Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Бишкек-Дүйшөмбү: тактачу маселе арбын


Тажик президенти буга чейин Бишкекке келип кеткен 27-май, 2013-жыл
Тажик президенти буга чейин Бишкекке келип кеткен 27-май, 2013-жыл

Кыргызстан менен Тажикстан табыйгый союздаштар. Эки өлкө тең мунай, газга жарды. Ошондуктан өнүгүүдө суу-энергетикалык багытка басым жасоого аргасыз. Бирок кошуна мамлекеттер региондун суу байлыгы баарына бирдей таандык деп, эки өлкөнүн энергетикалык долбоорлорун колдобой келатат. Мына ушундай шартта Бишкек менен Дүйшөмбү карым-катнаштарын жолго салууга аракеттенүүдө.


Жантөрө Сатыбалдиев андан сырткары тажик өкмөт башчысы Акил Акилов жана президент Эмомали Рахмон менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн негизин чек ара маселеси түзөт:

- Күн тартибиндеги негизги суроо катары чек ара кызматташтыгы турат. Бараткан делегациянын курамында да Баткен облусунун жетекчиси, район акимдери бар. Чек ара маселеси тажик жетекчилиги менен сүйлөшүүдө эң негизги багыт болот.

Кыргыз-тажик чек арасы, 28-апрель, 2013-жыл
Кыргыз-тажик чек арасы, 28-апрель, 2013-жыл
​Суу-энергетикалык тармак боюнча табыйгый союздаш болгон эки өлкөнүн мамилесине чек ара инцинденттери көлөкө түшүрүп келатат. Өзгөчө Баткен облусу менен Тажикстандын анклавтарынын айланасындагы маселелер курч болуп, жергиликтүү калктардын ортосунда чыр-чатактардын булагына айланып турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын ичинен 570 чакырымга жакыны аныкталган.

Кыргыз-тажик мамилесиндеги дагы бир орчун маселе транзит маселеси. Кыргызстан Тажикстан аркылуу электр энергиясын экспорттоо долбооруна кызыкса, Тажикстан Кыргызстан аркылуу Казакстан, Орусияга чыгууга мажбур.

Эки өлкөнүн өз ара соодасына келе турган болсок, ал анчалык деле көлөмдүү эмес. 2012-жылы эки мамлекеттин соодасы 44 млн. долларга жакындаган. Быйылкы жылдын алты айында 26 млн. долларга жеткен. Эки тараптуу соодада Кыргызстандын экспорту басымдуулук кылат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май, цемент, өнөр жай жабдуулары жана мал-жандыктар экспорттолот.

Бишкек менен Дүйшөмбүнүн көңүлүн бурган дагы бир аспект - бул гуманитардык аспект. Тагыраак айтканда, Тажикстандагы кыргыздардын жана Кыргызстандагы тажиктердин маселелери.

Тажикстанда туулуп-өскөн, учурда Кыргызстанда жашап жаткан Жолдошбек Турдубаев кыргыз өкмөт башчысы Дүйшөмбүдө Тажикстандагы кыргыздарды кыргызча окуу китептери менен камсыздоо маселеси көтөрүлсө дейт. Андан сырткары жер-суу аталыштарын тажиктештирүү кыргыздарды абдан тынчсыздандырып жатат дейт Турдубаев:

Тажикстандын Мургаб районунда кыргыздар жашайт
Тажикстандын Мургаб районунда кыргыздар жашайт
​- Жерге-Талдагы бардык айылдардын аттары жасалма түрдө тажиктешкен. Кыргызча тарыхый аттары бурмаланган. Эгерде мурда тажикче аты болуп, кийин кайсы бир баатырдынбы же идеологиялык жасалма коюлган аттарды өчүрүп, кайра мурунку аттарын калыбына келтирсе, эч ким эч нерсе дебейт. Мында атайлап кыргызча топонимдерди, тарыхый аттарды өчүрүп, тажикче аттарды коюшкан. Анан негизи эле катнашты көбөйтүш керек. Катнаш да токтоп калды. Мына жыйырма жылдан ашып кетти, Кыргызстандан бир да расмий өкүл Жерге-Талга барган эмес.

Жолдошбек Турдубаев ошондой эле Кыргызстан жогорку окуу жайларында тажикстандык кыргыздарга бөлүнгөн квоталар туура жана натыйжалуу пайдаланылса деген оюн кошумчалады.

Тажикстанда 70 миңдин тегерегинде кыргыз улутунун өкүлдөрү бар. Бул өлкөдөн Кыргызстанга карай миграциянын агымы да жогору. Кыргызстанда алардын саны 30 миңге чукулдап барганы айтылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесиндеги дагы бир маселе бул эки өлкөнүн мүлктөрүнө байланыштуу маселе болушу мүмкүн. Тажик тарап Кыргызстан жеринде алардын 36 объектиси калганын, аны кайтаруу маселеси көтөрүлөрүн билдирген. Бирок Кыргызстан андай талапты четке каккан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG