасын айтып, сезон үзгүлтүккө учурайт деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG