Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Туризм: саякатчылардын жолун аңдып...


Георгиев капчыгайы, Ысык-Көл, 25-август, 2010.
Георгиев капчыгайы, Ысык-Көл, 25-август, 2010.

Кыргызстан эки ай мурда дүйнөнүн 44 өлкөсүнө 2 айга виза режимин алып салган мыйзам кабыл алган. Андан кандай натыйжа чыкты?

Быйыл Ысык-Көлдө жай мезгилинде эс алуучулар жылдагыдан көп болот деп күтүлүп жаткан. Туризм департаментинин директор орун басары Санжар Исакулов ал үмүт акталганын, ушул тапта күн дагы эле жылуу болгондуктан Кыргызстанда жайкы эс алуу мезгили уланып жатканын айтты.

- Чек ара кызматынын август айынын ортосунда берген малыматы боюнча, 1 млн. 400 миң турист келген. Өткөн жылы август айына карата 900 миң гана келген болчу, былтыркыга салыштырмалуу 500 миң адамга көп. Бирок бул август айынын ортосундагы көрсөткүч. Ал эми жалпы жайкы мезгилдеги көрсөткүч боюнча маалымат сентябрдын акырында берилет.

Июнь айынын акырында 44 мамлекетке 2 айлык мөөнөткө виза режимин алып салган жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү, Австралия, Жаӊы Зеландия, Сауд Арапстан, Сингапур, Катар сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары 60 күнгө чейин атайын виза албастан Кыргызстанда жүрүү укугун алышкан. Анткен менен туристтердин агымын мурдагыдай эле КМШ өлкөлөрүнөн келгендер, анын ичинде Казакстан менен Орусиянын жарандары түзүп жатат.

Туризм департаментинин орун басары Санжар Исакуловдун айтымында, жаңы мыйзамдын натыйжасы кийинки жылдары байкалат.

- Анын таасири ошол замат байкалбайт, бир-эки жылдан кийин билине баштайт. Бул абдан керектүү мыйзам. Бирок эми аны ошол 44 өлкөгө, алардын жарандарына жеткириш керек. Биз Тышкы иштер министрлиги менен ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

Күтүүсүз келген туристтер

Кыргызстанда туристтик агенттиктер да быйылкы жылдагы жайкы эс алуу мезгили жемиштүү болгонун белгилешүүдө. Буга өлкөдөгү туруктуулук эң башкы себеп болгон. Ал эми Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясынын жетекчиси Асылбек Режалиев азыртадан эле 44 мамлекеттен 60 күнгө визаны алып салуунун оң жактары байкалганын белгилөөдө. Ал август айында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда абал татаалдашып, андан чочулаган туристтер ат тизгинин Кыргызстанга бурганын мисал тартты.

- Ал жакта куралдуу кагылыш болуп, жолду жаап салгандан кийин туристтер бара алышпай, Дүйшөмбүдө отуруп калышты. Анан алар Кыргызстанга сапар тартышты. Анткени бизге келиш үчүн аларга виза кереги жок болду. Алар ошону угуп, Тажикстандан Кыргызстанга учакка билет алып эле келе беришти.

Тазалык маселеси, пансионаттан чыккан кир, жугунду суулар кайсы жакка агып жатат деген экологиялык суроо турат...


Ушундай эле мисалды Shepherds way trekking туристтик агенттигинин жетекчиси Ишен Оболбеков да келтирди. Бул агенттик тоо туризмине ылайыкташкан, башкача айтканда, саякатчыларды ат үстүндө Кыргызстандын тоолорун, жайлоолорун кыдыртат.

Ишен Оболбеков жаңы мыйзамдын жеңилдиги менен Кыргызстанга күтүүсүздөн келген туристтер болгонун белгиледи.

- "Эки күндө эле чечим кабыл алып, эч кандай визасы жок эле барып, эс алуу күнүмдү өткөрүп келдим" десе, канча киши кызыгып калат. Биз жарнамалаган бир жөн. Ал эми ал адамдын өзүнүн айтып бергени такыр башка.

Бирок Оболбеков Кыргызстан, анын ичинде мамлекеттик мекемелер өнүккөн өлкөлөрдөн келүүчү туристтерди күтүп алууга даяр эмес дейт.

- Тазалык маселеси, пансионаттан чыккан кир, жугунду суулар кайсы жакка агып жатат деген экологиялык суроо турат. Чет мамлекеттен келген туристтердин саны көбөйө берсе, аларды кийин өзүбүздүн даяр эместигибизден кабыл ала албай калабыз. Бул болсо абдан тескери жарнама болот.

Виза боюнча бул мыйзамды кабыл алууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Тышкы иштер министрлиги алгач каршылыгын билдирип, кийин макул болушкан. Атайын кызмат мыйзамдын жеңилдигинен Кыргызстан кылмышкерлердин башпаанегине айланат десе, Тышкы иштер министрлиги виза берүүдөн түшкөн каражат эсеби кескин кыскарып кетерин айтышкан болчу.

XS
SM
MD
LG