Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ысык-Көл турагенттин көзү менен...


Эс алуу маалында жүздөгөн адамдар киреше таап алышат. Алардын арасында студенттер да бар.

Мисалы, Айбек Айткунов туристтик фирмалардын биринде турагент болуп иштейт. Ал Ысык-Көлгө келген саякатчыларды көл айланта кыдыртат.

- Мен "бизде атайын даярдалган гиддерибиз бар, алар көп окуп, географияны жана тарыхты жакшы билген кишилер. Деңгээлинен эч кам санабаңыз" деп жөн гана жазып койом. Бизге рахматын айтып кетишет.

Көл жээгинде туристтерди кабыл алып, кызматтын ар түрүн сунуш кылган турагент Айбек быйыл ишин баштаса да, туристтерди жакшылап тейлөө тажрыйбасына ээ болуп калганын кеп кылууда.

Айбек иштеген туристтик фирмалар бул тегеректе аз эмес, баары ар бир саякатчы үчүн жанын үрөйт. Бирок баары кызмат акысын бирдей кылабыз деп келишип алышкан экен. Ким бирөөсү эле бааны ылдыйлатып койсо, аны иштен чыгарышарын Айбек айта кетти.

- Бул бир күндүк жолдомо, эртең менен кетип, кечинде алып келишет. Анан бир жерге барыш үчүн жолдун узундугуна жараша болот. Эгер бир үй-бүлө болсо, ар бир кишиге туздуу сууга барыш үчүн 1000 сомдон айланып калат. Эгер 10 жашка чейинки балдары болсо, аларды алдына отургуза турган болсо, анда ал балдарына төлөбөйт. Жазылгандардын жарымы жаңы келгендер, жарымы мурун келип кеткендер. Булардын көпчүлүгү туздуу көлгө барышат, себеби ал жер ден соолукка пайдалуу экенин билишет.

Айбек эки күндүк туристтик жүрүштө ар бир конок Кыргызстан жөнүндө толук маалымат алып кетет деп ишендирүүдө.

- Төрт жарым миң сом болот. Бул жерде абдан ыңгайлуу, себеби ушул жолдомо менен көлдү тегеренип келесиз. Эки күндүк турда Кыргызстан жөнүндө бардыгын билсе болот.

Эки күндө келгиндерди төмөнкү жерлерге алып барып келишет экен:

- Мисалы, Жети-Өгүгө барабыз, Караколго токтойбуз. Караколдон Пржевальскийдин музейин, дунган мечитин, православ чиркөөсүн көрүп, андан ары Жети-Өгүзгө барабыз. Ал жерден Жарылган жүрөктү, Жети-Өгүз тоосун, шаркыратманы көрсө болот. Андан кийин Барскоон айылына барып, ал жерден 89 метрлик шаркыратманы көрөбүз. Андан ары өйдө тоого барса, ал жерден мөңгүгө чыгарабыз. Эртеси күнү Өлүк көл деген жерге барабыз. Ал жерде адам такыр чөкпөйт, бул жерде ден соолукка пайдалуу баткактын эки түрү бар. Ал жерге баргандардын баары бизге рахматын айтышат.

Быйыл биринчи жолу четтен келген эс алуучулар менен иштешкен Айбек бир ай арасында 100гө жакын мейманды тейлептир.

- Бул жерде иштеген мага жакты. Быйыл бул жерге жаңыдан гана иштеп жаткандыктан туристтер көп, же аз деп айта албайм. Бирок бул жердегилердин айтымында, быйыл киши аз болуп жатат. Былтыр сезон жакшы болду дешти. Бир айда он миң сомдой каражат таптым.

Айбек сыяктуу туристтик сезондо акча тапкан жаштар аз эмес. Эми алар бир жарым-эки ай арасында каражат таап гана тим болбостон, конокторду кабыл алуу, аларга кичи пейил кызмат көрсөтүү сыяктуу өнөргө да ээ болуп кетишет.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG