Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Тейит: Бакиевсиз бир жыл


Былтыр өрттөлгөн үй
Былтыр өрттөлгөн үй

Мындан толук бир жыл мурун Жалал-Абаддын Сузак районундагы чакан Тейит айылы Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн да назарын бурган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулагандан кийин чет мамлекетке чыгып кеткенче өзүнүн туулуп өскөн айылы – Тейитте бир аптадай баш калкалаганга аргасыз болгон. Тейит айылы, андагы жашоочулардын азыркы абалынан “Азаттык” кабар алды.

Тейиттиктер Курманбек Бакиевге азыр деле чаң жугузушпайт, сүйлөшө келсең мурдагы президенттин жакшы гана сапаттарын айтып беришет.

Бакиевдин аяштары
Өзүн "Курманбек Бакиевдин аяшымын" деп тааныштырган бул айым экс-президент жаш кезинде укмуштай келишимдүү болгон деп эскерди:

- Мен келин болуп келгенде Бакиев Куйбышевде окучу экен. Мени менен “аяш” деп учурашса, “бул жигит менден жаш окшойт, аяш деп атат”, десем, күйөөм “ал досум болот, чоң окууларда, Куйбышевде окуп жүрөт”, деди. Көрүп расса суктангам. Кийин ал жактан орус аял алып келди. Айылдагылардын баары келин көрөлү деп бирден жоолугубузду көтөрүп алып бардык. Барсак аялы бетинен түгү чыккан сапсары орус экен. “Ий, ушундай сулуу бала ушуну алабы”, деп эле ирээнжип кеттим. Жаш кезинде укмуш сулуу эле, жылдыздуу, күлүп турчу...

Бакиевдин аяшы аны туугандарынын айынан ушундай абалга кептелди деген оюн айтты:

- Туугандарынан кетти го деп ойлойм. Өзү абдан адамгерчиликтүү эле. Ушул жерден өтсө да жөн өтпөй, аксакалдар менен көрүшүп, балдардын колуна акча берип, мээрман эле. Балдардын “маңкасы” агып атса да бетинен өбөт эле. Жөндөн жөн эле адам падыша болуп калмак беле? Ал балага кудайдын назары, кут түшкөн. Үкалары Сузакта жашайт го, ошолор уят кылып койду го деп ойлойм.

Элеттик балдар
Бул айымдын жолдошу Кимсанаалы Бегимов Курманбек Бакиев менен 10 жашка чейин чогуу өскөн экен:

- Өзү ушул жерде чоңойгон. Шаарда окуган. Мен аны 10 жашка чейинкисин билем. 10 жаштан кийин шаарда окуган. Чогуу эле ойноп жүрчүбүз. Бул жерге келип кетчү эле. Эми ал кезде кандай болорун деле билбейсиң да. Кичинекей кезинде түзүк эле бала болчу. Анда сындаш кыйын да. Президент болгондо сыймыктанып жүрдүк. Бизге эми кайсы президент болсо да тынчтык болсо эле болду. Бизге тынчтык эле керек.

Наргиза аттуу келин Бакиевдердин үйүнүн так маңдайында жашайт. Анын айтымында, мурдагы президенттин айылдаштарына азыр бир аз жээригендей мамиле бар:

Наргиза
- Айылыбыздын куту качып, куну өчүп кетти. Айылда кемпир-чалдан башка эч ким калган жок. Ар кандай жардамдар келет экен. Айылга деле кичине жардам берип коюшса болмок. Азыр бардыгы жумушсуз калды. Президент аларга диплом берген эмес да. Өздөрү окуган, мына биз деле окуганбыз. Ушул жерде жалгыз бой энелер бар. Тейит Бакиевдин айылы болсо эле баары тууган болуп жатып калмак беле? Жаштарды таптакыр ишке албай койду. Мисалы, мына менин үкам Тейиттен болгон үчүн эле иштеген жеринен ажырап, Москвага кеткенге аргасыз болду.

Бакиевдердин дагы бир кошунасы Чолпонай апрель окуяларына чейин коңшу-колоңдор бапырап катышып турушканын кеп салып берди. Анын айтымында, азыр Бакиевдерге эч ким каттабай калды:

- Апрелден бери биз да бул жакка кирбейбиз. Өздөрү каякта экенин деле билбейбиз. Ал жак, бул жактан келип “булар келип жатабы”, деп сурап кетишет. “Көргөн жокпуз, билген жокпуз”, деп эле отурабыз. Мурун кадимкидей эле киришип-чыгышып жүрчүбүз. Эми азыр эмнесине киребиз? Азыр коркунучтуу болуп, киргиң деле келбейт.


Былтыр май айынын ортосунда Курманбек Бакиевге жана анын туугандарына таандык делген 5 үй өрттөлгөн. Ошол жерде кароолчу болуп иштеген адамдын айтымында, азыр мурдагы президенттин атасынын бир тууганы, токсондон ашкан карыя адамдын үйүн оңдоп бүтүп калышты. Үйдү калыбына келтирүүгө айыл эли да жапа тырмак киришкен экен:

- Аксакалдын үйүн баштаганбыз. 80 пайызы бүтүп калды. Үйдү бүтүргөнгө өкмөттөн 200 миң ссуда алганбыз. Анан тууган-уругу, кыздары, эл-журт бар экен кичинеден акча топтоп, эми 91ге келген аксакалыбыз бар, үйүн ордуна коюп койбосок болбойт. Ошол 200 миң сом алып атканда үйлөрдүн баары камакта болчу. Анын авасынын мүлктөрүн камактан чыгартып, кредит алганбыз.

Күйгөн үйдү калыбына келтирүү үчүн курулуш материалдары
Тейит айылынын башчысы Касымжан Абдилжанов айыл жалпысынан тынч деп билдирди. Былтыркы коогалуу күндөрдө Жалал-Абад шаары жабыркады деп катталып калгандыктан андан-мындан келген гуманитардык жардам Тейитке берилбей тураганын айтты:

- Жабыр тарткан жер Жалал-Абад шаары деп жазылып калыптыр. Бтзде Бакиевдердин үч үйү эле күйгөн. Анан дагы эки үй күйгөн. Ар квартал сайын аксакалга жана Санжар Бакиевге 5800 сомдон жардам келип турат. Башында 100 доллар деген экен. Эми дагы 1 миң сом кошулуп калыптыр. Бул акча чет мамлекеттен келет. Чет мамлекеттен өздөрү келип долбоор жазып кетишкен.

2010-жылы 7-апрелде кан төгүлүп, бийлик алмашкандан бери бир жыл өттү. Ошол күнү Ак үйдөн качкан мурдагы президент Курманбек Бакиев Тейитке баш калкалап, ал жактан бир аптадан кийин Казакстанга, андан ары Беларуска чыгып кеткен.

Курманбек Бакиев Тейиттеги үйүндө дээрлик бир апта турган, 14-апрель, 2010-жыл
Азыркы бийликтин тушунда Бакиевге 7-апрель окуясы боюнча "тынч жыйынга чыккан элге ок атууга буйрук берген", "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Бакиев өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келет.

Бакиев туулуп өскөн Тейит айылында азыр бейгам жашоо уланып жаткандай. Бир жыл мурун айыл эли бүтүндөй дүрбөп, баары экс-президентти коргоп-колдоп калууга далалат жасаган болсо, азыр мага Тейит өтө эле тынч, ал тургай иттери да бейчеки үрбөгөндөй сезилди.

XS
SM
MD
LG