Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо кыйын жана узак


"Архивден": Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак, 18-апрель, 2011-жыл
"Архивден": Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак, 18-апрель, 2011-жыл

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр Бишкекте башталды. Жыл башында жанданган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар талаштуу аймактар боюнча мунаса табылганы айтылууда. Бирок чек ара аймагында жашаган тургундар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанбай жатышат.

Кыргыз-тажик чек ара тактоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев бир катар талаштуу жерлер боюнча мунаса табылганын “Азаттыкка” билдирди:

- 13-ноябрда Тажикстандын чек араны делимитация жана демаркация боюнча комиссиясы Бишкекке келген. Ошондон тарта иш жүргүзүп жатабыз. Азыр протокол каралып жатат. 1924, 1927 жана 1936-жылы түзүлгөн чек ара бөлүүлөр боюнча келишимдердеги алар өздөрүнүн далилдерин, биз өз далилдерибизди келтирип жатабыз. Азырынча тактоо максатында иштер жүрүп жатат. Өткөндө 60 километрге жакын жер жазылган. Бирок муну биздин Жогорку Кеңеш да, Тажикстандын Мажилиси да бекитип бере элек.

Жалпы узундугу 970 чакырымдан ашык болгон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда такталбаган 70тей аймак бар.

Эки жак эки документ карманууда

20 жылдан ашык убакыттан бери эки өлкө ортосундагы чек ара тактоо иштеринин өтө жай жүрүп жатканынын себебин чек ара иштери боюнча эксперт Саламат Аламанов мындайча түшүндүрдү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды териштирүү боюнча комиссия, 18-апрель, 2011-жыл
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды териштирүү боюнча комиссия, 18-апрель, 2011-жыл
- Эки жактын пикир келишпестиги чек араны тактоодогу документтерди аныктабагандыктын улам чыгууда. Ал документтер эки жакта тең эле бар. Бирок ушул документтер боюнча пайдалуу учурда пикирлер келишпей келе жатат. Кыргызстан тарап өз пикирин айтып, 1958-жылы иштеген комиссиянын негизинде тактоону кааласа, Тажикстан тарап 1924, 1927-жылы түзүлгөн улуттук жер бөлүштүрүү, чек ара түзүү боюнча документтерге таянгысы келет.

Саламат Аламанов жыл башынан бери иш жүргүзүп жаткан өкмөттөр аралык делегациялардын ишинен майнап чыгаарына ишенбейт:

- Мунасага келүүнүн өз жолу бар. Делегациянын деңгээлинде бул иш чечилбейт. Бул маселе саясий чечим кабыл алуу жолу менен чечилиши керек. Башкача айтканда, ушул ишке тиешелүү болгон мамлекеттеги жетекчилер Тажикстандын ошондой укукка ээ болгон жетекчиси менен саясий чечим кабыл алышы керек. Андан соң тиешелүү адистерге көрсөтмө бериши керек.

Ал арада Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарынын тургундары “кошуналар ичкери жылып келатат” деп коңгуроо кагууда. Баткендеги Самаркандек айылынын тургуну Абдимурат Байназаров Тажикстан менен талаштан улам коңшулар менен пикир келишпестиктер байма-бай болуп жатканын белгиледи:

- Жаз айларында тажиктер менен кыргыздардын ортосунда талаштар абдан эле күчөйт. Мисалы, Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында Кара деген жер бар. Мына ушул жер аябай талашка түшүүдө. Тажиктер көчөттөрдү тиксе, биздин күч кызматтар жулуп салып, эки өлкөнүн ортосунда талаш болду. Мындай талаштар абдан көп. Комиссия “иштеп жатабыз” деп жаз алды менен келген. Деген менен көзгө көрүнө турган жумуш деле аткарылган жок.

Кыргызстан сырткы чек араларын Кытай жана Казакстан менен биротоло тактап, бекитип бүткөн. 2010-жылы кыргыз бийлиги Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара боюнча бир да сүйлөшүү жүргүзгөн эмес. Бул сүйлөшүүлөр быйыл жанданды.

Кыргыз өкмөтүнүн чектеш аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды делимитациялоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Ош облусундагы Тажикстан чектешкен талаштуу аймактардын 80 пайызга жакыны такталып бүтсө, Баткен облусунда талаштуу жерлердин үчтөн бир гана такталган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG