Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Таласта митингге чыккандар жолду ачты


Таласта Жерүйгө каршы өткөн митинг. 15-май, 2013-жыл.
Таласта Жерүйгө каршы өткөн митинг. 15-май, 2013-жыл.

Бакай-Атадагы нааразычылыктан улам Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясы өз ишмердигин токтотуу чечимине келди.

Аталган компаниянын Шыралжын кенин иштетүүсүнө нааразы болгон эл 3-апрелде милиция менен кагылыша кеткен.

Эл беш талап койду

4-апрелде Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы элдик жыйында жергиликтүү тургундар бийликке беш талап койду. Элдин талаптарын Бакай-Ата районунун тургуну Имамбек Байсеитов жарыялады:

- Шыралжын алтын кенин иштетүү тезинен токтотулсун, экологиялык зыян төлөнүп берилсин, митингге чыккандар куугунтукталбасын, күч колдонгон милиция кызматкерлери жоопко тартылсын жана Талас өрөөнүндө эч кандай кен ачылбай, экологиялык таза аймак болуп сакталсын. Бул жалпы элдик талаптар аткарылбаса, нааразычылык токтолбойт.

Бийлик өкүлдөрү Таласка барды

Түш чендерде чогулган элге Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, Геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Койсун Курманалиева барды. Алар элдин талаптарын жарым-жартылай аткарууга убада берди. Маселен, Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясы маселе бир жаңсыл болмоюнча өз ишмердигин токтотуп, андагы техникаларын алып чыгып кетүүгө макул болгон. "Ал эми экологиялык зыян төлөнүп берилсин деген талап боюнча, эң оболу канчалык зыян келтирилгенин адистер текшерүүсү керек" деди вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев.
Таластагы ири кен Жерүйдү иштетүүгө каршы мөөнөтсүз митинг. 15-май, 2013-жыл.
Таластагы ири кен Жерүйдү иштетүүгө каршы мөөнөтсүз митинг. 15-май, 2013-жыл.
- Митингге чыккандар куугунтукка алынбасын деген боюнча тергөө иши жүрүп жатканда милициянын аракетине да калыс, адилеттүү баа берилсин деп, протоколго кол койдук. Ал эми Талас өрөөнүндөгү кен-байлыктар токтотулсун деген арызыңарды Геология агенттигине бергиле, карап көрүп, жообун берет дедик. Бирок жабылат деп эч ким убада бербейт деп айттык.

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы 3-апрелде нааразылык акциясына чыгып, жолду буушкан. Абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен митингчилер ортосунда чатак чыгып, 19 милиционер жана 4 акция катышуучусу жабыркаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов милициянын машинеси өрттөлгөнүн айтты.

- Митингге чыккандар милицияга каршылык көрсөтүп, ташбараңга алышкан. Милиция кызматкерлери коргонуу максатында атайын каражаттарды колдонууга мажбур болушкан. Таш менен урган учурда 19 милиция кызматкери жабыр тартып, алардын экөө облустук бейтапканага жаткырылган. Бул экөөнүн абалы башкаларга салыштырмалуу оорураак.

Коомдук уюмдар эмне дейт?

Бакай-Атада эл менен милиция кагылышып, Талас-Тараз жолу жабылган окуя боюнча бир катар коомдук бирикмелер билдирүү менен чыкты. Акыйкатчы милицияны күч колдонбоого, ал эми Бакай-Ата районунун калкын сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле кен иштетүүдө жергиликтүү элдин социалдык талаптары эске алынбаса, бул сыяктуу күтүүсүз окуялар боло берерин эскерткен. Ал эми Бириккен улуттук оппозиция Бакай-Атадагы митингчилерди колдоп чыкса, “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы райондун жашоочуларына кайрылып, чагымчыларды жана ызы-чуу баштоочуларды ээрчибөөгө чакырган. "Бардык маселелер укуктук жол менен күч колдонуусуз чечилиши керек" деди аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Галина Давлетбаева.

