Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Мамытов: Ак-Сайдагы жолду курабыз


Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов 7-январда Дүйшөмбү шаарында өткөн кыргыз-тажик сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча "Азаттыкка" маек берди.

Мамытов: Жолугушууда чек арада жашаган кыргыз, тажик айылдарында жашаган жарандарынын коопсуздугу тууралуу сөз болду. Чек ара маселесин чечип атканда кичинекей айыл-айыл болуп калган жерлерди мамлекет менен байланыштырган жол тууралуу да сөз болду. Натыйжада тажик вице-премьери менен коомдук кырдаал курчуп кетпесин деп бир пикирге келдик. Ошол жердеги эки өлкөнүн милиция, чек ара кызматкерлери күзөткө чыгышсын, кыргыз жана тажик жарандарынын бири-бирине кол көтөрүүсүнө жол берилбесин деген чечим кабыл алынды. Азыр эле Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мага маалымат берди. Алар Тажикстандын Ички иштер министринин орун басары менен биргелешип, чечим кабыл алганга үлгүрүштүр. Эми милиция да биргелешип чек арадагы тартипти көзөмөлдөшөт. Ошондой эле эки өлкөнүн чек ара кызматчылары да 9-январда Тажикстандын Исфара шаарында жолукту, алар дагы талаштуу тилкелерди биргелешип кайтарат.

“Азаттык”: Декабрь айындагы жаңжалдын очогу болгон Баткен-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап уруксат бербейт деген кепти жергиликтүү серепчилер да, тажик чиновниктери да айтып жатат. Бул сүйлөшүү боюнча жолдун тагдыры кандай чечилет, жыйынтык болобу?

Мамытов: Жол боюнча өткөндө эле Ак-Сайга барганда элге “жол салынат” деп убада бербедимби. Бүгүн ал жолдун курулушу уланып жатат. Албетте, коңшу мамлекет аймак такталбагандан кийин “курулушту токтоткула” деген талапты коюп жатат. Бирок бизге ал жол керек. Тажиктерге деле керек, силер да пайдалангыла деп айтып жатабыз. Тажик тарап аталган аймактардын тактала электигин айтып, кыргыз тарапка суу бою өтүп кетиши мүмкүн деп камтама болуп жатышса керек. Биз чек араны тактаганга чейин эл кыйналбасын, салына берсин деген позицияны Дүйшөмбүдө да билдирдик.

“Азаттык”: Демек, жол салуу улана берет?

Мамытов: Албетте уланат.

“Азаттык”: Чек араны тактоочу паритеттүү комиссия учурда ишин улантып жатабы?

Мамытов: Ооба, алар Дүйшөмбү шаарында 12-январга чейин иштешет.

“Азаттык”: Демек чек ара сызыгын тактоо Ак-Сай айылынан башталабы?

Мамытов: Тактап айтып койсом, Баткен районунан башталат. Райондун аймагына Ворухтун тегереги, Хожайло, Ак-Сай, Масеиттин жери, Көк-Таш, Самаркандек, Таш-Тумшук, Паскы-Арык ж.б.айылдар кирет да. Чек ара тактоону ушул жерлерден баштайлы деп чечтик.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG