Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Токтогул толо баштады


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

1975-жылдан бери тынымсыз иштеп келаткан Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы гидроэнергетиканын алдыңкы сабында турары белгилүү. Кургакчылыктын айынан өкмөт былтыр алгачкы ирет Казакстандан электр энергиясын сатып алса, быйыл Тажикстандан да электр энергияны сатып алууну мелжеп турат.

28-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд. 524 млн. куб метрге жетти. “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, бул өткөн жылкы ушул күнгө караганда 2 млн. куб метрге көбүрөөк. Бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 765 куб метрди түзсө, агып чыккан суу секундасына 356 кубметрге жетүүдө.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдиргендей, апрель айында Токтогулда болгону 6 млрд. кубдан ашкан суу бар болчу. Бул эң төмөнкү көрсөткүч болуп, былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиардга аз болгон. Мындан ары суу толо баштайт деген божомолдор бар экенин энергетика министри кошумчалады.

- Былтыр ушу маалда 11 млрд. 400 млн. куб метр суу болчу, бүгүн таңсыктык толугу менен жоюлду. Апрель айында 6 млрд. кубметр суу болсо, 3 айда суунун көлөмү 11 жарым миллиард кубметр болду. Бул жакшы көрсөткүч, мындан ары дагы көбөйө бермекчи. Демек былтыркыдан көп болот деп турабыз.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Токтогулда суу топтолоруна көз жеткени менен өкмөт сууну үнөмдөөнү токтотпосун маалымдады. Вице-премьер-министр Валерий Диль энергетика министринин коллегиясында билдиргендей, мындай кадам менен мамлекет кийинки жылдын камын көрүүдө. Себеби бир жылдан кийин эң башкы суу чөйчөктө канча суу болоору азырынча белгисиз. Натыйжада өкмөт быйыл коңшу өлкөлөрдөн электр жарыгын импорттой турганын ачык айтты.

Энергетика министринин орун басары Айбек Калиев, быйыл жалпы көлөмү бир миллиард кВт саат электр энергиясынын импорттоо планын коюлганын “Азаттыкка” билдирди. Анын 400 млн. кВтын кышында Казакстандан алып, мамлекет колдонуп койгон. Ушул күндөрү Тажикстандан 150 млн. кВт саат импорттолуп жатса, күздөн баштап Казакстандан калганын алып келүү тапшырмасы турат деди Айбек Калиев.

- Тажикстандан 52 млн. кВт саат келип жатат, жалпысынан 150 млн. кВт алабыз. Андан тышкары баланста Казакстандан дагы алабыз деп турабыз. Тажикстандын энергиясын 2,5 центтен импорттоп жатабыз. Казакстандын жарыгы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдарованын “Азаттыкка” билдиришинче, күзүндө Казакстандан 450 млн. кВт электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Былтыр 5 сом 61 тыйындан казак жарыгын сатып алсак, быйыл кошумча салык алынгандыктан 5 сомдон айланарын Айдарова кошумчалады.

- Өзүңөр билгендей, Токтогулда суу толуп жатканы менен маселе дагы деле курч бойдон. Ошол үчүн Тажикстандан тышкары күзүндө Казакстандан 450 млн. кВт саат алалы деп турабыз. Эгерде импорт азайып кетсе, тарифти арзандатабыз.

“Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бир суткада жалпысынан 25 млн. 12 миң кВт саат электр энергиясы иштетилет. Өкмөт Токтогулдагы суунун көлөмүн көзөмөлгө алуу үчүн он-лайн режимдеги байкоону киргизүү жана гидроагрегаттагы суунун чыгуусун автоматташтыруу үстүндө иштеп келет. Бул маселелерди тез арада аткаруу боюнча министрликтин коллегиясында “Электр станциялары” ААКка тапшырма берилген.

XS
SM
MD
LG