Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Гаухар: Такси айдаганыма таң калгандар көп


Гаухар Иминова
Гаухар Иминова

Кыргызстанда, башка өлкөлөрдө деле таксист болуп иштөө эркектердин иши катары кабыл алынып калган. Бирок учурда Бишкекте таксист болуп иштеген аялдар да жок эмес. Алардын бири Гаухар Иминова өз иши тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

“Азаттык”: Бул жерде көп таксист жигиттер бар экен. Арасында кыз кишини - сизди да көрүп калдым. Качантан бери таксист болуп иштеп жатасыз?

Гаухар: Таксист болуп иштеп жатканыма бир ай болуп калды. Үйдө отуруп, турмуштун айынан чыгып жатам. Төрт балабыз бар, аларды багып, кийиндирип, ичиндириш керек дегендей. Күйөөм өзү жалгыз иштечү, анын айлыгы бардыгына жетпейт. Экинчи жагынан азыр батирди ижарага алып жашайбыз. Ошон үчүн жолдошума кичине жардам болсун деп иштеп жатам. Күнүнө 500-600 сом табамбы, азык-түлүккө, балдарымдын мектебине жардам болсун деп. Төрт баланы окутуш деле оңой эмес. Ар бирине 400-500 сомдон мектебине төлөйм.

“Азаттык”: Адатта коомдо таксист - бул эркек кишилердин жумушу катары кабыл алынып калган да. Ошону эске алганда сиз таксист болуп иштөө чечимин кантип кабыл алдыңыз?

Гаухар: Эми кандай деп айтсам. Машина айдаганды билгенден кийин жолдошума жардам болсун деп чыктым да. Эми туура, таксист бул эркектердин жумушу. Бирок азыр аялдар эркектердин бардык эле жумушун кылып жатпайлыбы. Мен аялмын деп үйдө отуруп алган жокпуз.

“Азаттык”: Ишиңиз жөнүндө айтып берсеңиз, мисалы биринчи кардарыңыз эсиңизде барбы? Биринчи кардарыңызды кантип, кайда жеткирдиңиз? Аны алып баратканда кандай ойдо, сезимде болдуңуз?

Гаухар: Ооба, эсимде. Биринчи кардарым бир улуу эле киши болгон. Аны Көк-Жар кичирайонуна жеткирип баргам. Мени көрүп эле “аял киши турбайсыңбы, сен таксистсиңби” деп күлүп калды. Ошол киши биринчи кардарым болгон. Ал башында Арча-Бешикке алып бар деген эле, бирок жолдо баратып, “сени кыйнабай эле койоюн, Көк-Жарга эле таштап кой” деген. Эми эл аял киши таксист экен деп карап, күлүп калышат. Бул эми аялдын жумушу, эркектин жумушу дебей эле иштеп жүрөм.

“Азаттык”: Канча күн, же канча ай, же канча жыл таксист болуп иштейм деген оюңуз бар?

Гаухар: Эми билбейм, кудай каалап, жумушум жакшы болуп турса иштей берем. Мүмкүн бир жыл иштейм. Же башка жумуш чыгып калса, башка иш кылам. Чындыгында эле таксист болуп дайыма эле иштей берген болбойт. Мындай караганда таксисттердин иши бир аз кооптуу.

“Азаттык”: Эмнеси менен кооптуу?

Гаухар: Мисалы, мен кечки саат 5-6га чейин гана иштейм.

“Азаттык”: Демек, сиз күндүз гана иштейт турбайсызбы?

Гаухар: Ооба, күндүз гана иштейм, кечинде чыккандан корком. Анткени таксисттерге кол салган ар кандай окуялар болуп жатпайбы. Таксисттерди кармап, өлтүрүп, тоноп, машиналарын, акчаларын алып кеткен учурлар бар. Ошолордон коркуп, кечки саат бешке чейин эле иштейм. Андан кийин барып үй жумушун кылам. Тамак жасаш керек, балдарды тойгузуш керек дегендей.

“Азаттык”: Таксист болуп иштеп жатканыңызды уккан курбуларыңыз, тууган-туушкандарыңыз, тааныштарыңыз эмне деп жатышат? Сизди колдоп, кубаттап жатышабы же бул ишиңди токтот деп айтышабы?

Гаухар: Токтот дегендери да бар. Мисалы, атам "токтот, аял кишисиң, таксист болуп иштебе, түркүн адамдар бар, сага туура келбейт" деп айтып эле келе жатат. Эжелерим болсо, "абайлап, байкап айда, өзүңдү кара" деп айтышат. Ошол эми акырын-акырын, абайлап айдап жүрөбүз.

“Азаттык”: Ал эми жолдошуңуз таксист болуп иштейм деген оюңузду айтканда эмне деди? Азыр кандай ойдо?

Гаухар: Жолдошум башында каршы болду. Иштегениң туура болбойт деп айтты. Бирок сүйлөшүп, түшүндүрүп, эптеп көндүрдүм. "Сен иштеп жатасың, мен сага жардам кылайын, 500 табамбы, 600 табамбы, ошону тамак-ашка жумшап турайын. Сенин тапканыңды башка нерселерге жеткирели" деп, көндүрдүм. Ушинтип иштеп жүрөм, жолдошума түшүндүрүп. Чын-чынында анын мени ойлоп, такыр иштеткиси жок.

“Азаттык”: Ал эми кесиптештериңиз, айталы, таксист балдар, байкелер жардам беришеби? Мисалы, арабызда таксист болуп иштеген жалгыз аял деп кардарларды көбүрөөк салып береби? Же машинаңыз бузулуп калса, оңдошо койобу дегендей?

Гаухар: Алар мени колдоп турушат, жардам беришет. Кээде кардар жок көпкө туруп калдың деп, адамдарды мага салып берип коюшат. Кыскасы, аларга сөз жок, арабызда жалгыз аял иштеп жатат деп, колдоп, сыйлап турушат.

“Азаттык”: Өзүңүз тууралуу дагы айта кетсеңиз, мисалы каерден болосуз?

Гаухар: Мен Жалал-Абаддан болом. Өзүм өзбек кызымын. Бул жакка күйөөгө чыккам. Жолдошум кыргыз. Төрт баланы багып, өстүрүп, чогуу өмүр сүрүп келе жатабыз.

“Азаттык”: Кыргыз жигити менен өзбек кызы кантип баш кошуп калды эле?

Гаухар: Эми кеп улутта эмес да, адамдын өзүндө, жүрөгүндө да. Мисалы, мен кыргыз, өзбек, дунган, орус деп бөлбөйм. Адамдын ички дүйнөсүнө, өзүнө карайм. Мен жашоомо, кыргызга турмушка чыкканыма ыраазымын. Күйөөм жакшы, иштеп, аракет кылып, бизди багып келе жатат. Эми бир үйлүү болуп алсак жакшы болот эле деп, аракет кылып келе жатабыз.

XS
SM
MD
LG