Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Бакай-Ата таза сууга зар болду


Таласта Бакай-Ата айылынын калкы таза суунун зардабын тартууда. Мыйзам боюнча район борборлору өзүн өзү каржылоо режиминде болгондуктан, Бакай-Ата айылы да “Таза суу” программасына киргизилген эмес. Бир кудуктан адамдар менен кошо жаныбарлар да суу талашат.

Бекболсун 11 жашта. Ал күн сайын таң эртелей күндүн суугуна карабай сууга жөнөйт. Ал үшүгөн эриндерин титиретип, мурдун улам-улам тартып койот.

Экөөбүз арабада сүйлөшүп бараттык. Тестиер канчалык эртелей шашып келбесин суу чыгуучу кудуктун жанында эл жык толгон. Таза суу үчүн кезек күткөндөргө көз чаптырсаң кыз-келини, кары-жашы дебей баары чогулган.
Анысы аз келгенсип, уй-жылкысы, ит-мышыгы дебей айланчыктап суу сурап жүрөт. Макулбек Туткучбаев да суу күтүп, кезекте турат.

- Бакай-Атада суу маселеси эгемендүүлүк алганы артка кетти. Малыбыз менен кошо чыла суу ичип жатабыз. Оорулар көбөйүп кетти. Бизди караган эч ким жок.

Бакай-Ата айылында 8 миң 200 киши катталган. Айылга таза суу тартылып келген куур 1937-жылы курулган. Азыр 3 гана жерде суу чыгат экен. Кудуктардын кайсынысына барба - топтолгон эле адамдар.

Мыйзамга ылайык, райондордун борборлору өзүн-өзү каржылоо режиминде болгондуктан “Таза суу” программасына кирбейт. Ошол эле кезде айыл 83% дотацияда турат.

Дагы бир суу чыгуучу жайда абал өтө кейиштүү. Айыл тургуну Фатима Жээнтаева таң атпай ачууланууда.

- Уйлар, эшектер ичип жатат. Иттин өлүгү сууда жатат. Биз го жакшы эле жашап койдук, балдарыбыз эмне болот? Уйдун богун тундуруп коюп ичип жатабыз. Акаев, Бакиевдер чечип бербеди, эми жаңы өкмөт чечип берсе болот эле. Бизге райондун борборунун кереги жок, Бишкекке алып кеткиле. Бизге таза суу керек.

Бакай-Ата райондук Санитардык эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Артык Абдылдаевдин маалыматына таянсак, куурдун эскилиги жеткендиктен соңку жылдары жугуштуу оорулардын саны өскөн.

- Акыркы эле беш жылда жугуштуу оорулардын саны өскөн. Жылына кудуктардан 45 анализ алып турабыз, ошонун 20 пайызы талапка жооп бербейт. Район боюнча 383 ич өткөк оорусу катталса, ошонун 110у Бакай-Атада катталган.

Айылдагы мектеп, бала-бакча, ооруканада абал кандай? Айылдагы майыптар үйүнө баш бактык. Бир жигит чака менен суу ташып бараткан экен.



Юра сыяктуу эле бул жайды паанектеген майыптар керек суусун өздөрү ташыйт.

Аталган мекеменин директору Бурул Туманова да суу көйгөйүнөн кеп салды.

- Биз негизги куурдан суу алабыз. Өзгөчө эртең менен жуунарда кезек күтүп калабыз. Кээде Бакай-Ата боюнча суу жок болуп калат. Балдар туш-тушка жөнөшөт. Ошондо Үрмаралдан ташып келүүгө мажбур болобуз. Ушул суу маселеси чечилсе болот эле.

Бул жерден адам да, мал д суу ичет.
Бул жерден адам да, мал д суу ичет.
Айыл башчысы Карабек Турдубаев айылдын элинин атынан бийликтерге жетеби деп “Азаттык” аркылуу да кайрыла кетти.

- Мектептерде суу көйгөйүнөн улам пожарканын машинесине акча төлөп суу куябыз. Мунун айынан эки мектебибиз токтоп калганы турат. Өкмөткө кайрылабыз: биздин айылды АРИС программасына киргизип берсе болот эле. Элдин атынан 5 пайызды да чогултуп койгонбуз. Ушуну жеткирип койосуздарбы?

Айылга суу тоо этегиндеги Үрмарал суусунан куур аркылуу келет. Эгерде жерден каза турган болсо, 80 метр тереңдиктен чыгат. Ансыз да багууда отурган айылдыктар мынча жумушту көтөрө албайт.
XS
SM
MD
LG