Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

"Чек арачы" журналисттер


Кыргыз-тажик чек арасы
Кыргыз-тажик чек арасы

Чек арадагы маселелерди иликтеген, жаңжалдарды чагылдырган кыргызстандык жана тажикстандык журналисттер Бишкекте үч күндүк атайын окуудан өтүштү.

Германиянын Deutsche Welle эл аралык телерадиокомпаниясынын академиясы эки өлкөнүн 20дай кабарчысына эки тараптуу кызматташуу, маалымат алмашуу, жаңжалдарды андан ары ырбатпагандай иштөө ыкмаларын үйрөттү. Иш-чарага Кыргызстан жана Тажикстандан атайын эксперттер, иш тажрыйбасы мол журналист-тренерлер чакыртылган.

Эки өлкө журналисттеринин башын бириктирген мындай иш-чара алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Окутуунун демилгечиси - Deutsche Welle академиясынын Борбор Азиядагы долбоорлорунун координатору Лидия Ранерд журналисттер өз ишин мыкты билген кесипкөй болсо, ынтымакты бекемдөөгө салымдарын кошо аларын айтты:

- Мындай иш-чаралар чек арадагы чыңалуунун бир топ жеңилдетүүгө шарт түзөт. Себеби журналисттин чек арадагы маселелерди чагылдырган ыкмасы, тили аймактагы элдин ой жүгүртүүсүнө таасир берет. Эгер журналист чек арадагы маселелердин жеңилдешине көмөктөшөм десе, аны жасай алат. Биз болгону эки өлкөнүн ушул маселени чагылдырган журналисттерине бейтарап, так, зыян келтирбей тургандай макала жасашына шарт түзүп берели дедик. Журналист чек аранын эки тарабындагы калктын уруш-талашсыз жашашы үчүн көп нерсе жасай алат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерде иштеген журналисттер көпчүлүк учурда бейтарап болбой, экинчи өлкөнүн же расмий адамдардын көз карашы, маалыматы камтылбаган материалдарга орун берет деген дооматтар бар. Же журналистиканын эл аралык эрежелерин сактабай, бир тарапты жактап, экинчи тарапты күнөөлөгөн макалалары менен элди козутуп койгон учурлары да кездешет дешет эксперттер.

Баткен районунун Көк-Таш айылы менен чектеш Тажикстандын Чорку айылында жашап, иштеген саясий баяндамачы Ниматула Мирсаидовдун айтымында, жергиликтүү калк үчүн журналисттердин сөзү өтө маанилүү.

- Кээде журналисттердин макалалары бир тараптуу, көбүнесе экинчи тарапты күнөөлөгөн маанайда даярдалып калат. Мындай окутуулардан кийин эки өлкөнүн, чек арадагы жарандардын мамилесине доо кетирбей тургандай материал жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Чек арада жашаган карапайым тургундар үчүн журналисттердин ар бир сөзү өтө маанилүү жана таасирлүү.

Эксперттердин белгилешинче, журналисттер качан гана чек арада жаңжалдар чыга калганда эмес, жөн-жай мезгилде да чыр-чатактарды алдын алуу багытында иштеши керек.

ЭЛТР коомдук каналынын Баткен облусундагы кабарчысы Уланбек Маккамбаев биринчи жолу уюштурулган иш-чара ушуну мене токтоп калбай, андан ары уланса, чек арадагы чыңалууну бошоңдотууга кыйла жардам болот эле деген ойдо.

- Тажик кесиптештер менен маалымат алмашып, журналисттик материалдарды ар тараптуу чагылдырууну үйрөндүк. Жаңжал учурунда гана эмес, тынч жашоо мезгилинде да тажик кесиптештер менен элдин достугун, ынтымагын чагылдырган материалдарды даярдоо зарыл. Азыркы учурда эки мамлекеттин журналисттеринин ортосунда жакшы байланыш, көпүрө түзүлдү.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешип, анын бир топ бөлүгү эки тараптуу такталбай, жазылбаган чек ара сызыгы боюнча турат. Чек арада жол, суу, жайыт, жер талаштан улам эки мамлекет жарандарынын ортосунда тез-тез чыр-чатактар катталып турат.

XS
SM
MD
LG