Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Чырлуу чек ара, бүтпөгөн жол


Тажикстандын чек арадагы Кожалы айылындагы жол. Ушул жол Баткендин Ак-Сай айылына, андан ары Ворух анклавына алып барат.
Тажикстандын чек арадагы Кожалы айылындагы жол. Ушул жол Баткендин Ак-Сай айылына, андан ары Ворух анклавына алып барат.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ишемби күнү кайрадан чыр чыгып, жол буулду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кечке жуук абал жөнгө салынып, жол ачылды.

Эбепке себеп болгон эгин талаа

Бул жолку чырга Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы үлүш жердеги эгин-тигинге кошуна тажик айылынын тургундары кол салышы себеп болду. Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен кыргызстандык дыйкандардын үлүш жерине тажик жарандары келип, эгилген жүгөрү жана башка жемиштерди жыйнай баштаган. Анан ортодо чыр чыгып, Тажикстандын чек арадагы Кожалы айылында тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаа менен бир жүк машинесинин айнектерин талкалап салган. Андан кийин ушул эле айылдын тургундары Ак-Сай айылына өтчү жолду бууп алышкан. Бул айылды аралап өткөн жол Баткендин Ак-Сай айылына, андан ары Тажикстандын Ворух анклавына барат.

Бул окуядан кийин Баткен жана Исфара (Тажикстан) райондорунун жетекчилери жолугуп сүйлөшкөн соң, тажик тарап кыргыз дыйкандарына келтирилген зыян үчүн 10 миң сом төлөп бермей болду. Андан сырткары, Кожалы айылында талкаланган кыргызстандыктардын унааларын да оңдоп берүүнү убада кылышты. Ушундан кийин гана жол ачылып, абал жөнгө салынды. Чек арадагы кырдаалды азыр чек арачылар менен милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Бул аймакты кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал быйыл жыл башынан бери татаалдашып турат. 10-июлда болгон соңку ок атышуудан кийин абал ого бетер курчуп кеткен.

Багы ачылбаган жол

Чек арадагы кырдаалдын курчушуна тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. Аталган жол курулуп баштаганда, быйыл январь айында тажик тарап ага каршылык көрсөтүп, ал кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу менен аяктаган.

Ошондон тарта жолду куруу иштери токтоп, тараптар аны жандантуу боюнча бир канча жолу макулдашты. Мындай сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде Бишкекте да, Дүйшөмбүдө да болгон. Акыры тараптар "мына эми келиштик, жол курулушу 10-июлда жанданат", - деп турганда дал ушул күнү чек арада дагы чыр чыкты. Бул күнү да Тамдык деген жерде эки өлкө чек арачылары атыша кетип, мындан улам эки күн жол тосулуп турду.

Андан соң аймакка кошумча күчтөр тартылып, коопсуздукка көз салып турушту. Бирок 26-июлда кошумча күчтөр аймактан чыгарылып, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылынын чегинде турган чек арачылар да алынган. Ушул күнү эле мурда чек арачылар турган жерден тажик жарандары аксайлык бир кыздын чөнтөк телефонун тартып алышты. Жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен кийинчерээк тажик тарап телефонду кайтарып берген.

Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев аймакта коопсуздукту кайтарып турган күчтөрдүн чыгып кетиши туура эмес болгонун, эл ичинде кайрадан кооптонгон маанай пайда болгонун айтат:

- Биздин коопсуздугубузду карап турган аскерлер баары чыгып кетишти. Тажик тараптан чыгып кеткени билинбейт. Биздин аскерлердин аймактан чыгып кеткенине биз нараазыбыз. Анткени дагы бир нерсе болуп кетсе өз убагында жетип келе албай калышат. Кооптуу жагдай кала берип жатат да.

Айланма жолдун курулушу болсо ошол бойдон дагы токтоп калды. Өткөн жумада дагы расмийлер жолду курулушу жанданаарын айтып, бирок иш башталган жок.

Аксайлык Зайнидин Дубанаев эми бул жолдун бүтөөрүнө эл да ишенбей калганын айтат:

- Июль айында башталышы керек эле бул жол. Бирок тажиктер чыр чыгарып, жолдун курулушу токтоп калды. Эми мына Айт майрамы өтсө баштайбыз деген, дагы деле башталган жок. Биз чоңдордун сөзүнө да ишенбей калдык.

Жергиликтүү тургундар ушу жол курулса эле чек арадагы жаңжалдар бир топ кыскарат эле деп үмүттөнүшөт. Жыл башынан бери эле кыргыз-тажик чек арсында майда-чүйдөлөрүн эске албаганда 30дан ашуун чыр-чатак катталган.

Көк-Таш - Ак-Сай айланма жолу чек арадагы кыргыз айылдарына тажик кыштактарын аралабай өтүүгө мүмкүндүк бермек. Кыргыз тарап буга удаа эле Тажикстандын Ворух эксклавына Баткендин Ак-Сай айылын айланып өтчү түз жол салып берүүгө макул болгон. Бул боюнча тараптар бир канча жолу макулдашкан. Бирок ага карабай улам бир чыр чыгып, эми минтип жолдун курулушу уланышы да арсар болуп турат.

XS
SM
MD
LG