Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Он бир жыл бою көздөн учкан пенсия


120 адамга курагы өтүп баратса да пенсия чегерилбей келет
120 адамга курагы өтүп баратса да пенсия чегерилбей келет

2004-жылы Тажикстандын карамагынан Кыргызстанга өткөрүлгөн Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарына ушул күнгө чейин пенсия берилбей жатат.

Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтү 2004-жылы гана түзүлгөн. Анткени ага чейин бул айыл Тажикстандын Мургаб районунун карамагында болгон. Алар бүт мүлкү, жери жана эли менен Кыргызстандын карамагына өткөндөн бери улгайгандарга пенсия чегерилбей келет.

Айыл аксакалы Камчыбек Нурмаматов аларды кыргыз бийлиги 11 жылдан бери алдап, убадаларын аткарбай келет деп нааразы.

- 2004-жылы Тажикстандан Кыргызстанга өтүп жатканда бийлик бизге асмандагы айды, күндү алып бермек. Төрт-беш жыл бою пенсияга чыгуу тууралуу ой мээбизге келбептир. Кийин жашы жеткендер пенсияга чыга албай калды. Себеби үлүш жер болбосо, андан Соцфондго акча төлөнүп турбаса, пенсия жазылбайт экен. Мыйзамда ошондой экен. Бул боюнча биз кайрылбаган жай калбады.

Сары-Моголдун тургундары пенсия маселесин чечүүнү талап кылып, айыл өкмөттүн имаратынын алдына маал-маалы менен чогула калып жүрүшөт. Бирок андай жыйындардан 11 жылдан бери майнап чыга элек. Айыл аксакалдары чогулуп, 200 чакырымдай алыс турган район акимине да бир ирет барып келишкен. Азыр айыл тургундары алар кайрылбаган бир эле Бириккен улуттар уюму калганын айтышат.

- Бизди жериңер жок дейт. Үлүш жерибизди сурасак беришпейт. Анын себептерине түшүнбөйбүз деле. Пенсия курагыбыз келсе деле чыгарбай жүрүшөт. Тажикстанда 25 жыл, жети ай иштеп келген адаммын. Эмгек китепчем да бар. Эми бизге пенсияны же тажик, же кыргыз төлөбөйт.

Сарымоголдуктар Кыргызстанга 57 миң 800 гектар жери менен кирген. Бирок ал жерлердин дыйкынчылыкка ыңгайлуу 14 миң гектары Мамлекеттик жер фондуна алынып калган. Жергиликтүү тургундар болсо ошол 14 миң гектар жердин ижара акысынын эсебинен болсо да элге пенсия чегерип берүүнү сурашууда.

- Мамлекеттик фондго алынган жер деле биздики. Аны биз ижарага алып иштетип атабыз. Ошол ижара акыдан эле Соцфондго акча которуп, бизге пенсия берсе неге болбойт? Жерди үлүшкө бөлүп бербегенден кийин ошол жолду бирөө жарым айтпай жатат да.

1946-жылдан 1996-жылга чейин элүү жылга Тажикстанга ижарага берилген Сары-Могол айылы созулуп отуруп, кайра Кыргызстанга 2004-жылы өткөн. Сары-Моголдун Тажикстандагы ижара мөөнөтү бүткөн 1996-жылдан тарта тажик тарап пенсия чегерген эмес. Кыргыз карамагына өткөндөн берки 11 жыл ичинде кыргыз тарап да элге пенсия чегербей койгон. Учурда сарымоголдуктардын пенсия албаган мезгили 21 жылды түзүп жатат.

Сарымоголдуктардын бул көйгөйүнөн жергиликтүү бийлик толук кабардар. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Аттокур Курмушуев эл сураган жерди үлүшкө бөлмөйүнчө маселе чечилбей турганын айтты.

- Бизде пенсия маселеси чындыгында көйгөйлүү. Бүгүнкү күндө 114 адам пенсия курагында болсо да пенсия ала албай жатканын жогору жакка жазганбыз. Бирок күндөн-күнгө жашы жеткен адамдар көбөйүп, пенсия ала албай калган адамдардын саны өсүүдө. Негизи бул аким же губернатордун колунан келчү маселе эмес. Жогору жактан чечилиши керек. Ал үчүн биз жазып эле атабыз. Тиешелүү кагаздар жогору жакка жөнөтүлүп атат. Бул үчүн жер трансформацияланышы керек.

Сары-Могол айылы деңиз деңгээлинен 3 600 метр бийиктикте кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан. Жергиликтүү эл негизги кирешеси мал багып табат. Картошка жана тоютка арпа гана эгишет. Айылда 6 миңге жакын калк жашайт. Анын ичинен 120 адамга курагы өтүп баратса да пенсия чегерилбей келет. Айыл өкмөттөгү 300 ардагер мамлекеттик кызматтарда иштеген үчүн айласын таап пенсия алат.

XS
SM
MD
LG