Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Оторбаев менен Ташиев кайым айтышты


Камактагы депутаттарды колдогон митинг, 17-октябрь, 2012-жыл
Камактагы депутаттарды колдогон митинг, 17-октябрь, 2012-жыл

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Коомдук телеканал “Ташиев менен Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү” делген, такталбаган маалыматты таратты деп, КТРК жетекчилиги коомчулук алдында кечирим сурашы керектигин айтты.

21-февралдагы сот отурумунда КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев көрсөтмө берип, ага 3-октябрдагы митингге чейин Камчыбек Ташиевдин телефон номурунан Минскиге жана Лондонго телефон чалуулар болгону тууралуу маалыматты телеканал кайдан алды деген суроо берилген.

Оторбаев телеканал бул маалыматты биринчилерден болуп таратпаганын айтып, телефон сүйлөшүү тууралуу жаңылыкты кабарчылары жергиликтүү сайттардын биринен алганын белгиледи:

- Телефон сүйлөшүү боюнча алгачкы маалымат 10-октябрда diesel.elcat.kg сайтына чыгыптыр. Беларуска 37 44 6 841 83, ал эми Англияга 4420 30 51 37 39 деген номурлар жазылыптыр. Биз ушуну пайдаланып, материалдын өзүндө саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин пикирин бердик, ал "чын эле телефон чалуу болсо керек" деген оюн айткан.

Оторбаев эгерде бул маалымат жалган экени аныкталса, КТРК депутат Ташиевден коомчулук алдында кечирим суроого даяр экенин кошумчалады.

Камчыбек Ташиев митингдин алдында өзүнүн телефонунан болгон чалуулардын бардыгы такталып, тергөөдө пайдаланылганын, ал чалууларда Бакиевдер жайгашкан Беларус жана Британияга коңгуроо чалуу жок экенин айтты.

"КТРК бийликтин буйругун аткарып, оппозицияны бир беткей каралап жатат", - деди Камчыбек Ташиев:

- Кимге, качан, каякка телефон чалганымдын баары жазылып турат. Сиз айткан номерлерге мен эч качан чалган эмесмин. КТРдин журналисттери, жетекчилиги саясий кызыкчылыкка алдырышып, мени жаманатты кылып жатышат. Кайдагы Лондон, кайдагы Минскиге чалды деп каралап жатышат. Менин бардык чалууларымды караганда Орусияга гана эки жолу чалган экенмин.

Сот ишине катышып жаткан адвокаттар, саясатчы Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова Ташиев четте баш калкалап жүргөн Бакиевдерге телефон чалды деген маалымат жалган болуп чыкканын айтышты.

Кубат Оторбаев Ташиевдин чалуулары боюнча мобилдик компаниялар берген маалымат толук эмес болгонун жүйө кармап, кечирим суроодон баш тартты. Сотто дээрлик 1 саат бою КТРКга сын айтылып, абактагы депутаттарды бир беткей каралоону токтотуу керектигин белгилешти. Оторбаев бул сынга мындайча жооп кайтарды:

- Саясий буйруктарды аткарсак анда биз соңку окуяларда экинчи тараптын пикирин такыр бермек эмеспиз. Мен сайтыбыздагы жана башка материалдарды карап көрүп, биз тең салмактуу маалымат бергенибизге дагы бир жолу ынандым.

Темир тор артында отурган үч депутат КТРК жетекчисин алардын жактоочулары жер-жерлерде уюштуруп жаткан митингдерди да чагылдырбай койгонуна нааразы болушту. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова:

- Бул киши сүйлөшкөнү анык экен деп, чечим чыгаргандай маалымат берилсе, анда туура эмес болот. Бирок ушул кишинин үнү деп болжолдонгон, үнү окшош сыяктанган адам телефон чалыптыр деген жаңылык болсо, андан чекилик издөөнүн кажети жок. Маалымат каражаттары аны көрсөтүүгө укугу бар. Окуя болуп жатса, чагылдыра беришибиз керек.

Ошентип сот жараянында Ташиев алар тарабынан бийликти басып алууга алдын ала аракеттер болбогонун, Бакиевдер менен Ак үйдү алуу боюнча бир да жолу сүйлөшпөгөнүн айтууда.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу.

Кармалгандарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылган жана сот 10-январдан бери уланууда. Иш боюнча суралчу күбөлөрдүн саны өтө көп болгондуктан сот чечими жакын арада чыкчудай эмес.

Ташиев: Күнөөлүү эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG