Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Маркумдар "алган" пенсиянын сыры менен чыры


Талас. Манас ордо комплекси.
Талас. Манас ордо комплекси.

Таласта өлгөн адамдардын атына пенсия чегерген факты боюнча кылмыш иши козголду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, райондук социалдык фонддун жана райондук почтанын кызматкерлери мындай жол менен мамлекетке 291 миң сом зыян келтиришкен.

Социалдык фонддун жетекчилиги бул фактыны сентябрь айында эле өздөрү аныктап, ушул тапта аудиттик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Алар буга чейин укук коргоо органдары тарабынан расмий текшерүү болбогондугун белгилеп, кылмыш ишинин кандай негизде козголгонуна кызыгып жатышат.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Талас райондук социалдык фондунда өлгөн адамдардын атына пенсия чегерүү фактысы боюнча кылмыш иши кечээ, 16-декабрда козголду.

Талас районунда 12 миң киши пенсия менен камсыздалат.
Талас районунда 12 миң киши пенсия менен камсыздалат.

Аталган мекеменин пенсиянын төлөмдөрүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн эки жетектөөчү адиси жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын Талас райондук филиалынын кызматкери 2012-жылдан 2014-жылдын сентябрь айына чейин алдамчылык жол менен көзү өтүп кеткен адамдардын наамына пенсия чектеп, аны өздөрү алып жүргөн.

- Ошол үч адам сүйлөшүп алып, пайда көрүү максатында 2012-жылы каза болгон Бейшенбек Атабеков жана 2013-жылы каза болгон Болот Жолдошбековдун наамына пенсия чектеп, аны 2014-жылдын сентябрь айына чейин алып жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө ушул үч кызматкердин үстүнөн 315-берене боюнча (кызматтык жасалмачылык жана алдамчылык) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Муну биздин 5-бөлүмдүн кызматкерлери текшерүү учурунда аныктап чыгышкан, - деди Абдысейитов.

Талас райондук социалдык фондунун жетекчиси Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, бул фактыларды алар өздөрү сентябрь айында аныкташкан. Отчеттун негизинде акча каражаттарынын суммасы чыкпай калгандыктан, алар жогорку органдарга билдирүү жасап, аудиттик текшерүү жүргүзүүнү суранышкан. Азыр мекемеде бир жумадан бери аудиттик текшерүү жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы чыга элек.

- Атабеков Б. деп жазып коюптур. Ал пенсионер 2012-жылы өлгөн экен. Бирок бизде өздүк эсеп деген болот. Ал өздүк эсеп башка эле кишиде жүрөт. Азыр ошонун баарын аудит текшерип жатат. Мен тигил же бул алып жүрүптүр деп айта албайм. Муну укук коргоо органдары текшерип, сот аныкташы керек. Азыр иликтеп жатабыз. Балким башка эле бир киши, же биздин, же почтанын кызматкери алып жүргөндүр. Мунун баарын бирден чакырып, териштирет да, - деди Сыдыкназаров.

Баратбек Сыдыкназаров аудиттик текшерүү аягына чыга электе эле укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишинин козголушу ага түшүнүксүз болуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, буга чейин укук коргоо органдары расмий түрдө мекемени текшерүүгө алган эмес.

- Булар кантип иш козгоду. Бирөөдөн эле маалыматты алып туруп кылмыш ишин козгоптур. Расмий түрдө бизден маалыматтарды алган эмес. Булар эмненин негизинде текшерүү жүргүзгөнүн билбейм. Пенсиялык иш кагаздарын караган эмес. Ансыз деле укук коргоо органдарына баарын бермекпиз. Мына азыр аудит текшерип жатат, ушунун жыйынтыктары баары чогуу жакында берилет.

Ташболот Балтабаев.
Ташболот Балтабаев.

“Социалдык фонддордун баарын текшере келсе, көзү өтүп кеткен адамдарга пенсия чегерип койгон учурларды көп эле жолуктурууга болот”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев. Мисалы, адам каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат берилбей калып, пенсия төлөнгөн учурлар болот. Мындан тышкары кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, адамдын каза болгонун жашырып, акчаны бөлүшүп жүргөн учурлар да кездешет. Депутаттын айтымында, азыр бул тармакта мындай учурларды болтурбай коюунун так механизмин иштеп чыгуу зарыл.

- Ар бир адам өзү алыш керек деген болсо, анда жанагындай мүмкүнчүлүк жоголот эле. Азыр ишеним кат менен алып жүрбөйбү көбү эле. Ошонун негизинде дагы төрт-беш ай “ким билет эле” деген максатта алып же ич ара бөлүшүп коюшу мүмкүн.

Депутаттын пикиринде, эки жыл бою каза болгон адамдын атына пенсия төлөп келген райондук социалдык фонддун азыркы айтып жаткан аргументтери суу кечпейт. Анткени бул мекеме кылмыш иши козголгонго чейин бул көрүнүштүн алдын алган чараларды көрүшү керек эле.

-Өлгөн адамдын пенсиясын алып жаткан соң алар күнөөлүү да. Мисалы, жумушта иштеген киши каза болсо, анын маянасын бербейт да, алар муну билет. Өлгөнгө төлөп жүрүп, анан “өзүбүз билгенбиз, биз карап жатканда булар келип кармап алды” деген сөз суу кечпейт. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп кыргызда бекеринен айтылган эмес.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, аталган мекемеде өлгөн адамдарга гана эмес, Социалдык фонддун эсебинде жок жарандарга дагы жасалма документтер аркылуу акча бөлүп берген учурлар аныкталган. Ошентип бул окуялардын кесепетинен мамлекетке 291 миң сом зыян келтирилген. Ушул тапта Талас районунда 12 миң киши пенсия менен камсыздалат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG