Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Кыргыз-тажик чегинде дагы чыр чыкты


Кыргыз-тажик чек арасына топтолгондор. Баткен, 18-декабрь, 2013.
Кыргыз-тажик чек арасына топтолгондор. Баткен, 18-декабрь, 2013.

Баткенде Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жерде чыр чыгып, эки тараптан тең жол тосулду.

Баткендин Ак-Сай айылында кечээ (18-декабрда) чек арадагы жолго үч машина шагыл төгүлүп, жол тосулган. Мунун алдында 500 чакты тажик жараны да Ак-Сай айылын облус борбору менен байланыштырган жолду тосуп алган эле.

Окуя болгон жерде жүргөн аймактагы кабарчыбыздын айтымында, Ак-Сайдын 50 чакты тургуну түнү менен чек арадагы жолду кайтарды. Учурда бул жерде жүзгө жакын адам топтолуп турат.

Тажикстан тараптан да жол Октябрь айылынан тосулуп турат. Эки тараптын чек арачылары сүйлөшүп, бүгүн Ворухтун үч оорулуу тургунун Тажикстандын Исфара шаарына, Ак-Сайдын үч тургунун Баткен шаарына өткөрдү.

Кырдаалга эки тараптан тең чек ара аскерлери менен милиция кызматкерлери көз салып турат. Буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыкканы байкалбайт.

Чек арадагы чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн бүгүн аталган аймакта өкмөттүк деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүү өткөнү жатат. Бул сүйлөшүүгө кыргыз тараптан вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ катышмакчы.

18-декабрга караган түнү чек арадагы Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда тирешүү чыккан. Ага Тажикстанга жакын ээн жердеги кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылууда. Ушул тирешүүдөн соң жол жабылган.

Кечээ күндүзү чыр чыккан аймакта Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов, Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев жана Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков жолугуп сүйлөшкөн. Бирок эл жолду ачуудан баш тартып, өрт койгондор табылсын деп талап коюп жатышат.

Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов болсо “Азаттыктын” тажик кызматына бүгүн кечки саат бештерде Ак-Сайдагы кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү бүткөн соң кырдаал турукташып, чек арада жашаган адамдар үйлөрүнө тарап жатканын, жакынкы сааттарда жол ачылаарын билдирген эле.

- Биз жолугушуу учурунда эки тарап тең бул фактылар атайын структуралар тарабынан иликтениши керек деп макулдаштык. Бул окуяларга тиешеси барлар жазасын алышы керек. Кылмышкерлердин улуту жана диний ишеними жок. Биз эки тараптуу комиссия түздүк. Комиссия өз ишин баштады жана жыйынтыктарын айтат. Тажик тараптын пикиринде, бул окуялар атайын кандайдыр бир чагымчылдар тарабынан уюштурулуп жатат.

Бирок бул билдирүүдөн кийин да жол ачылган жок. Тараптар андан кийин да сүйлөшкөнүнө карабай абал өзгөрө элек. Бул сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын тобун баштаган өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев "Азаттыкка" азырынча жол ачылат деп айтуу эрте экенин билдирди.

Ак-Сай айылынын эли чайкананы өрттөгөндөрдү таап жазалоодон сырткары Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу маселесин чечүүнү да талап кылууда. Быйыл жазда кыргыз тарап бул жолду куруп баштаганда ворухтуктар каршылык көрсөтүп, иш токтоп калган. Анда да эки тарап тең жол тосуп, ташбараңдан адамдар жаракат алган, унаалар талкаланган. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, кырдаал жөнгө салынганы менен жол куруу маселеси чечилбей калган.

Тажикстандыктар жолдун курулушуна каршылыгын аймакта эки өлкөнүн чек арасы аныктала электиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргыз тарап жол чек арадан беш жүз метрдей бери, Кыргызстандын аймагы менен өтөөрүн жүйөө кылышкан. Канткен менен маселе өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүгө калтырылып, алиге чечиле элек.

Тажикстандын Ворух эксклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Анклавга барчу жол чек арадагы кыргыз айылдарын аралап өтөт. Ворухтун калкынын саны 30 миңден ашуун, жер тартыш, эл жыш отурукташкан. Анын жанындагы Баткендин Ак-Сай айылынын калкы да облус борборуна баруу үчүн Тажикстандын Ворухка чейинки эки-үч айылын аралап өтөт.

Аймакта чек аралар такталбагандыктан кошуна элдердин ортосунда жер-суу талаштарынан тез-тез чыр чыгып турат.

Жол тосулган жерден сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG