Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:28

Маданият

Кыргыздын салтын сактаган “Элечек апа”

Кыргыздын улуттук кийимдери жөн гана жылытпастан, ден соолукка да пайдалуу. Таластагы улуттук “Манас Ордо” комплексинде башынан элечегин түшүрбөй, кийизден чакан белектерди жасап, сайма сайып, кол өнөрчүлүгү менен тиричилигин өткөрүп жаткан Тинатин Сманалиева элечектин касиети тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Текст көлөмү - +
Тинатин Сманалиева 61 жашта. Ал 3 уул, 2 кыздын апасы.

- Качан көрбөйлү, кайсы жерде болбосун элечекти башыңыздан түшүрбөй келесиз. Сизди элечек апа деп да аташат экен.

- Элечек – апалардан калган баш кийим. Бул өзүбүздүн улуттук баш кийимибиз да. Кандай көрктүү, кандай жарашыктуу! Менин апам да кийип жүрчү, анын апасы да кийчү экен. Анан өзүм туура көрдүм, элечекти түшүрбөй кийип жүрөм. Өзүм оройм.

- Канча жылдан бери кийип жүрөсүз?


- 20 жыл болуп калды. Өзм да ушуну ыйык көрөм.

- Мунун башка кийимдерден артыкчылыгы эмнеде?

Таластагы улуттук “Манас Ордо” комплекси
- Элечекти кийгенден кийин башыңа жоолук да салынгың келбей калат. Муну кийген киши тумоо орусу менен да оорубайт, баш оору да болбойт, тыкан да болосуң.

- Элечекти бардык эле адамдар орой албайт. Муну өзүнүн ыгы, жөндөмү менен оролот, туурабы?

- Мунун өзүнүн сыры бар. Илгери кыргыздар тоо-ташта көчүп конуп жүргөн да. Анан кыргыздын өзүнүн салты бар. Элечекти ак кепин деп коюшат. Ошондуктан илгери аял кишиге элечекке 15-20 метр кездеме кетчү экен. Ошого карап ороп жүрүшчү. Ал эми азыр дүкөн түбүбүздө, мата деген көп. Азыр баары кийип алса жарашмак, 15-20 метр кылбай эле чакан 5 метрлик кылып эле жасап алса болот. 15-20 метрлик элечекти мага окшогондор көтөрө албайт.

- Сизде бир эле элечек болбосо керек, улам алмашып калат да.

- Ооба элечекти алмаштырып бир айда улам жууп кийип алам. Анан ар бир уруунун өзүнүн илээкиси болот. Мен кийип жүргөндү беренчи деп коет. Төмөнкү элдики болсо башкача оролот. Мисалы көлдүкү болсо кичекей болот. Илгери бир жамандык болгондо бул илээкинин жээгин кыргак деп коет, кыргагын карадан кылып кийишчү, кара жоолук салынгандай кылып. Анан башка майрамдарда кыргагын кызыл, жөнөкөй күндөрү кыргагын ак түстөн кийишет.

Тинатин Сманалиеванын жанында отурган кыз сөзгө кошулду. Ал Тинатин апанын кичүү кызы Таттыбүбү экен.

- 3 балам бар, улуу балам 3-класста. Апамдын жанында кол өнөрчүлүгүн үйрөнүп жүргөнүмө 20 жыл болду. Кийин мен да элечек кием деген оюм бар, убагы келгенде. Азыр кыздардын улуттук топуларын, сумкаларын, балдардын чокойлорун жана тумарчаларды жасайбыз. Кийиздерди жазында, апам үйрөтүп койгон колго жасайбыз. Анан күзгө маал суук түшкөндөн тарта кийишет, ошол учурда жасап сатабыз.

- Курбуларыңыз апаңыздын элечек кийгени тууралуу сизге көп айтабы?

- Ооба мен апамдын элечек кийип, кыргыздардын салтын кармап жүргөнүнө аябай сыймыктанам.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыялкеч
14.01.2011 16:08
Кызы деле кийип алса болмок экен. Жарашып калмак. Мага да бала кезимде элечек кийуу аябай жакчу, мектепте ар кандай иш-чараларда, конкурстарда ак сурптан элечек ороп, анын сыртына ар кандай кооздуктарды илип, Курманжан датканын же Алымкандын дагы башка бир чыгарма каармандарынын ролун аткарганды аябай жакшы корчу элем. Элечек аялдын келбетин туз кармап алып журуусуно да чон таасирин тийгизет дешет го. Ошондуктан, туура орош керек деп айтылса керек. 15-20 метр матаны башта которуп журуу да чон эрдик болсо керек

кимден: Austrıa каяктан: Austrıa
07.01.2011 22:53
Menda apamdy, taınemdı abdan sagyndym :( :( Aman bolunus!

кимден: АК 47
07.01.2011 15:42
Жакшынакай чон апа экен:) :) :) :) :) :) :) :) : )

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)