Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:29

Коопсуздук

Мектепти жардырууга кимдер даярданган?

Бишкектеги №20 мектептин короосунан жардыргыч зат табылды. Мектептин кароолчусу таап алган жалтырак баштыктагы сырдын банкасында жардыргыч зат экенин Коопсуздук комитетинин “Альфа” тобунун саперлору аныкташты.

Текст көлөмү - +
"Бул жерде же тигил жерде жардыргыч зат табылды" деген кабарларга Кыргызстанда көнүп калгандай эле болушту. Мындай окуялар бир айда эки-үч кайталанган учурлар болуп жатат.

28-апрелде парламент депутаты Марат Султановдун үйүнөн граната жарылып, бирок эч ким жабыркаган эмес. Коопсуздук органдары депутаттын үйүндөгү жардырууну жасагандарды кармай элек. Мына эми андан бир жума өтүп-өтпөй мектептин короосунан жардыргыч зат табылып отурат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурлан Токталиев №20 мектептин короосунан табылган баштыктагы сырдын банкасы жардыргыч зат экенин саперлор аныктаганын билдирди.

Беш-Күңгөйдөгү аскердик операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл
- Баштыкчаны текшере келгенде анын ичинен колдон жасалган жарылуучу түзүмү бар красканын банкасы табылган. Бул жарылуучу зат алюминий пудрасынан, аммиактын селитрасынан жана чачыроочу майда темир-тезектерден куралган. Адистердин алдын ала берген бүтүмүнө караганда, жарылуучу заттын күчү 1 кг тротилалык көрсөткүчкө барабар.

Мектептин короосунан жардыргыч заттын табылган фактысы боюнча "кол салуу" жана "терроризм" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга чейинки жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр боюнча "Жайшул Махди" террордук уюмун айыптап, 15-апрелде ишти сотко өткөргөн болчу.

Комитет тараткан маалыматка караганда Амир Исламов башында турган бул кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү өткөн жылы сентябрда Бишкектеги синагогада болгон, 30-ноябрда Спорт сарайынын жанындагы болгон жардыруулар, 25-декабрда Бишкек шаардык милициясынын жанында жардырууга даярдалган унаа, жаңы жылда 4-январда Бишкекте үч милиция кызматкерин өлтүрүү жана башка бир катар оор кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Азыркы учурда террордук уюмдун он мүчөсү кармалып камакта жатат, экөө 5-январда Беш-Күңгөй айылындагы операцияда жок кылынган. Бул уюмдун үч мүчөсү кармала элек, аларга издөө жарыяланган.

Беш-Күңөйдөгү операциядан кийин талкаланган үй, 6-январь, 2011-жыл
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган жерди тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, жардыргыч заттар жана диний-экстремисттик адабияттар табылган. Алардын түпкү максаты - Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштү кулатып, халифат куруу болуп саналат.

Коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов мектептин короосунан табылган жардыргыч зат да “Жайшул Махди” уюмунун калдыктарынын кылган иши болушу мүмкүн деген версияны да карап жатышканын билдирди.

Марат Иманкулов ошондой эле мурда Спорт сарайынын жана Бишкек шаардык милициясынын жанынан табылган жардыргыч заттар атайын даярдыктан өтүп келген адистер тарабынан жасалганын, бул жерде Ооганстандагы жана Пакистандагы террордук лагерлер менен байланыш барбы деген шек кетип жатканын белгилейт.

Мурдагы коопсуздук кызматкери Алишер Абдымомунов Кыргызстанда киши көп чогулган жайларды жардырууга жасалган аракеттердин артында Кыргызстан тандап алган парламенттик башкарууга каршы болгон радикал-экстремисттик, реваншисттик күчтөр турат деп айтып келатат.

Роза Отунбаева аскердик машыгуу учурунда, 4-май, 2011-жыл
Президент Роза Отунбаева Ош шаарында жаңы эле аяктаган “Бүркүт-Антитеррор-2011” аскердик машыгуусунда чыгып сүйлөп, Ооганстан менен Пакистандагы террорчул уюмдардын мүчөлөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө дейре кирип келип жатышканы жөнүндө атайын кызматтардын маалыматы бар экенин, террорчул жана экстремисттик күчтөр өз ара биригип, өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүү үчүн улуттар аралык жана социалдык чыр-чатактарды чыгарууга бел байлашууда деп билдирген.

Андан мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңеште Пакистан менен Ооганстандагы террорчуларды даярдаган лагерлерде эки жүздөн төрт жүзгө чейин кыргызстандык жарандар машыгуудан өтүп жатканын, алардын көпчүлүгү өзбек тектүү жарандар экенин, Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн айткан эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Secret Man каяктан: Turkey
10.05.2011 15:25
duyno juzu musulmandarga karwy 4yguuda !!!sebebi musulmandar birikse musulmandarga ech kim ten kele albdayt owogo uwundai musulmandardyn ichinde soz(fitne)chygaryp musulmandardy musulmandarga uruwturup jatywat !!!chynygy musulman andai bolo albayt bizdin olkonun 87%ti musulman bolso kantip ele bizde jardyruu jana bashkany uyuwtursun!!!bular musulmandardy karaloo uchun ish jurguzup jatkan uyumdardyn ishi !!!

кимден: Оо бали каяктан: Бишкек
09.05.2011 10:02
Бул али эчтеке эмес алдыда президентик шайлоо,ага канчалык жакындагансайын мындан кызык окуяларга күбө болот окшойбуз

кимден: Искен
08.05.2011 01:23
Туугандар!!!

Болорбос иш болду 20жыл мурун дин жакты мамлекеттик мекемелер - катуу кармаш керек болчу! Эми мына биримдик жок....:((((((((((
Жаңылыктарды көрүп жатпайбызбы - Иракта, Ооганистанда, Пакыстанда жана башка 100% мусулман өлкөлөрдө жаман иштер жана жардыруу болуп жатат!!! Эмне себептен болуп жатат - ынтымак жана биримдик жоктугунан!!!! Мусулман мусулманды капыр деп жардырып жатпайбы!!!! Бизге булар келе жатат!!!!!!!!!!
Ошол үчүн бизге ынытмак, биримдик, бирдик, тартип керек!!!!!! Жана журту бириктирсек дин боюнча эмес, а улут боюнча болуш керек!!!!!!
терең урмат менен,

кимден: кыргыз каяктан: Красноярск
07.05.2011 15:50
Балдарда эмне куноо!!!. Ошол балдарга жамандык каалаган адамдарды кудай урсун. Аларга наалат.

кимден: Москвагул каяктан: Москва
07.05.2011 13:42
Накта спектакль, автору жана анын аткаруучулары,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.05.2011 11:56
мусулман террорист болбойт, террорист да мусулман болуп эсептелбейт. Жасалып жаткан иштердин баарын мусулмандарга жаппагыла. мунун баарын мусулмандын атын жамынган сырткы кучтордун даярдаган адамдары жасап жатат.

кимден: karlygach каяктан: KNR
07.05.2011 11:34
Alla ozun saktai kor, alakandai kyrgyz kalkymdy

кимден: ЖОЛДОШБЕК каяктан: БИШКЕК
07.05.2011 11:33
Оуу москвалык жана канкор бакиевти жактаган жердештер,пикир жазат десе эле келжирей бересинерби!
Олкобуз силер мактаган акаев,бакиевтен кийин тизелеп тура албай жатса мазактайсынар да.ага кошулуп халифат кургусу келгендер ушундай жаман жолдорго барышууда.
Кыргыз жерине ,кыргыз элине мусулман олко курабыз дегендик ошолордун кок меелиги.кудай анын бетин ары кылсын,эгерде кырсык болуп адамдар майып болсо кыргыз жигиттери жанагы сакалчан балдардын сакалын бирден жулат.
Элим сак журолу.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.05.2011 20:17
jakshilap oylonchu kirgizstan ozuncho mamleket bolgonon beri kanchalik aldiga jildi

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.05.2011 10:32
Мунун баары бийликтин эле проделкасына окшоп жатат,учения откоруп жаткандай эле нерсе.
Мына биз иштеп жатабыс деш керек болуп жаткандай.Андай эле терористтер чабуулун баштаса жардыруу созсуз болмок,жардыргыч затты коруно жерге да коюп коймок беле,таап алгыла деп

кимден: Kanat каяктан: Osh
07.05.2011 09:17
Bul oyundardi kilvatkan Ozdoru TERORIST. Kirgizdar kozunordi achkila
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)