- Маселени “ийри отуруп, түз кеңешүү” керек. Экинчи тарап да өзүнүн ойлорун айтса, жакшы бир жыйынтыкка келсе болот да. Ошондо чыр-чатагы, уруш-мушташы жана талап-тоноочулугу жок эле тил табышса болот. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. А бизде болсо күч менен чечүүгө аракет кылышат.

Талас облусунун тургундары буга чейин Жерүй жана Андаш кендеринин иштетилишине да каршы болуп, бир катар нааразычылык акцияларды уюштуруп келишкен болчу.

Шыралжында чалгындоо иштери жүрүп жаткан

3-апрелде Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын 200дөй тургуну Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы митингге чыгып, Талас-Тараз жолун бууган.

Митингге чыккандардын бири, “Коррупцияга каршы аянтча” жаштар кыймылынын өкүлү Нурлан Музуровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Шыралжын алтын кенин иштетүүгө жолду буугандар губернатор баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылган:

- Эл “бизге кийин дене-бою кемтик балдардын төрөлгөнүнүн, суунун булганганынын, экологияга зыян келгендин кереги жок” деп жатышат. Жергиликтүү бийликтин келишин талап кылып жатабыз. "Ташбараңга алабыз" деп жатышат. Биз токтотуп турабыз.


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитов кырдаал курчуй электе, 200дөй киши чогулуп калганын, каршылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүп жатканын билдирген болчу:

- Азыр эл көбөйүп жатат. Жол жабык болгондон кийин ары-бери өткөндөр токтоп, кошулуп жатат. Толуп кеткен деле тыгын жок. Кээ бир унаалар көчөлөрдү айланып өтүүдө. Азыр бизден 100гө жакын кызматкер бар. Дагы райондордон келгени жатат. Сүйлөшүү жүргүзүү аракеттери болууда. Биз тараптан ок атылган жок. Жол тоскондор тараптан таш ыргытуу болду. Талас-Тараз-Суусамыр жолу Миң-Булак айылында жабылып турат.


Окуя болгон жерге барган жергиликтүү журналист Жаннат Токтосунова чогулгандар арасында жаалдангандар бар экенин маалымдаган:

- Негизи чогулгандар Боо-Терек айылынын тургундары экен. Уюштургандар деле көрүнбөйт. Башаламан митинг болуп жатат. Айрымдары мас экен. Биз барганда жолду тороп, таш менен ургулай баштады. Биз таркаганга аракет кылдык. Бирок унаадан чыккандарды сабап, жаалдангандар да бар экен.


Шыралжын алтын кени Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктин өкүлү Азиз Торалиев кенди “Алтын-Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындап, анын запасы аныктала электигин кошумчалады:

- Канча кен байлык бар экени чалгындоодо такталат. Такталгандан кийин баланска коюлат. Ошондон кийин гана так маалымат бере алабыз. Чалгындоо иштери толук бүтө электигине байланыштуу азыр так айта албайбыз. Азыр кен чалгындалып, бургулоо, анализдерди алуу иштери гана жүрүп жатат.
Таласта жол буугандар менен милиция кагылышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00


Бакай-Ата районунда өткөн айдын этегинде аталган алтын кенге байланыштуу жыйын өткөн. Анда кенди иштетүүгө каршы да, колдогон да пикирлер айтылган.

“Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясы алгач кенди 2005-2009-жылдар аралыгында чалгындаган. 2009-жылы иштериндеги алешемдиктерден улам лицензиясы жокко чыгарылган. Андан кийин чалгындоо иштерин 2013-жылга чейин “Ти Жен Хун” компаниясы жүргүзгөн. Казакстандык компания сотко кайрылып утулуп калган. Бирок Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча комиссиянын чечими менен 2013-жылы аталган компания лицензиясын кайра алган.

XS
SM
MD
LG