Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кыргызстанда кыйноолор көбөйүүдө


Кыргызстанда 2010-жылы адам кыйноолору боюнча 223 факты катталганын "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жарыялады. Арыздардын көбү Ош, Жалал-Абад облустарынан түшүп, 85% милиция тарабынан кыйноого кабылганын билдиришкен. Милиция мындай билдирүүлөрдү четке кагууда.

19 жаштагы Бекболот уулу Көчкөнбай Сокулук районундагы “Голден Сан” атуу заводдо иштеп жүргөн убакта "компьютер уурдады" деп шектелген. Көчкөнбайдын айтымында, милиция кызматкерлери аны уурулукту мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан.

- Мал-жайды карап жүрсөм эшик такылдап калды. Жарандык кийимчен адам "мени тааныйсыңбы" деп сурады. Тааныбаганымды айтсам дароо колума кишен тагып, машинага салып кетти. Жанында эки формачан адам бар экен. Машинада эле желим таяктары менен ургулап киришти, "мойнуңа ал" деп. Ново-Павловканын ГОМуна алып баргандан кийин чечиндирип алып дагы сабашты. Бири кол кап кийип алып желим таяк менен бөйрөгүмө, башыма, таманыма уруп кыйнашты.
Челектеги муздак сууну чачып, башыбызды сууга тыгып, чөмүлтүшкөн.


Кыргызстанда 2010-жылы адам кыйноолордун ушул сыяктуу 223 факты катталганын "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жарыялады. Арыздардын көбү Ош, Жалал-Абад облустарынан түшүп, 85% милиция тарабынан кыйноого кабылганын билдиришкен.

- Бул статистика негизги, толук кырдаалды көрсөтпөйт. Булар бизге жана биз менен чогуу иштешкен эки-үч уюмга келген арыздар. Бүгүнкү күнү 53 адамдын арызы менен иштеп жатабыз. Алардын көбү Жалал-Абад жана Ош облусунан түшкөн арыздар. Биз тараптан далилдер бар. Көп эле иштерде медициналык экспертизанын, башы чайкалганы, сынганын тастыктаган дарыгерлердин көрсөтмөлөрү бар. Өткөн жылдын статистикасын алсак кыйноолордун 85% милиция тарабынан болуп атат.

Багышбековдун айтымында, милициядан кийин Улуттук коопсуздук комитети, убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор көп болот. Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноонун бир нече түрү колдонулат. Алар: денеге так калтырбаган электрошок, башына жылтырак баштык кийгизүү, милициялардын желим таяктарын, газ заттарын колдонуу.

- Көбүнчө акыркы убакта денеге из калтырбаган кыйноолорду колдонууга аракет кылышат.

Ушундай ыкмалар менен кыйноого кабылганын Аким да тастыктайт (аты белгилүү себептерден өзгөртүлдү. -Ред). Аким учурда Ошто убактылуу кармоо жайында отурат экен.

- Карга алып чыгып урушкан. Челектеги муздак сууну чачып, башыбызды сууга тыгып, чөмүлтүшкөн. Электрошок менен колтугубузга ток урган.

Арыз жок, иш жабык

Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноо фактылары 2010-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйгөнүн ырасташууда. Анткен менен мындай билдирүүлөрдү милиция четке кагып келет. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Нурдинов милиция өзү кыйноо фактыларын жок кылууга кызыкдар экенин белгиледи.

- Мунун чындыгы жок. Себеби бул жакта "Кызыл чырым" уюму, башка бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз укук коргоочулар иштеп атат. Булар бүт баарын карап турат. Ал тургай убактылуу кармоо жайларды текшерип турушат. 2011-жылдын башынан бери мындай факт катталган жок. Биз да мындайга жол бербейбиз. Өзүбүз да мындайга каршыбыз, чындыгы жок мунун.

24-январда Токтогулдун тургундары кыйноолорго каршы митинг өткөргөн.
Нурдиновдун айтымында, өткөн жылы адамды кыйноо боюнча милициялардын үстүнө бир да арыз түшкөн эмес.

- Тартип деп коёт, жумушка чыкпай, өзүнүн кызматын так аткарбаганы үчүн, уставды бузганы үчүн 117 кызматкер өзүнүн жазасын алды.

Биздин маектеш, кыйного кабылган Бекболот уулу Көчкөнбай аны уруп-соккон төрт милициянын үстүнөн арыз жазган. Анын айтымында, бул иш улам жылып, каралбай келет.

- Мен арызымды алган эмесмин. Ал улам Сокулук прокуратурасы тарабынан жылдырылып, "отказ" деп атышат. Акырында мага деле "булар менен ишиңди жаап эле салбайсыңбы, жүдөттүң” дешет прокуратурадагылар. Андай болсо мен ден соолугум өлүп атса жөндөн жөн эле жаап коёмунбу? Ошол милиционерлердин ата-энелери үйгө келип акча сунушташыптыр. Алардын акчаларын эмне кылмак элем, ден соолугум өлүп атса. Азыр башым ооруйт, мурдум канайт, башым айланат. Иштебей үйдө отурам. Компьютерди кийин ошол заводдун коопсуздук кызматы өздөрү калыбына келтиришиптир.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка караганда, 2010-жылы кыйноо боюнча эки кылмыш иши козголуп, экөө тең сотко өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG