Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:28

Саясат

Террорчу делгендердин экөө жок кылынды

5-январда Беш-Күнгөй айылынын жанында террорчу деп шектелгендерди кармоо операциясы болду.

Беш-Күнгөй айылынын жанындагы атайын операция болгон жер, 5-январь.
Текст көлөмү - +
Шектүү делген үч адам күч органдарына бир жарым саат бою каршылык көрсөттү. Натыйжада террорчу делгендердин экөө жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлдү. Атайын операция учурунда УКМКнын бир кызматкерине да ок тийип, ооруканага жетпей мерт болду.

5-январь күнү милиция кызматкерин атып өлтүрдү деп шектелген беш адамга Ички иштер министрлиги издөө жарыялады. Көп өтпөй күч структураларына Беш-Күнгөй айылына жакын жерде үч адамдан турган куралчан топ ээн үйдү ээлегени маалым болот.

Окуя болгон жерге жакын турган Беш-Күнгөй айылынын тургундары ошол күнү эртең менен ээн турган бош үйгө бейтааныш адамдар кирип алганын байкашып, милицияга дароо кабар беришкен.  Мындай маалымат түшөр замат ИИМдин жана УКМКнын ыкчам тобу аталган жерге жетип барып, сарайды курчоого алат.
Опреациядан кийин, 5-январь.

Жашырынган шектүүлөр катуу куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн УКМК менен ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлерине тик учак менен дагы кошумча аскер күчтөрү түшүрүлдү. Бул операцияны көзөмөлдөп жаткан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев каршылык көрсөтүп жаткандарды тирүүлөй колго түшүрүү аракети болуп жатканын билдирди.

- Изин кууп ушул жерге таап келгенден кийин алар мына бир жарым сааттан бери каршылык көрсөтүп, чоң куралдар менен да атып жатышат, автомат менен да атып жатышат. Биздин максат буларды тирүүлөй кармаш, же болбосо өлтүрүү максатында болсо биз даана атып талкалап таштамакбыз. Биздин максат тирүүлөй кармамай, анан буларды сотко жеткириш.

Ок атышуу, жардыруулар дагы бир нече мүнөттөргө созулду. Арадан көп өтпөй күч структуранын бир өкүлүнө ок жанып, ал мерт болгону маалымдалды. Операция аяктады деп айтылгандан кийин күйүп жаткан сарайдын тушуна, атышуулар болгон жерге барганыбызда каршылык көрсөткөн согушкерлердин экөө жок кылынып, бирөө колго түшкөнү маалым болду.
Министр Зарылбек Рысалиев операция учурунда, 5-январь.

Ал милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышы бар делип издөө салынган 25 жаштагы Эдил Абдрахманов экендигин Зарылбек Рысалиев тастыктап, калган өлтүрүлгөндөр боюнча буларды билдирди.

- Совет Исламов дегени биз буга чейин маалымдагандай витилигасы бар, колдору агала болгон адам, операция маалында атышуудан көз жумду. Үчүнчүсү мына күйүп жаткан тамдын ичинде дейт. Ал жакка азыр кирүү мүмкүн эмес. Себеби балдар ал жерден газ балон көргөн экен. Ал жарылып кетиши мүмкүн.

Министр Зарылбек Рысалиевдин айтымында, бул күнү жаалданып куралдуу каршылык көрсөткөндөр 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанындагы жардырууга, 25-декабрда Бишкек шаардык башкы милициясынын имаратын жардыруу аракетине жана кечээки үч милицияны өлтүрүүгө түздөн-түз катышы бар адамдар болгон. Министр бул боюнча террордук топко тиешеси бар деген негизде буга чейин кармалган адамдар көрсөтмө берип, далилдер топтолгонун да белгиледи.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Дилмурат каяктан: Москва
06.01.2011 18:01
козу отуп кеткен коргоо кызматкерлеринин жайлары жаннаттан болсун. Спецоперацияга Азимбек Бекназаровго автомат берип жонотуш керек эле, не ага биздин укук коргоо органдары оюнчукпу, кааласа соттоп, кааласа жумушка чыгаргыдай. Мындан кийинки операцияларга ал кишини да алып алыныз Зарылбек мырза, козу менен корсун балким тушуно жакшы нерселер кирип онолуп кетээр.
Пикирге жооп

кимден: Кимдир бироо каяктан: жердин бир жеринен
07.01.2011 01:01
курман болгон жоокерлерге терен кайгыруу менен конул айтам. Тергоодо жургон эми раматылык "шектуу" деген кишиге курал берип коюш озу деген эмне? Демек, окмот шектуу дегендердин баарына деле курал берип койбойбу? Альфа айтыптыр, эми бизде адистер жок, ошондуктан Женишбекти кайра чакырууга туура келди деп. Кандай гана акмакчылык! Коргоо министрлиги, МВД эмнеге керек анда. Ой себеби дегенде биздин милийсалар курсактарын которуп алып чуркай да алышпайт да, компьютерде ойногондон жана пара алгандан башка эмнени билишет? уят, саны бар сапаты жок кайда генералдар (свадебный генералдар)? Ырсалиев болсо ыкчам тобу оперативдуу иштеди деп уялбай айтып жатат. уят 3 кишиге 100 жакын милиса, костюм, галстук кийип алып журушот, МВД, УВД, КГБ, МО жана башка толгон токой, вертолет, БТР. Болгону 3 сакалчан кылмышкерлерге. Мына сага биздин профессионализм. Тиешелуу жыйынтыкты озунор чыгаргыла. Азаттык, суранам, жарыялап коюнуздар.
Пикирге жооп

кимден: Бактыбек каяктан: москва
08.01.2011 13:27
Вобще уятыңар жок адам экенсинер.Азаматтар ушинтип терорристерди жок кылганына.Кайра сүйүнгөндүн ордуна былжыраган сөз айтасынар да.Демек силер жамандаган Роза эже жана жаны өкмөт иштеп атат.Дегеле бизге эч нерсе жакпай койду го.Эй башка күчтүү маммлекетерде деле бир террористке бир эле полиция барганын көргөн жокмун.Жүздөгөн күчтүү современный куралдуу спезнац кармап атат.Биздикилерди гана жамандаш керек.КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖОК КЫЛАР ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ БИР ГАНА ДУШМАНЫ БАР - АЛ КЫРГЫЗ ӨЗҮ.
Пикирге жооп

кимден: Генерал!
07.01.2011 13:39
Кошумча: Кандай операциянын устунон иштеп журушсо да,баардыгынын колдору чонтогундо.Ой бир аракет кылып,жанталашып аткандары байкалбайт,четтен карап турсан,жээ интернеттен корсон кайдыгер эле жон эс алып журушкон сыяктуу,мен ушундай журуш туруштарына тан калам.Кооп байкадым.Ээй силер кызматынарды аткарып жатасынар,жооптуу иштесинер,чыкыйып тургула!!! Алдынардыкы майор,капитан артынардыкы лейтенант.Уят эле.

кимден: Beyman каяктан: Bishkek
06.01.2011 17:24
Kyrgyzstanda terroris emne kilsin ey? Bul baardigina ele maalim, kunoosuz baldardi o'lturunu emne keregi bar? Ozunon ozu bomba jardirilat sport ordosunun janinda imenno Bakiyevterdin sotu bolo turgan kunu,saatinda dagin kurmansiz. En kizi kimbat 10kilogramdik jardiruu zati mashinadan tabilat? Emi, keche olturulup ketilgen IIMnin shektuuloru bugun kandaydir operasiya menen biroogo kerek emes uydu orttop kayaktagi baldardi olturup tamasha korsotup jatat..! Ozdoru kilip jatkan operatsiyonniy missiago! Koygulachi ushunday baldardin oyunun? Ushunday jaman ishterdi jasap turub, realniy terroristterdi ozubuzgo KGga chakirib alabiz. Atak siler bul ishterdi jasap jatkandar jomogunardi baldar bakchasina barip aytkila.
Пикирге жооп

кимден: talant каяктан: usa
06.01.2011 19:31
100%koldoim ))))))

кимден: Кимдир бироо каяктан: Жердин бир жеринен
06.01.2011 17:16
http://www.24kg.org/glance/90204-kogda-laquoalfaraquo-ploxaya-i-xoroshaya.html
Окуп койгула

кимден: aaaa каяктан: orusiya
06.01.2011 17:07
кыргыз окумоту мындай окуяларди озбек окумоту 20 жылдан бери кылып жаткан тактикадан сабак алыб жатат Каримов ушинтип элди коркутып алган ташкенттада канчалаган адамдар терорист деп олтурулып же камалып кеткен козунорды ачкыла жол бербеш керек мындай окумоттун афёрасына мусулмандарды кысыш учун жооттор спонсордык кылып жатышат кыргыз окумотуна акча керек окшойт

кимден: моке
06.01.2011 16:45
Бабараимов деген киши озу кылмышкер деп сотко жоопкерчилик мойнунда турса эмнеге ага курал карматып ишке саласынар?Ички иштер министири Альфа группасы баары таза-так иштей албай жатат.Баары элдин алдында Кудайдын алдында тикесинен туруп жооп берет.

кимден: nurdin каяктан: moscow
06.01.2011 15:59
эми куч структуралары баары жакшы иштешипир бирок бироосу кайтыш болгону окунучтуу арты кайырлуу болсун уй було бир туугандарына кайгыруу менен конул айтам.етнегизги айтайын деген пикирим ички иштер министри кичине даярданып туруп анан интервью берсе болмок бирок оз ишин мыкты билген адис мындай жагдайда да даярдыксыз эле суйлоп коет.же кыргызча же жалан орусча.негизи ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ деген сурдуу токтоо адам болуш керек(бул менин жеке пикирим)
Пикирге жооп

кимден: Akyl каяктан: Korea
06.01.2011 16:52
Туура айтасыз ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ бир аз болсо да сүдүүраак болуш керек да.(бул да менин жеке пикирим)

кимден: manas каяктан: duyno
06.01.2011 15:56
Tigil malchy balany satyp koyupsunar go. Emi anyn koopsuzdugu kanday bolot? kanday jurnalistsiner? makul, tigil ayildan bayke bayooluk kylyp baaryn aytyp salyptyr, birok tigil balanyn koopsuzdugu ucun sizder jariyalabay ele koybopsunar.

кимден: рф
06.01.2011 15:37
Мен Абдрахманов Эдилди тааныйм аны менен россиядан поезд менен бир келе жатып таанышып калганмын.Бирок ал бала орус кыял болчу фанат эмес эле эсимден чыкпаса иркутскийде иштесе керек эле.аялы жана эмчектеги баласы бар эле.Мумкун булар кезектеги козел отпушениелер эмеспи ,,,бирок кудай билет .Террорист болуш учун жок дегенде 2-3 жыл учениеде журуш керек эле.Ал ото эле назик бала эле.

кимден: Azamat каяктан: Turkiya
06.01.2011 15:28
operaciya jakshy ottu dep aytyp jatat !!!!!!!!!!! Alfadan 1 sotrudnik olup jatsa..... !!!!!!!!! 3 teroristti 100 dogon specnazdar mn arang alyp jatasynar !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Antiterror
06.01.2011 18:03
Sen TRda oturup alyp tilindi sairata berbei anda kelip karmashpaisynby... Oi kyrgyzdardy synatyp ele koiso. A emnege oshol "Alphachylardy" maktabaisynar???
Пикирге жооп

кимден: Jooker каяктан: Kyrgyzstan
07.01.2011 09:44
Antiterror azamatsyn koldoim.

кимден: Адилет каяктан: Кыргыз жери
06.01.2011 14:56
Каза болгон Алфа тобундагы жигиттин туугандарына конул айтабыз!
Туура кыласынар болгон терролорду жана криминал чойросундогулорду бут тазалаш керек баарыбызга мыйзам бирдей болуш керек!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)