Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Талас: Чек ара көйгөйү көкөйгө тийди


Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунун дыйкандары өстүргөн жер-жемишин Казакстандын Жамбул облусуна сатышат. Дыйкандар чек арадан өтүү күн санап кыйындап баратканын айтышууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрүү бекетине барганымда өсүмдүк жүктөлгөн 400гө жакын унааны көрдүм.

Ал жерде тургандардын кимиси менен баарлашпайын эч себепсиз эле күндөп-түндөп Жамбул тарапка өтө албай жатышканын айтышат. Алардын бири 3 күндөн бери кезек күтүп турган Ибадат айым алма-өрүгү үчүн бушайман:

- Алып бараткан кара өрүгүм агып кетти. Биздин үндү угуп, чечип берээр адам барбы? Жайлай баккан мээнетибизди сатсак жакшы болот эле. Роза Отунбаева чечип берсин.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы болгонумду угаар замат эл чогула калды. Баары бир ооздон арыз-муңун айтып жатышты. Алардын бири – Гүлжан Батаева:

- 1 тонна картошка, 800 кг алмам кыргыз-казак чек арасында жатат. Же ары, же бери өткөрө албайм. 6 балам бар, аларды багайын деп келсек 2 күндөн бери ушул жердебиз.

Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн 2006-жылдары эки өлкөнүн чегинде базар ачылган. Базар иштеп турганда кыргыз дыйкандары айран-сүт, өсүмдүгүн чек арадан өтпөстөн казак соодагерлерине сатышчу экен. Ошол базар кантип иштебей калганы тууралуу Алмагүл айым буларды айтып берди:

- Илгери “Кербен” базарда иштегем. Бардык шарттары бар болчу. Аны чанып, уурданып, соодагерлер Жамбулга кете берип, базарга эч ким барбай жабылып калды. Эми минтип чек арадан өтө албай жалдырап турабыз.

Бул жерде аркы тарапка өтө албай тургандардын бир бөлүгү бир кезде базарды иштетип, жер-жемиштерин ошол жакка сатууну сунуштап жатышты. Айрымдары ага көнгөн жок.

Акыры чогулгандар базарга кирбестен өз алдыларынча чек арадан өтүп, алып келген товарын Жамбулдун базарына сатышмай болушту. Кечке жуук топтолгон унаалардын алдыңкылары чек ара бекетинен өтүп жатышты.

Дээрлик бир күндөй убакыт бажы бекетинде болуп, казактын да, кыргыздын да жарандарынын чек ара көйгөйү көкөйүнө жетип турганын өз көзүм менен көрдүм. Баарынан тең кейип-кепчиген, үшкүрүнгөн гана үндөр угулуп турду.

XS
SM
MD
LG