Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Маматалиев: Чек арада жагдай жайгарылды


Вице-премьер Абдрахман Маматалиев Жогорку Кеңеште.
Вице-премьер Абдрахман Маматалиев Жогорку Кеңеште.

Кыргыз-тажик чегиндеги соңку кырдаал боюнча "Азаттыктын" суроолоруна вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жооп берди.

“Азаттык”: Түнкү тополоңдон кийин чек арадагы соңку кырдаал кандай, абал турукташтыбы?

Абдрахман Маматалиев: Эл түнкү саат үчтө толугу менен тарады. Күч органдарынын кызматкерлери ал жерди көзөмөлдөп турушат. Тажикстандыктар эртерээк тараган, биздикилер болсо түнкү саат үчтүн тегерегинде тарап кетишти

“Азаттык”: Бизге жеткен маалыматтар боюнча, бир адамга ок тийип, ага операция жасалып жаткан экен...

Абдрахман Маматалиев: Көк-Терек айылынын тургуну ызы-чуу башталганда 16-калибрдеги мергенчилик мылтыгы менен кокустан өзүн атып алганын айтты. Тартип коргоо органдары ага жолугуп, аны менен сүйлөшкөн экен. Таш тийип, 12 милиция кызматкери дарыгерлерге кайрылган.

"Азаттык": Кырдаалдын курчуп кетишине эмне себеп болду?

Абдрахман Маматалиев: Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, чатак жөн жерден чыгып кеткен. Данияр Сулайманов аттуу жараныбыз Тажикстандын Кожалы деген айылынан келатса, жолдон бир аял токтотот. Аны машинесине отургузуп алып келатканда тажик милиционери тосуп, “бул жерде эмне кылып жүрөсүң” деген суроодон кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгат. Андан кийин тажик милиция кызматкери телефон чалып койсо керек, жолдун кесилишинде бир топ тажик жарандары күтүп турган экен, аларды таш менен ура баштайт. Ошентип биз тараптан да кишилер чогулуп, жаңжал ушинтип курчуп кеткен.

“Азаттык”: Ушинтип сөздөн-сөз чыгып отуруп, ал тирешүүгө айланып жатат. Мына ушундай чатактарды болтурбоо аракеттери көрүлүп атабы?

Абдрахман Маматалиев: Ооба, элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келатат. Бирок жылдын башынан бери ушул өңдүү чыр-чатактар көбөйүп кетти. Эки адамдын ортосундагы чатак ырбап отуруп, чоң жаңжалга айланууда. Эки тараптан эл чогула калып, жол тосуу, барымтага алуу, машине өрттөө көрүнүштөрү орун алууда.

Өкмөттүк деңгээлде да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Мына, 11-майда Тажикстандын Душанбе шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу өтөт. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өз деңгээлинде жолугушуп жатат. Мен бүгүн жеринде абалга байкоо салуу үчүн Баткенге жөнөп баратам. Ошондон кийин дагы жыйынтык чыгарабыз.

“Азаттык”: Чек ара чатактары адатта жайыт, сугат суу үчүн чыгат эмеспи. Жай мезгили да келатат. Жайыт үчүн чек аралаш аймактардагы кошуналардын чатакты ырбатпоо маселеси талкууланып жатабы? Быйыл жайыт боюнча тажик тарап менен өзүнчө сүйлөшүүлөр болобу?

Абдрахман Маматалиев: Биз сунуш жасайлы деп жатабыз. Анткени 15-апрелден 19-апрелге чейин Хожент шаарында өткөн сүйлөшүүдө биз “силердин жарандарыңар жайыт маселесин көтөрүп жатат, ушуну талкуулап алалы" десек, алар азырынча бул маселени койбой турганын айтышкан. Бирок андан кийин жайытка кетип аткан жолдо биздин жарандардын жолун тосууга аракет кылышты. Анткен менен биз апрелдин башынан бери чара көрүп, биздин чек арачылар малчыларды коштоп жүрүшкөн. Ошондо да бир аз чатак ырбап барып, кайра токтоп калган. Бирок биз жайыт маселесин кайрадан көтөрөбүз, тажик тарапка айтабыз.

“Азаттык”: Сиз вице-премьер-министрлик кызматка жакында эле дайындалдыңыз. Ушул кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сизден кандай чечимдерди, кадамдарды күтсөк болот?

Абдрахман Маматалиев: Көп жылдан бери чечилбей келаткан жайыт, жол маселелерин чукул арада чечүү үчүн айланма жолдорду бүтүрүшүбүз керек. Менимче, Тажикстанда өтө турган жолугушууда бир чечимге келип, кол койсок бир топ маселе чечилмек. Ак-Сай айылынын тургундары да адегенде жол маселесин чечсеңер калган бир топ маселелерди өзүбүз эле чечип алмакбыз дешүүдө.

Мындан тышкары да бир топ маселелер бар. Мисалы, демаркация, делимитация маселелерин тездетиш керек. Бул жагынан иштер жүрүп жатат. Апрелде биздин эксперттер интенсивдүү иштеди.
XS
SM
MD
LG