Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Ишеним болбосо чек ара такталбайт


Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 30дан ашык жаңжал катталды. Жака-Өрүк, Баткен. 8-май, 2014-жыл.
Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 30дан ашык жаңжал катталды. Жака-Өрүк, Баткен. 8-май, 2014-жыл.

Бишкекте 14-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда чек ара маселелери талкууланды.

Кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев жолугушуудан кийин тараптар делимитация, демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү керек деген бүтүмгө келишкенин билдирди:

- Бул жаатта биз бири - бирибизди толук түшүнөбүз. Биз чек ара маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссияга бул татаал маселени эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгында чечүү жолдорун табуу үчүн тез-тез жолугушуп турууну, эң башкысы бири-бири менен натыйжалуу кызматташууну тапшырдык.

Тажик премьер-министри Кохир Расулзода өз кезегинде жолугушуу ийгиликтүү өттү деп билдирди:

- Жолугушуунун баары бири - бирин конструктивдүү, бири-бирин түшүнгөн, сыйлаган, ишенген мүнөздө өттү. Чек ара кызматташтыгы, мамлекеттик чек араны делимитация, демаркациялоо, соодо жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү өңдүү түйүндүү маселелерди чечүү жолдорун кеңири талкууладык.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз-тажик өкүлдөрү өткөн айдын этегинде Баткендин Исфана шаарында кездешкен, кийинки жолугушуу ушул айда Тажикстанда өтмөкчү:

- Сүйлөшүүлөр соңку чыр-чатактардан улам бир аз солгундай түшкөн. Азыр эми жандандырып, бири-бирибизге өз сунуштарыбызды бердик. Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуулары мындан ары региондордо, чек арадагы аймактардын өзүндө гана өтөт. Жол, жайыт өңдүү маселелерге көбүрөөк көңүл бурулат. Буюрса Көк-Таш – Ак-Сай жолун куруу аяктап калды, 10-15 күндө колдонууга берилет. Бул жолду кийинки жылы асфальттаганга аракет кылабыз.

Ак-Сай айылындагы чек арачылар
Ак-Сай айылындагы чек арачылар

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов чек ара маселелерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көбүрөөк аракет кылып жатканын жакшы көрсөткүч деп баалады:

- Чек ара маселелери менен кошо суу, жайыт, жол өңдүү маселелер бар. Мыйзамдар эски, жарым кылым мурун кабыл алынган, эки элдин кызыкчылыгын камсыздай албайт. Жайыттарды пайдаланууга байланыштуу маселелер биротоло чечилиши керек. Ушул маселелер чечилгенден кийин эки элдин ортосундагы экономикалык, интеграциялык кызматташууга толук шарт түзүлөт жана мүмкүнчүлүк болот. Эки мамлекеттин өз ара алака-катыш потенциалы өтө жогору.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 30дан ашык жаңжал катталды.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тактоо кайсы жылдагы карта, документ менен жүргүзүлүшү керектиги боюнча азырынча орток пикир таба элек. Эки өлкөнүн чектешкен жеринин жалпы узундугу 970 чакырымдан ашат жана анын теңинен көбү делимитация боло элек.

XS
SM
MD
LG