Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Шыралжың кенинин тагдыры арсар


Суусамыр тоолору
Суусамыр тоолору

13-июлда Таластын Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагында жыйын өтүп, анда Шыралжың кенин чалгындап жаткан кытайлык "Ти жен ху"” ишканасынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Жыйынга айыл тургундары, райондук, облустук жана өкмөт өкүлдөрү болуп, эки жүз чамалуу киши катышты.

Шыралжың кенин кытайлык “Ти жен ху” ишканасы 2009-жылы чалгындай баштаган. Бирок 2010-жылы апрель окуясынан кийин чалгындоо иши токтоп, жыл аягында кайра жанданган. 2012-жылдын апрель айында айыл тургундары чогулуп, компаниянын ишин дагы бир ирет токтоткон. Ошондон бери аталган кенди чалгындаган ишкананын жумушу жылбай турат.

13-июлда жергиликтүү элдин, тоо кен адистеринин, компаниянын жетекчилигинин жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда элдик жыйын өтүп, ишкана маселеси ачык талкууланды. Айыл тургуну Бати Бекмуратова жыйында кенди иштетүү жайыттарга терс таасирин тийгизип жатат деп айтты:

- Эл-журт, уккула, ал жерде биздин мал бар. Чалгындоо ишинде эле баарын тешип жибериптир дейт тим эле. Эки жактан оокат кылбайбыз, жалаң малды караган элбиз. Малыбыз кырылып калса эмне болот? Чала төрөлгөндөр болот экен. Чалгындоодо колу илешкендер кытайлардан акча жеп жатат. Өздөрүнүн пайдасы үчүн иштеп жатышат.

Айылдын дагы бир тургуну Анатай Курманбеков кен жайгашкан Шыралжың жайлоосунда айыл элинин 10 миң баш кой, 3 миң баш уй жана миң баш жылкысы жайылып жүргөнүн айтып, өкмөттүн аппаратынан келген Тариэл Искаковго кендин ачылышына каршы болгон 450 адамдын колу коюлган катты тапшырды.

- Элдин шоруна калбагыла. Үч күндөн бери түнкүсүн үгүттөп жүрүшөт, макул болгула деп. Жардамыңар ушул болсун: бул катты Атамбаевге, Бабановго алып баргыла. Эгер алып барбасаңар жакшылык болбойт, элдин жарымы төө буурчак чаап келбей калышты. Мунун арты жаман болот.

Бирок айылда кендин иштешине макул болгондор да жок эмес. Жаныбек Айтбаев эгерде чалгындап жаткан ишкана айылдын жолдорун оңдоп, айыл тургундарын жумушка алса иштесе болорун айтууда.

- Жаш балдар тим эле түшүнбөстөн айтып жатат. Алтындын эч кандай зыяны жок. Өзүбүздүн келечегибиз үчүн колдонуп калышыбыз керек да. Элибиз оңолсо экен, ынтымак болсо экен, тынчтык болгон жерге инвесторлор келет. Бүгүн элдин оюн угуп, бир чечимге келели деп өкмөттүн өкүлү келип жатат. Иштеп, жакшы болуп кетсе, турмуш оңолот.

Аталган кенди чалгындап жаткан “Ти жен ху” ишканасынын башчысы Мо Гуан компания мурда кетирген кемчиликтерин оңдоп, жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштешүүгө даяр экенин белгилейт.

Мо Гуан
Мо Гуан
- Өткөндө айыл эли менен чогулуп, иш кыла албай калдык. Эми сиздердин айткан талаптарды орундатабыз. Жок деген жокпуз. Айыл эли сүйлөшүп, бир уюм түзгүлө, ошол уюмга өзүмдүн атымдан 2 млн. сом котороюн.

Адистердин айтымында, союз маалында аймакта болжол менен 23 тонна алтындын, 40 тонна күмүш жана жездин запасы бар экендиги аныкталган. Түндүк чалгындоо экспедициясынын башчысы Болоткан Алымкуловдун ою боюнча, кендин запасы мындан да көп болушу мүмкүн:

- Бул СССР маалдагы маалымат. Балким мындан дагы көп болушу мүмкүн. Кытайлык инвесторлор муну чалгындап, тактап жатышат. Канча алтын, күмүш, жез бар болгонун такташууда. Анан бул кен баланска киргизилип, аукционго коюлат.

Ошентип бул кендин да тагдыры чечилбеген бойдон жыйын аяктады. Талас облусунда мындан башка Жер-Үй, Андаш сыяктуу ири кендер иштебей турат. Ал эми Талды-Булак, Кичи-Кайыңды кендери чет элдик инвесторлор тарабынан чалгындалып жатат.

XS
SM
MD
LG