Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кыргыз-тажик чегинде кайрадан чыр чыкты


Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын чектешкен жеринде турган аскерлер. Баткен, 28-апрель, 2013.
Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын чектешкен жеринде турган аскерлер. Баткен, 28-апрель, 2013.

Баткендин Ак-Сай айылында Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол эки күндөй тосулуп турду.

Жол 3-майдын түнүнөн тарта тосулуп, 5-май күнү эртең менен ачылды. Ага 3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшу себеп болгон. Мындан улам жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулган. Күч органдары кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланганын тастыктады. Тажик жарандары да Лейлекке кетчү жолду бууп, кайра ачкан.


Чырдан арылбаган Ак-Сай


Жол тосуп турган аксайлыктар Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун жандантууну жана жайыт маселеси бир жактуу чечилишин талап кылып турушту.

Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев “Азаттыкка” жол тосуунун себептери тууралуу буларды айтып берди:

- Ворух аркылуу чек арачылардын коштоосунда жайлоого чыккан кыргыз жарандарына тоскоолдук болбойт деп облустук, райондук деңгээлде сүйлөшүүлөр болгон. Алар бир-эки жолу биздин мал-жаныбызды өткөрүштү. Бирок 4-5 күндөн бери буга чейин айткандарын аткарбай жатышат. Алар биздин айткандарыбызга көнбөгөндөн кийин жолду ачпайбыз. Азыр Ворухтун жетекчилери келди. Биздин мал-жан да силердин жайлоолоруңарга тоскоолдуксуз чыкса жакшы болот эле деген оюн айтты. Биз аларга силердин малыңар биздин жайлоого чыкпайт, муну айыл өкмөттөрү да, облус жетекчилери да чече албайт, эки өлкөнүн башчыларынын деңгээлинде макулдук берилсе, ошондо гана чыгарабыз деп айттык.


Жолдун буулушуна алып келген соңку окуя 3-майдын түнүндө болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, түнкү саат 11лер чамасында малын Улар жайлоосуна айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй койгон. Натыйжада эки тараптан тең эл чогулган:

- Кечээ түнкү 11лер чамасында тажик тарап Жака-Өрүк деген жерде эки трасса кесилишкен жерди жапкан. Лейлекке кеткен чоң жол да ошол жерден өтөт. Ошол тегеректе жашаган тажик жарандарынан 200дөй, кыргыз тараптан 50-60тай адам чогулуп, эл улам көбөйүп, бири-бирине таш атуу да болду. Биздин жарандардын эки унаасы талкаланды. Анан тажик күч органдары өзүнүн элин өздөрү жакка сүрүп алып кирип кетти. Биз өзүбүздүкүн токтотуп калдык. Эгерде токтотуп калбаганда чоң жаңжал чыкмак. Биз түнү менен Ак-Сайда болдук. Эл жол маселесин чечип бергиле деп жолду бууп отурат.

Ак-Сай айылынын жетекчиси Эркин Жолчиев чек арадагы соңку чырдын чыгышына тажик тарап аксайлыктар Кыргызстанга караштуу аймак менен өтүп баратканда тоскоолдук кылышы негизги себеп болгонун айтат:

- Малды курулуп жатып токтоп калган Ак-Сай – Тамдык жолу менен айдап баратышкан. Ошол жолдун Кожогар деген жеринде тажик жарандары биздин малды кайра артка айдашкан. Биздин чек арачылар кошо айдашып бараткан. Бирок ага карабай тажик тараптан чогулган 40тай адам аларды өткөрбөй коюшкан.

Жол тоскондор менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арачылар тынбай сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бирок андан азырынча майнап чыга элек.


Майнапсыз жолугушуулар


Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева соңку окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек арачылары да жолукканын билдирди:

- Кыргыз чек арачылары малды жайлоого айдып чыгууга жардам берип жатат. Соңку окуядан соң жаңжалды ырбатпоо максатында эки тараптын чек арачылары жолугуп сүйлөштү. Анда жайлоого малды айдап чыгууга тоскоолдук кылбоо тууралуу макулдашты. Бирок кыргыз тараптан жол тосулуп турганына байланыштуу ошол окуя болгон жерде чек арачылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч структуралары менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Тажик бийликтери буга чейин да мал менен жайлоого чыккандарга Ворухта тоскоолдук болбой турганын бир канча жолу убада кылышкан. Бирок ага карабай ворухтуктар минтип кайра кыргыз жарандарын жайытка өткөрбөй коюшту. Ворухтун тегерегиндеги кыргыз айылдары мал-жанын ушул анклавды аралап алып өтүүгө аргасыз. Мурдараак кошуналар мындай ачык каршылык көрсөтпөсө да айылынан өтүп бараткан кыргыз жарандарына кыйыр түрдө кысым көрсөтүп келген. Ушундан улам кыргыз тарап былтыр апрелдин этегинде Ак-Сай - Тамдык айланма жолун куруп баштап, бирок ал кошуналардын каршылыгынан улам токтоп калган. Анда да жол тосулуп, бийликке талаптар коюлган. Бирок маселе чечилген эмес.

Азыр чыр чыккан Ак-Сай айылына баруу үчүн да Тажикстандын Кожоаъло деген айылын аралап өтүүгө туура келет. Кыргызстан мындан улам көз карандысыз Көк-Таш - Ак-Сай жолун куруп, андан ары Ворухту айланып өтчү жолду улантууну көздөгөн эле. Бирок тажик тарап буга да каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда куралдуу кагылыш болгон. Ошондон кийин кыргыз-тажик чек арасы төрт айдай жабык турду. Ал арада бир канча жолу эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгону менен кыргыз тарап аталган жолдорду куруу боюнча кошуналар менен бир пикирге келгени байкалган жок.

Эми эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча келерки жумада Тажикстанда жолукканы жатат. Тараптар минтип сүйлөшүүлөрдү байма-бай өткөрүп жатканы менен серепчилер чек арада жаңжалдар азайбай, тескерисинче күчөгөнүн белгилешет.

XS
SM
MD
LG