Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Мандат барда жасалма диплом айып эмес


Ак үй. Бишкек.
Ак үй. Бишкек.

Жогорку Кеңеш депутат Нурлан Төрөбековду жоопко тартууга макулдук берген жок. Парламентарийлер Төрөбековдун диплому жасалма экенин моюндап, бирок ал үчүн жоопко тартууга болбойт деген чечимге келишти.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Нурлан Төрөбековго кылмыш иши өткөн жылы Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Ал “мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” чинин алуу үчүн жасалма диплом колдонгон деп айыпталган.

Депутаттык комиссиянын текшерүүсүндө Төрөбеков чынында эле жасалма дипломду пайдалангандыгы аныкталган.

Муну депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев тастыктады:

- Төрөбековго №10837 сериядагы 2155-каттоо номери менен диплом берилген эмес. Каттоо китебинде дипломдун берилгендиги жөнүндө жазуу жок.

Нурлан Төрөбеков
Нурлан Төрөбеков

Башкы прокуратуранын айыптоосун депутаттык комиссиянын иликтөөсү мына ушинтип аныктаганга карабай Төрөбековду жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңеш макулдук берген жок.

Депутат Курманбек Осмонов дипломдун көчүрмөсү далил боло албайт деген жүйөнү келтирди:

- Жасалма диплом деп, ошол дипломдун көчүрмөсүн көрсөтүп жатат. Юриспруденцияда, Темирбек Бекмаматович сиз жакшы билгендей, бул жол берилбеген далил. Көчүрмөнү соттук жана тергөө практикасында эч ким далил катары колдонгон эмес.

Курманбек Осмонов сыяктуу эле юридиканын тилин мыкты билген депутат Курмантай Абдиев Төрөбековдун аракетинен мамлекет болгону 15 миң сом зыян тартканын, ошондуктан ага кылмыш ишти ачуунун өзү уят иш деп чыкты.

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Осмонов жасалма дипломдун түп нускасы Нурлан Төрөбековдун өзүндө болушу мүмкүндүгүн, аны сурак тактарын, бирок депутатты суракка алуу мүмкүн болбой жатканын билдирди. Ошол эле учурда кыйыр далилдер депутаттын күнөөсүн далилдегенин жана ал оор кылмыш экенин кошумчалады.

Депутат Исмаил Исаков кесиптештерин маселенин моралдык жагын карап көрүүгө чакырды:

- Моралдык жагынан алганда эртең бири-бирибиздин жүзүбүздү кантип карашабыз? Элди кантип карайбыз!? "Силердин кылганыңар эмне деген кеп?" деп айтат да. Комиссияңар айтып атса, прокуратура минткен деп атса. Менин жеке Нурлан Төрөбековдун өзүнө жаман оюм жок...

Бирок маселенин моралдык жагын карап көрүү чакырыгы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттарга таасир эткен жок. Алар Нурлан Төрөбековду жоопко тартууга Башкы прокуратурага уруксат берүүдөн баш тартышты.

Кезинде парламентти жетектеген, өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев Нурлан Төрөбековдун кадамдары Кылмыш-жаза кодексинин жасалма документ жасоо жана көз боёмочулук боюнча беренелерине туура келерин айтып, аны коргоо парламентке аброй алып келбейт деди:

- Бул парламентке аброй алып келбейт. Зыян гана алып келет. Эл ансыз деле парламентке нааразы болуп турган кезде зыяндан башка пайдасы жок. Эмне үчүн кылмышкерлер жооп бербеши керек? Башка жөнөкөй адам жооп бериш керек. Депутат болсо эле жооп бербей калганда болбойт да.

Мукар Чолпонбаевдин айтымында, депутаттар күзгө чейин бири-бирин сактоого аракеттенип жатышат. Бирок азыркы парламенттин мөөнөтү аяктары менен Нурлан Төрөбековду жоопко тартууга прокуратурага мүмкүнчүлүк ачылат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG